close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Тариф

Мамлекеттик

Бул тариф «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте, КРын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен иштелип чыккан.

40 Гб интернет

20 мүнөт КР башка тармактарына чалууларга

Чексиз тармак ичинде чалуу жана SMS

Акысыз Wi-Fi таратуу

Яндекс Плюс жазылуусу

Сиздин мамлекеттик кызматкер статусуңуз автоматтык түрдө текшерилет. Эгер ал тастыкталбаса, тарифиңиздин мөөнөтү бүтөөрүнө 30 мүнөт калганда, Сиз автоматтык түрдө «Бул 20 ГБ» тарифине которуласыз. Бул тууралуу бир күн мурда эскертүү аласыз.

250 c / 30 күнгө

Кененирээк

Тарифти башкаруу

Закрыть Открыть

«Мамлекеттик» тарифине Мой Beeline аркылуу гана кошулуу мүмкүн.

Топтомдун калдыктарын текшерүү: *505#, *604#.
оптомду мөөнөтүнө чейин жаңыртуу: *2200#.

Яндекс Плюс 'ту Мой Beeline тиркемесинде активдештирүү: https://bit.ly/m4ty  

Көп берилген суроолор

Закрыть Открыть

1. «Мамлекеттик» тарифинин кандай артыкчылыктары бар?
«Мамлекеттик» тарифи «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен иштелип чыккан. Ал атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн каралган.

2. «Мамлекеттик» тарифин кантип активдештирүү мүмкүн?
Mой Beeline тиркемеси аркылуу гана активдештирүү мүмкүн: Тарифтер → Атайын тарифтер → «Мамлекеттик» тарифи → Активдештирүү. Тутум Сиздин мамлекеттик кызматкер статусуңузду e-Kyzmat базасында автоматтык түрдө текшерет. Эгер Сиз тутумда катталган болсоңуз, тариф ийгиликтүү активдештирилет.

3. «Мамлекеттик» тарифи кимдерге жеткиликтүү?
Тариф «e-Kyzmat» тутумунда катталган, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иштеген жекелештирилген абоненттер үчүн гана жеткиликтүү: ИИМ, ӨКМ, Коргоо министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги, салык, бажы, сот жана муниципалдык органдардын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери.

4. Мугалимдер «Мамлекеттик» тарифтик планына кошула алышабы?
«Мамлекеттик» тарифтик планы e-Kyzmat тутумунда катталган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине гана арналган.
Мыйзамга ылайык, билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана кызматкерлери мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер катары эсептелбейт. Демек, тилекке каршы, алар бул тарифке кошула алышпайт.
Эгер билим берүү тармагында же башка бюджеттик сектордо эмгектенген кызматкер e-Kyzmat базасында катталган болсо, ал тарифке кошула алат. Тарифке кошулуу үчүн негизги талап – e-Kyzmat тутумунда болуу.

5. Мен мамлекеттик кызматкер болуп, бирок тарифке кошула албай жатсам, эмне кылышым керек?
Эгер Сиз мамлекеттик кызматкер болсоңуз, төмөнкүлөрдү текшериңиз
•    номер Сиздин наамыңызга катталган эмес болушу мүмкүн;
•    номерди кайра каттоо жана маалыматты тактоо үчүн номердин ээси менен бирге эң жакынкы кеңсебизге кайрылыңыз.

Кеңселердин картасын ачуу → https://beeline.kg/ky/map

6. Тарифке кошулуу үчүн документтер талап кылынабы?
Жок, документ тапшыруунун кажети жок. Мамлекеттик кызматкердин статусу e-Kyzmat базасында онлайн текшерилет. 
Эгер Сиз тутумда катталган болсоңуз, тариф ийгиликтүү кошулат.

