Негизги мазмунга өтүү
image
image
image
image
Сатып алуулар

Сатып алуулар

Сатып алуулар

«Скай Мобайл» ЖЧК – Кыргызстандагы Beeline соода маркасы – төмөнкү сатып алуу иш чараларынын алкагында кызматташууга чакырат:

Урматтуу өнөктөштөр, эгер бул иш-чарага катышуу үчүн өз кызыкчылыгыӊызды билдиргиӊиз келсе, биздин компаниянын дарегине берилген күңгө чейин арыз катын жиберүүӊүздү суранабыз. Арыз каты эркин түрдө түзүлүп, төмөнкү маалыматтарды камтыш керек: компанияңыздын дареги, телефон номери жана электрондук почтасы, жооптуу менеджердин аты жана байланыш маалыматтары.
Ошондой эле арыз катына сиздин жетекчиңиздин колу коюлган «Жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимин» тиркөө зарыл.
Катыӊыздын темасы сөзсүз түрдө сатып алуу иш-чарасынын атын камтыш керек.

Келген арыздардын негизинде катышуучулардын тизмеги түзүлүп, сиздин компаниянын дарегине сатып алуу иш-чарасынын алкагында коммерциялык жана техникалык сунуштарыӊызды баалоо жана сунуштоо үчүн керектелген документтердин толук тизмеси жөнөтүлөт. Иш-чарага «Жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимине» кол койгон компаниялар гана чакырылат.

ООО «Скай Мобайл» (ТМ Beeline) өз ишмердүүлүгүндө чынчылдык, ачыктык жана акыйкаттык принциптерин жетекчиликке алат, ошондой эле сатып алуу процесстерин жүргүзүүдө ич ара аракеттешүү принциптерин сактайт. Биз өнөктөштөрүбүзгө керектүү актуалдуу маалыматтарды өз убагында бергенге жана толук жооп кайтарууга аракеттенебиз.