Beeline Кыргызстанда туруктуу өнүгүү

Технологиялар аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтебиз

Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби

Beeline Кыргызстандын ишмердүүлүгү айлана-чөйрөнү сактоо, социалдык инвестицияларга салым кошуу жана корпоративдик башкаруунун мыйзамдуу формасын колдоо сыяктуу калктын социалдык муктаждыктарына оң таасир этүүгө багытталган. Баалуулуктарга негизделген биздин мамилебиз ишенимди бекемдөөгө жана кардарларга, кызматкерлерге, коомчулуктарга жана акционерлерге пайда алып келген жоопкерчиликүү жана туруктуу бизнести курууга өбөлгө түзөт.

"Биз БУУнун 17 ТӨМүн колдойбуз. Алардын көбү бизнесибиздин өзөгүн түзөт: Сапаттуу билим берүү (4), Гендердик теңчилик (5), Кымбат эмес жана таза энергия (7), Индустриялаштыруу, инновациялар жана инфраструктура (9), Теңсиздикти кыскартуу (10), Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк (17). Мындан тышкары, биздин экинчи даражадагы максаттарыбыз да бар, жана биз аларды долбоорлорубуз аркылуу ишке ашырууга умтулабыз: Жакшы ден соолук жана бакубатчылык(3), Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш (8), Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар(11), Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш (12), Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү (13)."

Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби
  • Экологиялык таасир (Environment)
  • Социалдык инвестициялар (Social)
  • Корпоративдик башкаруу (Governance)
Экологиялык таасир (Environment)

Биз айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди азайтууга жардам бере турган эффективдүү процесстерди курууга умтулабыз.

Бул багыттын максаты ̶ энергияны үнөмдөө багыттарында ар түрдүү демилгелерди ишке ашыруу аркылуу жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү түрдө пайдаланууга жана айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтууга өбөлгө түзүү... Максат

Социалдык инвестициялар (Social)

Биз жаш муундун муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга, ошондой эле өлкөнүн буткул калкы үчүн каралган социалдык демилгелер аркылуу инклюзивдик коомду түзүүгө умтулабыз.

Бул багыттын максаты ̶ биздин кардарлар, өнөктөштөр, кызматкерлер жана бүтүндөй өлкө үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган, компаниянын негизги ишинин контекстинде эффективдүү чечимдерди киргизүү. Максат

Корпоративдик башкаруу (Governance)

Эл аралык компания катары биз дүйнөлүк укуктук нормаларды жана стандарттарды сактоого, жана компаниянын ичинде да, өнөктөштөрүбүзгө карата да бизнес этикасынын принциптерин колдонууга умтулабыз.

Бул багыттын максаты ̶ мыйзамдуу ишмердүүлүк үчүн зарыл шарттарды түзүү, бул маданиятты үзгүлтүксүз сактоо, ошондой эле белгиленген мыйзамдарды бузууларды толугу менен четке кагуу. Максат

Маалымат берүү. БУУнун Эл аралык календары

Beeline Кыргызстан күн сайын БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн иштеп келет. Бирок ал максаттарды ийгиликтүү аткарууга жакындоо үчүн, биз саясатты тийимдүү түрдө бирге ишке ашырууга тийишпиз. Ошол себептен, туруктуу өнүгүүгө карай биринчи кадам ̶ калк арасында кеңири маалымат таратуу, социалдык жардамга муктаж болгондорго жана аларга жардам көрсөтө алгандарга көйгөйлөр жана ал көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берүү. Ошентип, БУУнун Эл аралык календары маанилүү ресурс болуп саналат. Ал маанилүү коомдук маселелерди жана глобалдык көйгөйлөрдү чагылдырат, ошондой эле адамзаттын жетишкендиктерин даңазалайт жана бекемдейт. Ар бир эл аралык күн, коомду тынчсыздандырган, күндүн темасына байланыштуу маселеге көңүл бурууга, аны иш-чара уюштуруу аркылуу чечүү үчүн салым кошууга мүмкүндүк берет. Эл аралык күндөрдү жана глобалдуу көйгөйлөрдү чагылдыруу, ошондой эле социалдык таасир боюнча долбоорлорду ишке ашыруу менен, Beeline Кыргызстан IT жана телеком рыногунда ESG лидеринин ролун алууга, ошону менен Кыргызстандагы бизнеске үлгү көрсөтүү жана туруктуу өнүгүү саясатын кеңири жайылтууга умтулат.

БУУнун Эл аралык календары

Медиафайлдар

Новогодний Beeline экспресс
Beeline экспресс посетил разные города Кыргызстана
В школах Баткена открылись компьютерные классы от Beeline
Праздничные концерты от Beeline на юге Кыргызстана
Праздничные концерты от Beeline на юге Кыргызстана 2
Открытие коворкинг-центра от Beeline в Караколе
https://beeline.kg/ru/aidana