Beeline’да
стажировка
Стажерлор – биздин компаниянын маанилүү бир бөлүгү. Биз кызматкерлерди өзүбүздүн билимибизди, тажрыйбабызды жана технологияларыбызды колдонуу менен өстүрөбүз
Вакансиялар менен таанышууКимди издеп жатабыз
Биз төмөндөгү талаптарга ылайык келген стажерду издеп жатабыз:
Жакшы билим базасына ээ жана ыктуу
Тез жана оңой үйрөнгөн
Ишке терең умтулган
Проактивдүү, сонун идеяларды сунуш кылган
Жамаат ичинде иш алып барууну билген
Максаттарды жана талаптарды угуп, түшүнө билген
Биз сунуштайбыз
Реалдуу долбоорлор жана процесстердеги уникалдуу тажрыйба, мыкты жамаат ичинде стажировка
Штаттык кызматка биринчи талапкер болуу мүмкүнчүлүгү
Акысыз уюлдук байланыш
Эмгек акы (биздин стажировкабыз төлөнүп берет)
Стажировка мөөнөтү 3 айдан башталат
Беш күндүк иш графигин окуу менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү (жеңил окуу графигине ээ же сырттан окугандар үчүн
Стажировкадан өтүү этаптары
Вакансияга жооп берүү
Учурдагы актуалдуу стажировкалар бөлүмүн карап чыгып, өзүңө ылайыктуусун тандап, резюмеңди жибер!
Кароо
Сенин резюмең тиешелүү бөлүмдүн жетекчиси жана жамааты тарабынан жакын арада каралат.
Маектешүү
Эгерде резюмең талапка жооп берсе, биз сен менен байланышып, маектешүүгө чакырабыз. Айрым кызматтар үчүн тесттик тапшырманы аткаруу зарыл.
Кербайланыш
Биз макулдашылган убакыттын ичинде сен менен кайрадан байланышып, суроолоруңа кубаныч менен жооп беребиз. Тартынбастан, биз менен байланышта бол.
Вакансиялар азыр тилеке каршы жок