www.beeline.kg сайтында “Жеке кабинетте” өзүн өзү тейлөө системасын пайдалануу шарттары
“Жеке кабинеттин” өзүн өзү тейлөө системасын колдонуунун бул шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылы 17-февралдагы №97 токтому, Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга” мыйзамы жана башка КР аймагында байланыш кызматын көргөзүү тартибин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылар менен бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көргөзүү эрежелерине ылайык иштелип чыкты. www.beeline.kg сайтында “Жеке кабинетте” өзүн өзү тейлөө системасынын Ушул Колдонуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Оператор менен Абоненттин ортосундагы байланыш кызматын көргөзүүгө түзүлгөн Келишимдин шарттарында Байланыш оператору менен «Скай Мобайл» ЖЧКнын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
1. Терминдер жана аныктамалар.
Оператор - «Скай Мобайл» ЖЧК - өзүнүн электр байланышы тармагындагы ишмердүүлүгүн КР мыйзамдарына жана ага берилген лицензиялардын шарттарына ылайык жүргүзгөн Beeline товардык белгисинин алдындагы байланыш оператору.
Абонент - Оператор байланыш кызматтарын көргөзүү туурасында түзүлгөн келишимдин шартында абоненттик номерлерди берген жана байланыш кызматтарын көргөзгөн физикалык жак, жеке ишкер же юридикалык жак.
Жеке кабинет - Оператор тарабынан Абонентке Жеке кабинет аркылуу көргөзүлгөн, Оператордун www.beeline.kg веб-сайтында Жеке кабинет аркылуу көргөзүлгөн кызматтар менен сервистерди башкаруу жана өзүн өзү тейлөөнүн автоматташтырылган WEB-интерфейс системасы, ал аркылуу абонентке www.beeline.kg сайтындагы Жеке кабинетте катталуу процедурасынан кийин Интернет тармагы аркылуу өзүнүн номериндеги (номерлериндеги) кызматтарды жана тейлөөлөрдү башкаруу мүмкүнчүлүгү берилет. Номердеги кызматтарды жана тейлөөлөрдү башкаруу дегенде номерден кызматтарды, анын ичинде кошумча акы төлөөчү кызматтарды туташтыруу/өчүрүүнү, тарифтик планды өзгөртүү, номердин балансын текшерүү жана толуктоо, туташтырылган пакеттерди жана кызматтарды текшерүү, колдонулган кызматтар боюнча маалымат алуу, ошондой эле Жеке кабинетте жеткиликтүү болгон башка аракеттерди аткаруу дегенди түшүнүү керек.
Абоненттик түзмөк - байланыш тармагына туташтырылган, Android, iOS, Windows Phone тарабынан берилген операциялык системасы менен смартфон же планшет түрүндөгү байланыштын техникалык каражаты, ал абонентке жана Оператордун кыймылдуу байланыштын радиотелефон системасына бири-бири менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Сыр сөз - Абоненттин www.beeline.kg сайтындагы Жеке кабинетине кирүү үчүн сандык код
Логин - Абоненттик абоненттик номери менен шайкеш келген абоненттик идентификатору, ал Абонентке Оператор тарабынан, абоненттик Жеке кабинетинде катталуусу/авторлошуусу үчүн кызмат кылган Beeline байланышын көргөзүү туурасында келишимге ылайык бөлүнүп берилет.
Абонент - Оператор менен түзүлгөн Байланыш кызматын көргөзүү туурасында келишимдин шартында, Beeline номерин колдонгон жеке жак, жеке ишкер же юридикалык жак.
Катталуу (же Авторлошуу) - Абонент тарабынан Оператордун www.beeline.kg сайтында Жеке кабинетти колдонууга жеткиликтүүлүк алуу максатында логинди жана сыр сөздү киргизиши.
Өздүк кабинетке катталгандан кийин абонент өз алдынча персоналдык сыр сөздү (сандардын комбинациясы түрүндөгү) орнотууга укуктуу, ал абоненттик Жеке кабинетке андан ары авторлоштуруусун жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Оператордун сайты - Оператордун төмөнкү дареги боюнча расмий веб-сайты: www.beeline.kg.
Абоненттик персоналдык маалыматтары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана байланыш көргөзүү келишимине ылайык, персоналдык мүнөздөгү маалыматка кирген маалыматтар.
