Супер Max
СуперКүчүңүздү тандап алыңыз!



40 ГБ + 20 ГБ СУПЕРКҮЧ
интернет
УКМУШ TV
130 каналов50 мүнөт
КР башка моб. операторлорунаЧексиз
тармак ичинде чалуу жана SMS10 ГБ
тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга+ 2 СУПЕРКҮЧТҮ ТАНДОО

20 ГБ
интернетЯндекс Плюс
музыка, кино жана Яндекс таксиге арзандатуу
Онлайн-кинотеатр KYRGYZCHA
кино жана сериалдар кыргыз тилинде
Онлайн-кинотеатр PREMIER
Белгилүү мыкты тасмалар жана сериалдар10 мүнөт жана 1 ГБ роумингде
Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда690 c / 4 жумага
Кененирээк
Тарифти каалаган убакытта башкаргыла
Кошуу командасы: *555*6901#;
Пакеттерди текшерүү командалары: *505#, *604#.
Тарифтеги СуперКүч
СуперКүч - бул жаңы "Супер" тарифтериндеги кызмат, ал үчүн кошумча төлөөнүн кереги жок!
Сиздин тарифиңизде төмөндөгүлөрдүн ичинен 2 СуперКүчтү тандай аласыз:
• 20 Гб интернет;
• Яндекс Плюс жазылуусу;
• Үйдөгүдөй роуминг (Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда 10 мүнөт жана 1 ГБ);
• PREMIER же КYRGYZCHA онлайн-кинотеатрларына жазылуу;
«Супер Max» тарифинде демейки боюнча тандалган СуперКүчтөр жок. 2 СуперКүчтү өзүңүз тандап алууңуз зарыл.
СуперКүчтөрдү Мой Beeline тиркемесинде гана өзгөртүүгө болот.
СуперКүчтөр акциялык болуп саналат жана 31.03.2024-жылга чейин жарактуу, Оператор "Супер" тарифтик линиясынын учурдагы жана жаңы абоненттери үчүн
СуперКүчтөр санын жана түрлөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
"Супер" тарифтик пландарында СуперКүчтөрдү берүү деген:
• «Супер Max» тарифтик планынын абоненти СуперКүчтөрдү оператор тарабынан белгиленген мөөнөтүнүн ичинде тандай алат.
• Тарифке ылайык абоненттик төлөм өз убагында төлөнгөндө СуперКүчтөр эч кандай кошумча төлөмсүз жеткиликтүү.
Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү жана бардык СуперКүчтөр күйүп кетет.
Тарифте СуперКүчтөрдү кошуу боюнча толук нускама: bit.ly/m4nu3l.
Яндекс плюс:
Яндекс плюс платформасындагы трафик сиздин тарифиңиздин негизги интернет топтому боюнча сарпталат.
Жазылуу мөөнөтү тарифтик топтомдор менен бирдей.
Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?
Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw.
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg.
Онлайн кинотеатр KYRGYZCHA:
KYRGYZCHA - смотрите фильмы и сериалы без рекламы на кыргызском языке. Получите доступ к библиотеке фильмов и
сериалов в высоком качестве. Свыше 500 часов зарубежных фильмов + пополнение каталога каждый месяц.
Онлайн-кинотеатр PREMIER:
PREMIER - известные топовые фильмы и новинки, российских фильмов и сериалов. Смотрите на смартфоне, ноутбуке и телевизоре.
Үйдөгүдөй роуминг:
Үйдөгүдөй роуминг СуперКүчү иштетилгенде, абоненттер үчүн Роуминг кызматы (негизги тарификация) автоматтык түрдө кошулат.
Роуминг боюнча суперкүч менен Россия, Казакстан жана Өзбекстанда акысыз чалуулар жана интернет.
Сизге 1 Гб интернет, кабыл алуучу өлкө ичинде жана КРга Beeline номерлерине багытталган чыгуучу чалуулар жана бардык кирүүчү чалуулар үчүн 10 мүнөт жеткиликтүү.
Топтомдун калдыгын Mой Beeline тиркемесинде көрүү мүмкүн.
Акысыз топтом аяктагандан кийин, суткасына 199 сомдук «Үйдөгүдөй роуминг» кызматынын шарттарына ылайык тарифтештирилет – 30 мүнөт жана чексиз интернет (1 Гб жогорку ылдамдыкта камсыздалат, андан кийин ылдамдык 128 Кб/с чейин болот).
