Бул колдонмону жүктөп!

My Beeline колдонмосу калкыма

Орусиядагы операторлордон акча каражатты Beeline Кыргызстан номерине которуу

Эми «МТС», «Мегафон», «Билайн» жана  «Tele2» россиялык абоненттери өзүнүн жакындарынын же досторунун – Beeline абоненттеринин мобилдик эсебин бир чыкылдатуу менен жеңил жана оңой эле толтура алышат. «МТС», «Мегафон», «Билайн» же «Tele2» кардарлары өзүнүн россиялык номурунун эсебинен 15 000 сомго чейин сумманы кайсы болбосун убакытта жайгашкан жерине карабай которо алышат. Бул үчүн https://www.mobi-money.ru/  «МОБИ.Деньги» төлөм системасынын баракчасына кирип же 3116 номуруна рубль менен көрсөтүлгөн толтуруу суммасы менен SMS жөнөтүү жетиштүү.  

Beeline мобилдик байланыш кызматтарын төлөө үчүн «МТС», «Мегафон», «Билайн» же  «Tele2» абоненти өзүнүн мобилдик телефонунан смс аркылуу балансын толтура алат:
1. 3116 номуруна төмөнкүдөй текст менен (мисал) SMS* жөнөтүү:
99677ХХХХХХХ 100 же
99694ХХХХХХХ 100
996312XXXXXX 100
99622XXXXXXX 100

бул жерде: 77ХХХХХХХ – эсепти толтуруу үчүн номур;
100 – рублдар менен сумма.
Которуу суммасы бүтүн сан катары бош орун, чекит же үтүр жок рублдар менен көрсөтүлөт. 
2. Оператордон  рублдар менен  эсептен чыгаруу суммасы жөнүндө маалымат жана  төлөө менен макулдукту тастыктоо суранычы менен SMS-билдирүүнү алуу .
3. Төлөмдү тастыктаган жооп SMS-билдирүүнү жөнөтүү. 
4. Төлөнгөн кызматты жана эсептен чыгарылган сумма менен жооп SMS-билдирүүнү алуу. 

«МТС» кызмат көрсөтүү шарттары (https://pay.mts.ru/webportal/terms-account)< /p>

«Мегафон» кызмат көрсөтүү шарттары (https://moscow.megafon.ru/download/~federal/oferts/oferta_m_platezhi.pdf)

«Билайн» кызмат көрсөтүү шарттары (http://static.beeline.ru/upload/contents/427/Oferta-vk-mob-platej-09-06-2015.pdf)

«Теле2» кызмат көрсөтүү шарттары (https://market.tele2.ru/offer/)


Көңүл бургула:
Акча каражаттары Beeline абонентинин негизги эсебине которулат.   
Валютанын алмаштыруу Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын  которуу учуруна карата курсу боюнча жүргүзүлөт.  Алмаштырууда которуу суммасынын 2,5% алынат.
«МТС», «Мегафон», «Билайн»  же  «Tele2»   мобилдик номурларынан Beeline мобилдик номуруна  акча каражаттарын которууда  кошумча 5% өлчөмдө комиссия эсептен чыгарылат.  
Комиссия кошумча номурдан  төмөнкү учурлар сыяктуу учурларда эсептен чыгарылат:
Эгер сиз Beeline абоненттеринин номурун  «Мегафон» номурунан 100 рубль суммасында толтуруп жатсаңыз, анда тастыктоочу смс-билдирүүдө 105 рублду эсептен чыгаруу жөнүндө сурам келет. 

Кантип төлөө керек?

Баланска каражат салууда абонент төмөнкү маалымат көрсөтүлгөн билдирме толтурат:

  • төлөм жүргүзүү күнү;
  • төлөм кириштеле турган телефон номуру;
  • төлөөчүнүн Ф.А.А. же мекеме;
  • төлөмдүн суммасы.

Билдирмеге кол койгондон кийин кассирге берүү керек. Кассир төлөмдү системада каттайт, абонент болсо бир нече мүнөт аралыгында эсебине каражат кириштелгенин ырастаган  SMS-билдирүү алат.

Кассир абонентке төлөм  кабыл алынганын ырастаган дүмүрчөк берет. Дүмүрчөктө транзакциянын өзгөчө коду, төлөм жүргүзүлгөн күн жана сааты, телефон номуру жана төлөмдүн суммасы көрсөтүлөт.

Дүмүрчөк төлөмдүн расмий ырастамасы болуп эсептелет. Талаш учурларда дүмүрчөкту көргөзүү менен гана төлөмдү тууралоого болот.

Көңүл буруңуз! Алдын ала төлөө системасынын абоненттеринин балансын 15 000 сомдон ашуу толуктоо мүмкүн эмес.

Кириштөөнү кантип текшерсе болот?

Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин бир нече мүнөт ичинде абонент Beeline номурунан эсебине каражат кириштелгени жөнүндө SMS алат.

Балансынызды *102#чалуу командасын терип билсеңиз болот.

Кайдан төлөөгө болот?

 

Бул жерлерден өз балансыңызды комиссиясыз толуктай аласыз: 

Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселери

«БАКАЙ БАНК» ААК жана «Оптима Банк» ААК банк бөлүмдөрү

Төлөмдөрдү кабыл алуунун точкалары

 

Чет өлкөдөн төлөм

Beeline «Чет өлкөлүк төлөм» – Россия, Казакстан жана Тажикстандагы досторуңуз жана жакындарыңызга Сиздин  Кыргызстандагы Beeline эсебиңизди толуктап коюуга мүмкүнчүлүк берүүчү уникалдуу кызмат. 
 
Ошондой эле Сиз Кыргызстандын чегинен тышкары болгондо РФ, Казакстан жана Тажикстандын аймагында жайгашкан 37 000 төлөм кабыл алуу түйүндөрүнөн өз эсебиңизди же каалаган Кыргызстандагы Beeline абонентинин эсебин толуктай аласыз.

Кантип пайдалануу керек?

Ал үчүн өзүн-өзү тейлөө терминалдарын пайдалануу же төлөм кабыл алуу түйүндөрүнө кайрылуу жетиштүү.

Банк кассасы «Qiwi Банк»

Өзүн-өзү тейлөө терминалдары

«InterExpress»
«Sprint Net»
«Связной»
«Евросеть»
«QIWI»

Бардык терминалдар жана банк бөлүмдөрүнүн даректерин тиркелген тизмеден караңыз:

Россия Федерациясы

Казакстан Республикасы

Тажикстан Республикасы

Төлөмчүгө  конвертациялоо курсу жана кошумча  комиссиянын өлчөмү жөнүндө маалымат төлөм терминалдарынын экранында же банк кассаларында берилет.

Роумингде баланс толуктоо үчүн төлөм терминалдары  жана банк кассаларынан тышкары  абоненттер мурдагыдай эле  Кыргызстанда сатып алган Beeline төлөм карталарын пайдалана алышат.

Тоолуктоо боюнча кыйынчылыктар болгондо кайсыл жакка кайрылуу керек?

Эгер башка Beeline номеринин балансына акча толуктап алсаныз же оз номеринизге толуктаган каражаттар тушпой калса, 6611 линиясына кайрылыныз.

Beeline абоненттери учун чалуу акысыз.
 

beeline logo https://beeline.kg/ru/aidana