2. Жалпы жоболор
2.1. Жеке кабинет аркылуу Абонентке Интернет тармагы аркылуу өз номеринде кызматтарды жана тейлөөлөрдү башкаруу мүмкүнчүлүгү берилет. Номердеги кызматтарды жана тейлөөлөрдү башкаруу дегенде номерден кызматтарды, анын ичинде кошумча акы төлөөчү кызматтарды кошумча кызматты активдештирүү жана деактивдештирүү үчүн команданы (жеткиликтүүлүк коду же USSD сурам) терүү жолу менен туташтыруу/өчүрүүнү, тарифтик планды өзгөртүү, номердин балансын текшерүү жана толуктоо, туташтырылган пакеттерди жана кызматтарды текшерүү, колдонулган кызматтар боюнча маалымат алуу, ошондой эле Жеке кабинетте жеткиликтүү болгон башка аракеттерди аткаруу дегенди түшүнүү керек. Жеткиликтүү кызматтардын жана сервистердин тизмеси Жеке кабинетте көргөзүлгөн, алардын баасы жана колдонуу шарттары Оператордун www.beeline.kg расмий веб-сайтында берилген Жеке кабинетке жетки Абонентке Оператордун сайтындагы Жеке кабинетке катталгандан/авторлошкондон кийин берилет.
2.2. Ушул Эрежелердин 2.1. Пункттарында көргөзүлгүн кызматтарга тапшырык берүү менен, Абонент аларды туташтыруу жана колдонуу шарттары менен, баасы жана аларды тарификациялоо тартиби менен таанышканын жана макул экенин билдирет, жана Абонент тарабынан Логин жана Сыр сөздү (кодду) колдонуу менен түзүлгөн бардык көрсөтмөлөрү, буйруктары, арыздары, макулдашуулары өз колу менен кол коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документтерге теңдешет, жана тийиштүү юридикалык кесепеттерге алып келет. Код Логин жана Сыр сөз менен айкалышканда же өзүнчө болгондо, өз колу менен кол коюунун аналогу деп таанылат (жөнөкөй электрондук кол тамга).
2.3. Абоненттин Жеке кабинетти колдонуу менен кызматтарды жана сервистерди башкаруу боюнча бардык аракеттери, тарифтик пландын шарттарын өзгөртүү, кошумча акы төлөөчү кызматтардын шарттарын өзгөртүү менен байланыштуу жана Оператор менен түзүлгөн Байланыш кызматын көргөзүүгө болгон келишимдин жоболорун тийиштүү өзгөртүү/толуктоо болуп саналат.
2.4. Оператор тарабынан “Жеке кабинет” өзүн өзү тейлөө системасынын өнүгүүсүнө жараша, Абонент үчүн жеткиликтүү кызматтардын тизмеси Оператор тарабынан Жеке кабинетте өзгөртүлүшү мүмкүн. Эрежелердеги өзгөртүүлөр аларды Оператордун расмий веб-сайтына жаңы редакциясында жайгаштыруу жолу менен таанышуу үчүн жеткиликтүү болот. Абонент тарабынан буга окшогон бардык өзгөртүүлөрдөн кийин жеке кабинетти андан аркы колдонуусу Абоненттин мындай өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор менен макулдугун билдирет. Абоненттин бул Эрежелердин шартында өзгөрүүлөрү же өзүн тейлөө системасынын функционалынын өзгөрүшү менен макул болбогон учурда, Абонент аны колдонууну токтотуп коюуга укуктуу. Жеке кабинетти колдонууну жаңылануу киргизилген өзгөртүүлөр менен Абоненттин макулдугун тастыктаганын билдирет.
2.5. Кызматтарды башкаруу кызматы Абонент тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана колдонула алат. Анын укукка каршы аракети учурунда, Оператор Абонентке билдирүүсүн, анын кызматтарга болгон жеткисин жабуу укугун өзүнө алат.
2.6. Абонент Жеке кабинетти кирешени алуу максатында жана коммерциялык максаттарда колдонула албайт жана Абонент тарабынан Келишимдин жана бул Эрежелердин шарттарында Оператордун байланыш кызматтарын колдонуу алкагында пайдаланылат.