Сиз сүйлөшкөндө же интернетти колдонгондо гана төлөйсүз. Топтомдун калдыгын текшерүү: *780*1#, Mой Beeline.
Роумингдеги башка аракеттер «Роуминг» кызматынын же башка активдүү роуминг кызматтарынын (приоритеттүүлүгүнө жараша) шарттарына ылайык тарифтештирилет.
Кененирээк https://beeline.kg/ky/roaming.
Үйдөгүдөй роуминг СуперКүчү иштетилгенде, абоненттер үчүн Роуминг кызматы (негизги тарификация) автоматтык түрдө кошулат.
СуперКүч Россия Beeline, Казакстан - Beeline; Өзбекстан - Unitel тармагын тандоодо жарактуу.
Интернетте тегеректөө кадамы 100 Кб.
Чалууларды тегеректөө кадамы 1 мүнөт.
Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?
Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg
Негизги пакет бүткөн учурда
Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Негизги топтом аяктагандан кийин интернетке үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» тарифтик пакети 20,30 же 40 сомго берилет.
Пакеттин мөөнөтү - 24 саат.
Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, Интернетке кирүү аракети болгон учурда, тарифке кийинки абоненттик төлөмдү алуу датасы келе элек болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.
Негизги интернет-топтом аяктаган соң, төмөнкү топтомдор жеткиликтүү болот:
∙ 1 Гб – 20 сом;
∙ 1,5 Гб – 30 сом;
∙ 2 Гб – 40 сом.
Бериле турган топтомдун көлөмү баланстагы жеткиликтүү суммага жараша болот.
Тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго башка тармактарга 10 мүнөт пакети жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 3 күн. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет.
Бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүткөндө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калган учурда, тармактан тышкаркы чалуу аракети болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.
Баланс 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
"Тармактан тышкары 10 мүнөт" жана "Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун чыгарууну өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.
Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.
Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса
Эгерде балансыңызда тарифтин шарттары боюнча абоненттик төлөм алынуу үчүн жетиштүү каражат болбосо, жана Сиз ар дайым байланышта болууңуз үчүн, күн сайын баланстын абалына жараша, түйүн ичиндеги мүнөттөр, SMS жана тармактан тышкары мүнөттөр, SMS топтомдору, ошондой эле бир суткага интернет-топтом берилет, эгерде баланс:
1. 40 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 40 сом алынып, күнүмдүк 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт, 500 SMS жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS берилет;
2. 40 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакет берилет.
Пропорционалдык пакеттердин чыгарылышын аныктоонун механикасы:
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ, жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS күнүнө 40 сомго берилет - бул 100%.
Мисалы, Абоненттин балансында 24 сом болсо, пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттерин кантип эсептесе болот:
40 сом – 100%
24 сом – X?
24 сом * 100% / 40 сом = 60%
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS – 100%
X мүн, X SMS, X МБ жана тармактан тышкары X мүн, X SMS – 60%
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ, жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS * 60% / 100% = 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ жана тармактан тышкары 3 мүн, 6 SMS.
Ошондо, 24 сом эсептен чыгарылып, Абонентке пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакети берилет: 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ жана тармактан тышкары 3 мүн, 6 SMS берилет.
Кайрадан 4 жумалык төлөмгө кайрылуу үчүн балансты 700 сомдон жогору толуктоону сунуштайбыз.
Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кенсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл. Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.
Пакеттер түгөнүп калса же күнүмдүк абоненттик төлөм алынбаса
Beeline KG тармак ичинде чалуулар - 1.14 сом/мүн;
КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 3 сом/мүн;
КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн;
КР ичинде SMS - 1 сом;
КРнын орнотулган номерлеринен 07755, 07759, 0312 455ххх жана 0312 456ххх префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн.
Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же башка кошумча интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.
Эл аралык чалуулардын жана SMS жөнөтүүлөрдүн баасы расмий прайс баракчага жараша эсептелет.
Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.
Баалар бардык салыктар менен эсептелген.
Кошумча маалымат
Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.
Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).
«Включай Больше», «жаңы Включай больше», «Gold», «Безлимит Platinum», «Бирге безлимит», «Бирге безлимит Premium», «Безлимит», «Роутер на 30 дней», «Бонус к роутеру», «Супер безлимит» тарифтеринен «Супер Max» тарифине өтүү – 60 сом.
Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.
Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.
Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.
Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.
P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.
Супер" тарифтерине кошулуу акциялык болуп саналат жана 31.03.2024-жылга чейин созулат.