close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Биздин сайт менен колдонгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Сайт менен колдонуу Сизге ыңгайлуубу? Өз оюңуз менен бөлүшүңүз. Бул бизге абдан маанилүү.

Сурамжылоо өтүү
Кызмат

Россияда үйдөгүдөй

Интернет

500 Мб/күн 50 сомго

Чалуулар

10 мүнөт/күн 100 сомго
Бул Сиздин тарифиңиз
Кызмат кошулду

Сиз кызматты ийгиликтүү коштуңуз

Менин кызматтарым
Кызматты кошуу

Кызмат кошулган

Кызматты кошууга макулсузбу?

Кызмат Сиздин тарифиңизде жеткиликтүү эмес

Менин кызматтарым
Каражат жеткиликтүү эмес

Кызматты кошуу үчүн каражат жеткиликтүү эмес. Сураныч, балансыңызды толтуруңуз

Толуктоо
Кэненирээк

Интернет тарифтештирүүсү

Закрыть Открыть

Кызматты кошуп, жана роумингде мобилдик маалыматты активдештирип, Сиз 50 сомго 500 МБ/күн интернет топтомуна ээ болосуз. Бул интернет топтому жалгыз гана Билайн Россия түйүнүндө, берилген убактан тарта 24 саат бою иштейт.

Сиз топтомду күнүнө бир гана жолу *700#3# буйругу аркылуу жаңырта (кайрадан кошо) аласыз. Топтомдун чыгымдалбаган калдыгы кийинки күнгө өтпөстөн, күйүп кетет.

Топтом сарпталган соң, интернет жеткиликтүү болбой калат. Интернет топтомунун калдыгын *700# буйругу аркылуу текшерүү мүмкүн.

Эгер баланста «Россияда үйдөгүдөй» кызматы боюнча 500 МБтык интернет топтомунун абоненттик төлөмү үчүн каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү – 0,99 сом/Мб.

Көңүл буруңуз! Россиянын башка туйүндөрүндө катталган учурда, интернет жеткиликтүү болбойт.

Интернет туура иштеши үчүн, телефонуңуздагы кирүү түйүндөрүн белгилөө зарыл:

Алдын ала төлөм системасын колдонгон абоненттер үчүн - scg.beeline.kg.
Ошондой эле, *125*9# буйругун терип, авто-ырастоону колдонуу мүмкүн.
Бардык тарифтер салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
Тегеректөө кадамы – 100 Килобайт.
Башка багыттар (өлкөлөр) боюнча тарифтер, кабыл алуучу мамлекеттин роумингдеги базалык тарифтештирүүсүнө ылайык эсептелет.

Чалуулар жана SMS тарифтештирүүсү

Закрыть Открыть

Россиянын бардык уюлдук түйүндөрүндө чалууларды жана SMS'терди тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй:
күндө биринчи чалууну аткарып же кабыл алып жатып, Сиз Россия боюнча жана Кыргызстанга багытталган бардык кирүүчү жана чыгуучу чалуулар үчүн 10 мүнөттүк топтомду активдештиресиз. Күндөлүк топтомдун баасы – 100 сом/күн. 11-мүнөттөн баштап, чалуунун баасы мүнөтүнө 10 сомду түзөт (ошол эле багыттарга – Россия боюнча жана Кыргызстанга багытталган кирүүчү, чыгуучу чалуулар). Сиз жалгыз гана чалуу аткарган же кабыл алган күндөр (Бишкек убактысы боюнча 00 саат 00 мүнөттөн 23 саат 59 мүнөткө чейин) үчүн төлөйсүз. Эгер күн ичинде эч кандай чалууларды аткарбасаңыз, мүнөттөр топтому үчүн төлөм алынбайт.

Көңүл буруңуз! Чалуулар топтомун эсептөөдө жана колдонууда, «күн» деген түшүнүк Бишкек убактысы боюнча 00 саат 00 мүнөттөн 23 саат 59 мүнөткө чейинки убакыт дегенди билдирет. Топтом мүнөттөрүнүн мөөнөтү, топтом берилген күндүн аягында, Бишкек убактысы боюнча 00 саат 00 мүнөттө, бүтөт. Эгер чалуу Бишкек убактысы боюнча бир күнү башталып, эртеси күнү аяктаса, анда топтомдун баасы эки ирет эсептелет (ар бир күн үчүн бир ирет).
Чалуулар мүнөт сайын тарифтештирилет.
Кирүүчү SMS’тер акысыз, чыгуучулар – 16 сом/SMS.
Бардык тарифтер салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
Башка багыттар (өлкөлөр) боюнча тарифтер, кабыл алуучу мамлекеттин роумингдеги базалык тарифтештирүүсүнө ылайык эсептелет.

Кызматты башкаруу

Закрыть Открыть

*700 – «Россияда үйдөгүдөй» кызматы жөнүндө маалымат

*700*1# - кызматты кошуу

*700*2# - кызматтын статусун текшерүү

*700*3# - роумингде интернет топтомун жаңылоо (500 Мб)

*700# - роумингде интернет топтомунун калдыгын текшерүү (500 Мб)

*700*0# - кызматты өчүрүү

Кызматты кошуу жана өчүрүү – акысыз.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Россияда үйдөгүдөй» кызматы чет өлкөдө, роумингде байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн жана Россия үчүн утуштуу байланыш шарттарын тартуулайт/

Роумингдеги сурап-билүү кызматынын номери: +996 (777) 0611 00 (роумингде гана жеткиликтүү). Билайндын абоненттери үчүн чалуу акысыз. Башка операторлор үчүн – тарифтик пландын шарттарына ылайык.

https://beeline.kg/ru/aidana