2.7. Өздүк кабинетти колдонгону үчүн акы алынбайт. Кыргыз Республикасы боюнча Beeline тармагындагы Өздүк кабинет тарабынан генерацияланган интернет трафик төлөнбөйт. Роумингде (тармак ичиндеги жана эл аралык) трафик Оператордун тарифтерине ылайык төлөнөт. Опцияны, кызматтарды туташтыруу же жаңы тарифке өтүү тийиштүү тарифтик план жана Оператордун сайтында жайгаштырылган кошумча акы төлөөчү кызматтын шарттары менен аныкталат.
3. Өздүк кабинетти берүү жана пайдалануу тартиби
3.1. Оператордун сайтындагы Жеке кабинетке биринчи кирген учурда Абонент катталуу процедурасынан өтөт, ал төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
3.1.1. Абонент Жеке кабинеттеги атайын формага өзүнүн уюлдук телефонунун номерин толтуруу менен сыр сөз сурайт, жана жооп катары сыр сөз менен SMS-билдирүү алат. Логинди (өзүнүн уюлдук телефонунун номери) жана сыр сөздү киргизүү жолу менен, Абонент Жеке кабинетте катталат.
3.2. Жеке кабинетти колдонуу Абонентке анын номерине туташтырылган сервистерди жана кызматтарды башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
3.3. Жеке кабинетке жеткиликтүүлүк, Байланыш кызматтарын көргөзүү жөнүндө келишим аракетин токтоткон учурдан баштап токтойт. Ошондой эле Абонент көргөзүлгөн Келишим боюнча өз милдеттерин бузган учурда (анын ичинде байланыш кызматынын акысы үчүн карызын төлөбөгөнү үчүн) же ушул Эрежелердин жоболорунда каралган учурларда, Оператор тарабынан токтотулушу мүмкүн.
3.4. Абонент Жеке кабинетти пайдалануу максатында Интернетке жеткиликтүүлүк алуу үчүн өз эсебин өзү камсыздайт, ошондой эле үчүнчү жактардан өз жабдуусун коргойт, анда ал аркылуу Жеке кабинетке жана кызматтар менен сервистерди башкаруу жүргүзүлүшү мүмкүн. Абонент катталгандан/авторлошкондон кийин Жеке кабинетте аткарылган аракеттердин бардыгы Абоненттин өзү тараптан аткарылды деп саналат жана Абонент үчүнчү жак Абоненттик номеринен же абоненттик жабдуусунан Жеке кабинетке санкцияланбаган жетки аткаруу учурунда, өз алдынча жоопкерчилик тартат.
4. Жоопкерчилик
4.1. Абонент сыр сөздү жана/же логинди жоготкону үчүн жана/же үчүнчү жакка бергени үчүн жоопкерчилик тартат, жана Жеке кабинетке мындай үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүгү болгон учурда, Абонент сыр сөздү жана/же логинди жоготкону үчүн жана/же үчүнчү жакка бергендигинин натыйжасында келип чыккан бардык тобокелдиктер жана зыяндарды өзү төлөйт. Абонент тарабынан өзүнүн абоненттик түзмөгү жана/же номерин үчүнчү жакка пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген учурда, жана андан Жеке кабинетке кирүү бмүмкүн болсо жана Өздүк кабинетке кирүү үчүн алынган сыр сөздү алмаштырууга мүмкүн болсо, бул Операторду Жеке кабинетти үчүнчү жактар тарабынан санкцияланбаган колдонуучу үчүн кесепеттерден болгон жоопкерчиликтерден бошотуу үчүн шартсыз негиз болуп саналат.
4.2. Абонент өзүнүн абоненттик жабдуусун жөндөө боюнча тийиштүү чараларды өз алдынча көрүүгө ниеттенет, ал Жеке кабинет аркылуу үчүнчү жактардын кызматтарды жана сервистерди башкаруу жана өзүн өзү тейлөө системаларын санкцияланбаган колдонууга тоскоолдук бермек. Оператор мындай үчүнчү жактардын Жеке кабинеттердеги сервистерди санкцияланбаган колдонуусу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4.3. Кандай болгон шартта да Оператор оператордун тармагында. Оператордун өзүнүн сайтында жүргүзүлүп жаткан техникалык жана профилактикалык иштерге байланыштуу, ошондой эле Жеке кабинет жайгашкан Оператордун сайты менен туташууну орнотууга мүмкүн болбогон байланыш сеансындагы тыныгуунун натыйжасында Жеке кабинетинин ишинин үзгүлтүккө учурашынын натыйжасында, Жеке кабинеттин функцияларынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында же үчүнчү жактардын аракеттери аркасында Абонентке келтирилген түз жана кыйыр зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4.4. Бул Эрежелер менен түз каралбаган башка учурлардын баарында, Байланыш кызматтарын көргүзүү туурасында Келишимдин жоболору колдонулат.
