Телефон номерин эмне үчүн каттатуу зарыл?

КРнын Министрлер Кабинетинин эрежелери бардык уюлдук операторлордун жаңы SIM-карталарын каттоого милдеттендирет.

Каттоо жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылат.

Номериңизди оңой башкарып, ал жоголгон учурда, калыбына келтире аласыз.

Каттоо процедурасы жөнөкөй, тез жана акысыз.

Кантип каттоодон өтүү мүмкүн?

  1. 1 Мой Beeline'ды жүктөп алып, бонус катары 2 ГБ алыңыз
  2. 2 Тиркеменин башкы бетиндеги «Каттоо» блогун басыңыз же «Дагы» бөлүмүндөгү «Каттоо» салмасын ачыңыз
  3. 3 Паспортуңуздун алдыңкы бетин сүрөткө тартыңыз
  4. 4 Паспортуңуздун арткы бетин сүрөткө тартыңыз
  5. 5 Маалыматтардын туура экенин текшериңиз
  6. 6 Паспортуңузду кармап, сүрөткө түшүңүз (селфи)
  7. 7 Абоненттик келишимди окуңуз
  8. 8 Сыр сөздү ойлоп таап, кол коюңуз
  9. 9 Өтүнмөнү жөнөтүңүз
  10. 10 Номер катталды!

«Мой Beeline» тиркемесинде каттоодон өтүңүз

Каттоодон өтүү*Номер ийгиликтүү катталган соң, 200 сом бир гана ирет берилет
QR code Камераны өзүңүзгө каратып, персонификациялоодон өтүңүз
Мой Beeline
*Номер ийгиликтүү катталган соң, 200 сом бир гана ирет берилет

Көп берилүүчү суроолор

Эмне үчүн мен каттоодон өтүшүм керек?

Закрыть Открыть

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан 2023-жылдын 25-сентябрында бекитилген жана 2024-жылдын 26 -мартынан тартып күчүнө кирген Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерине ылайык, SIM-картаны сатып алууда Номерди каттоо бардык уюлдук операторлордун абоненттери үчүн милдеттүү процедура болуп саналат.  

Тактап айтканда, бул номерге байланышкан өздүк маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу. Ошондой эле Сиз өз номериңизди толук кандуу башкарууга мүмкүнчүлүк аласыз жана SIM- карта жоголгон учурда аны оңой эле калыбына келтире аласыз.

Мен кантип каттоодон өтсөм болот?

Закрыть Открыть

Сиз номериңизди «Мой Beeline KG» мобилдик тиркемесиндеги "Каттоо" бөлүмүндө өз алдынча каттай аласыз. Колдонмону Google Play жана App Store акысыз жүктөп алууга болот. Ошондой эле, Сиз өздүгүңүздү тастыктаган документти алып, жакынкы сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылсаңыз болот. Биздин кызматкерлер сизге номерди каттоого жардам берет.

Мен каттоодон өтпөсөм эмне болот?

Закрыть Открыть

КРнын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жаңы эрежелерге ылайык, Кыргызстандагы уюлдук оператордун жаңы SIM-картасын сатып алганыңызда, номерди каттатмайынча байланыш кызматтарынан пайдалана албайсыз. SIM-карта активдештирилген учурда, номерди каттатуу үчүн зарыл болгон кызматтар гана жеткиликтүү болот.
Эгер абонент номерди каттатпаса, ийгиликтүү каттатуу боюнча шарттарды аткарбаса, жана/же Beeline SIM-картасын сатып алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде аны активдештирбесе, анда Оператор абоненттен бир SIM-карта үчүн номердин балансынан 50 сом алууга укуктуу болот.

Менде SIM-карта бар, бирок каттоодон өткөн жокмун. Мен уюлдук байланыш менен колдоно аламбы?

Закрыть Открыть

Сиз уюлдук байланыш кызматын колдоно аласыз, бирок номериңизди толугу менен башкаруу жана жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Номерди өз атыңызга каттоо керек. Эгерде Сизде SIM-карта бар болсо, *142# буйрутмасын терүү менен каттоо Статусуңузду текшере аласыз. Жооп катары SMS-билдирүү келет, анда номердин ээсинин баш тамгалары көрсөтүлөт. Эгерде алынган маалыматтар туура эмес болсо, анда жакынкы офиске барып, өздүгүңүздү тастыктаган документ менен номерди өзүңүзгө каттатышыңыз керек.

Менин жеке маалыматтарым кайда барат?

Закрыть Открыть

Номерди каттоодо алынган маалыматтар байланыш операторунун маалыматтар базасына киргизилет. ISO/IEC 27001 эл аралык стандартына ылайык Beeline Кыргызстан персоналдык маалыматты жогорку деңгээлде коргоону камсыз кылат.

Мен 16 жашка чыга элекмин жана паспортум жок болсо, номеримди кантип каттайм?

Закрыть Открыть

Паспорту жок жашы жете элек абоненттер үчүн номерди ата-энеси же камкорчусу каттай алат.

Мен башка өлкөнүн жаранымын, SIM-картаны кантип каттасам болот?

Закрыть Открыть

Номерди өздүгүн тастыктаган документ менен (ички же чет элдик паспорт) Beeline жакынкы кеңсесине баруу менен өзүңүзгө каттай аласыз.

Өзүмө канча номер каттасам болот?

Закрыть Открыть

Чектөөлөр жок. Жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугу үчүн сиз колдонгон номерди өз атыңызга катташыңыз керек. Сиз ата-эне же камкорчу болгон жашы жете элек балдарды кошпогондо, үчүнчү жактардын номерлерин өзүңүзгө каттоо жагымсыз жагдайларга алып келиши мүмкүн.

Телефон тиркмелерди колдобосо, SIM-картаны кантип каттоого болот?

Закрыть Открыть

Эгерде сиздин телефонуңуз мобилдик тиркемелерди колдобосо жана өз алдынча каттоо үчүн  Мой Beeline тиркемесин орнотуу мүмкүн болбосо, жакынкы сатуу жана тейлөө кеңсесине өздүктү тастыктаган документ менен кайрылыңыз, биздин кызматкерлер Сизге номерди каттоого жардам берет.

https://beeline.kg/ru/aidana