7. Мамлекеттик кызматкер болбой калган болсом, эмне болот?
Сиздин мамлекеттик кызматкер статусуңуз автоматтык түрдө текшерилет. Эгер ал тастыкталбаса, тарифиңиздин мөөнөтү бүтөөрүнө 30 мүнөт калганда, Сиз автоматтык түрдө «Бул 20 ГБ» тарифине которуласыз. Бул тууралуу бир күн мурда эскертүү аласыз.

8. Номер менин наамымда эмес болсо, тарифке кошула аламбы?
Номер мамлекеттик кызматкерге катталган учурда гана тариф жеткиликтүү болот. Сиз эң жакынкы кеңсебизге келип, номерди кайра каттатып, тарифке кошула аласыз.
Көңүл буруңуз: Бир мамлекеттик кызматкер тарифти бир гана номерде кошо алат.

Кеңселердин картасын ачуу → https://beeline.kg/ky/map

9. Мен учурда мамлекеттик кызматкер эмесмин, бирок тарифке кошулгум келет.
Биздин сунушубузга кызыкканың үчүн рахмат! Бул тариф e-Kyzmat тутумунда катталган мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана жеткиликтүү. Сиз үчүн башка пайдалуу тарифтер бар. 

Тарифтерди көрүү →  https://clck.ru/3QEWd5

10. Кененирээк маалымат же суроолор боюнча кайда кайрылам?
Кайрылуу жолдору:
• Beeline’дын WhatsApp колдоо кызматы: WhatsApp тейлоо борбору
*611 номери
• эң жакынкы тейлөө кеңсеси:  https://beeline.kg/ky/map

Негизги топтом түгөнүп калган учурда

Закрыть Открыть

Тарифти мөөнөтүнөн мурда “Мой Beeline” тиркемесинде же *2200# буйругу менен жаңыртсаңыз болот. Абоненттик төлөм алынат жана топтомдор калыбына келтирилет.
Балансыңызды толуктоодон мурун, абоненттик төлөм туура алынып, стандарттуу баа колдонулбашы үчүн мобилдик маалыматыңызды өчүрүүнү сунуштайбыз.

Тариф боюнча негизги интернет-топтом бүткөндөн кийин, интернетке кирүүгө аракет кылганда кошумча топтом аласыз:
•    2 ГБ 40 сомго - баланста 40 сом же андан көп болсо;
•    1,5 ГБ 30 сомго - эгерде баланста 30-39,99 сом болсо;
•    1 ГБ 20 сомго - баланста 20-29.99 сом болсо; 
Эгерде баланста 20 сомдон аз болсо, Интернет берилбейт.

Эгер тариф боюнча тармактан тышкары мүнөттөр бүтсө, анда башка тармактарга чалуу учурунда сиз "Тармактан тышкары 5 мүнөт" пакетин 10 сомго аласыз. Эгерде баланста 10 сомдон аз болсо, анда башка тармактарга чалуулардын баасы 3 сом/мин түзөт.

•    Топтомдордун иштөө мөөнөтү-24 саат. 24 саат өткөндөн кийин топтомдун калдыгы күйүп кетет;
•    Эгерде топтомдор чегерилген учурдан тартып 24 саат бүткөнгө чейин бүтсө же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаса, сиз жогоруда көрсөтүлгөн топтомдорду кайрадан ала аласыз ("Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ" жана "Тармактан тышкары 5 мүнөт").

Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун берүүнү өчүрүү: *502*1#.
Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун берүүнү кошуу: *502*0#.
Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго" топтомдорун берүүнү өчүрүү: *503*1#;
Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго" топтомдорун берүүнү кошуу: *503*0#.

Эгерде абоненттик төлөм эсептен чыгарылбаса эмне болот?

Закрыть Открыть

•    Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
•    Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана  Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.

Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.

Топтомдон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS -1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар-4,5 сом/мүн.; 
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.

Чалууларды тарифтөө кадамы-10 сек.

Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. 

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Бардык топтомдордун иштөө мөөнөтү-абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 30 күн.

Башка тарифтерге өткөндө топтомдун калдыктары күйүп кетет.

Тарифтик планга өтүү акысыз.

https://beeline.kg/ru/aidana