5. Башка шарттар жана чектөөлөр.
5.1. Абонент тарабынан Өздүк кабинетте катталуу/авторлошуу боюнча ушул Эрежелеринде каралган аракеттерди аткаруусу жана Жеке кабинеттеги функционалды пайдалануусу, Абоненттин ушул Эрежелер менен жана анда камтылган чектөөлөр менен толук макул деп эсептелет.
5.2. Жеке кабинетке катталуу жана/же аны пайдалануу Абоненттин ушул Эрежелердин бардык жоболору менен макул экенин билдирет.
6. Жеке маалыматтарды топтоого, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдук
6.1. Абонент, бул Эрежелерди эркин кабыл алуу менен, өз аң сезими менен, өз эрки боюнча Операторго өзүнүн персоналдык маалыматтарын жана ага абонент катары таандык болгон маалыматтарды чогултууга, иштетүүгө, тутумдаштырууга, топтоого, сактоого, тактоого (жаңылоого, өзгөртүүгө), колдонууга, транс чек аралык берүүгө, жаксыздоого, блокко салууга, жок кылууга (автоматташтырылган жана иштетүүлөрдү автоматташтыруу каражаттарын колдонуусуз) макулдугун берет, бул маалыматтар Операторго ушул Келишимди түзүү учурунда жана жарактуу мөөнөтүнүн аралыгында белгилүү болгон жана жеткиликтүү болгон, жана Келишим боюнча оператор тарабынан көргөзүлгөн сурап билүүчү, маалыматтын жана башка кошумча кызматтарды көргөзүү максатында, ошондой эле абонентке Оператор тарабынан да, Оператор тийиштүү келишим түзгөн үчүнчү жактар менен да персонификацияланган сунуштарды, арзандатууларды, маалыматтык билдирүүлөрдү, маркетинг кызматтарын берүүгө жана абоненттин кызыкчылыгын жана керектөөлөрүн аныктоо жана болжолдоо максаттары үчүн колдонулат.
6.2. Абонент муну менен таанышты, макул жана абоненттин персоналдык маалыматтарды көргөзүү жана/же берүү (анын ичинде транс чек аралык берүү) зарыл болгон учурда, абоненттин Жеке кабинет кызматын үчүнчү жакка пайдаланууга берүүсүнүн, же үчүнчү жактарды кызмат көргөзүүгө тартуунун алкагында, Оператор абонент туурасында маалыматты, анын ичинде анын персоналдык маалыматтарын жана анын контакттарын зарыл болгон шартта, персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдын талаптарын аткаруу менен ачууга укуктуу.
6.3. Колдонуучу муну менен, ушул бөлүмдө каралган бардык макулдуктардын жарактуу мөөнөтү Эрежелердин акцепти күндөн башталаары жана абонент Жеке кабинет кызматын колдонуп баштаган убакыттын ичинде уланаарын жана аны токтоткондо күндөн кийин 3 (үч) жылга чейин жарактуу болоору менен таанышты. Абонент Оператордун сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылып, жазуу жүзүндөгү арызды берүү менен өз макулдугун кайра алууга укуктуу.
6.4. Бул макулдук электрондук документтин формасында чагылдырылган жана КР мыйзамдарында каралгандай, жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган учурда кол коюлду деп эсептелет, анын ачкычы болуп өздүк кабинетинде авторлоштуруу үчүн логин жана сыр сөз саналат, жана Оператордун сайтында жайгаштырылган Келишимде жана Оператордун купуялык саясатында көргөзүлгөн бардык персоналдык маалыматтарга карата аракеттенет, муну менен абонент таанышкандыгын жана макулдугун билдирет.
7. Башка жоболор
7.1. Бул Эрежелер менен түз каралбаган башка учурлардын баарында, Абонент жана Оператор Байланыш кызматтарын көргүзүү туурасында Келишимге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине таянып аткарылат.