KYRGYZCHA
Кыргыз тилинде кино жана сериалдарды жарнамасыз көрүңүз
Алгач кошулганда 30 күн акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгү
Жогорку сапаттагы тасмалар жана сериалдар жыйнагы
Кесипкөй актерлор тарабынан аткарылган сапаттуу дубляж (4-6 үн)
Beeline тармагында интернет трафиги үчүн төлөм алынбайт
«Укмуш TV» тиркемесинде камтылган.
135 с / 30 суткага
Кененирээк
Кызмат жөнүндө
«KYRGYZCHA» онлайн кинотеатры кыргыз, казак жана өзбек тилдеринде дубляждалган чет элдик тасмалардын, сериалдардын жана мультфильмдердин эксклюзивдүү жыйнагын сунуштайт. Контент үзгүлтүксүз жаңыланып турат. Кинотеатр «Укмуш TV» тиркемесинде камтылган.
Кайдан табуу мүмкүн?
Тиркеме смартфонуңуздагы Pay Market (Android) же App Store (iOS) расмий дүкөндөрүндө жана www.ukmush.tv сайтында жеткиликтүү.
Android TV, Smart TV’ни колдогон сыналгылар – Sony, Philips, Samsung (чыгарылган жылы 2015-жылдан эрте эмес), LG (чыгарылган жылы 2014-жылдан эрте эмес). Учурда тиркеме сыналгылардын ичинен жалгыз гана Samsung SMART TV’да жеткиликтүү. Башкаларда кийинчерээк жеткиликтүү болот.
Кантип кошуу мүмкүн?
Кызматты USSD, сайттагы жеке кабинет же «Мой Beeline» мобилдик тиркемеси аркылуу кошуу мүмкүн. Кызматтын бардык салыктарды камтыган баасы 135 сомду түзөт.
Кошуу: *223#
Өчүрүү: *223*0#
Статусун текшерүү: *223*1#.
Кантип колдонуу керек?
• Топтомду кошуп алган соң, Сизге «Укмуш TV» тиркемесинде авторизациялоодон өтүү үчүн паролду камтыган SMS келет.
• Номерди жана паролду киргизип, колдонуу шарттарын кабыл алыңыз.
Авторизациялоодон өткөндөн кийин, «Жазылуулар жана сатып алуулар» бөлүмүндө активдүү жана жеткиликтүү жазылууларды текшерүү жана жазылуулардын мазмуну жана баалары менен тааныша аласыз.
Онлайн көрүү интернет байланышын талап кылат.
Кошумча маалымат
Топтом бардык тарифтик пландарды – prepaid жана postpaid – колдонгон абоненттер үчүн жеткиликтүү.
• Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн, топтом автопролонгация менен иштейт. Бир гана ирет кошуп алсаңыз, ал андан кийин 30 күнгө автоматтык түрдө жаңыланып турат.
• Алгач кошулганда, 30 күндүк акысыз сынамык мөөнөтү берилет.
Эгер Сиз топтомду акысыз сынамык мөөнөтү учурунда өчүрсөңүз, пайдаланылбаган күндөр күйүп кетет жана сынамык мөөнөтү аяктады деп эсептелет. Өчүрүлгөн соң, көрүү мүмкүн болбой калат жана кайра кошулган убакта, абоненттик төлөм алынат.
• Топтомдун абоненттик төлөмү, баланс жетиштүү суммага толукталгандан кийин 1 сааттын ичинде алынат.
• Оптималдуу шартта көрүү үчүн эң аз 2 Мбит/с туташуу ылдамдыгы сунушталат. «Укмуш TV» тиркемеси Beeline’дын мобилдик тармагынын интернети, ошондой эле башка операторлордун, интернет-провайдерлердин тармактары жана Wi-Fi аркылуу жеткиликтүү. Башка операторлордун же интернет-провайдерлердин интернет трафигинин төлөмдөрү алардын өз шарттарына ылайык белгиленет.
• Берүүнүн сапаты бир нече параметрлерден көз каранды:
- жеткиликтүү интернет ылдамдыгы;
- байланыш ыкмасы;
- колдонулган жабдуулардын өндүрүмдүүлүгү ж.б.
• Прокси-сервер (анын ичинде VPN) аркылуу иштеген браузерлер колдонулган учурда, «KYRGYZCHA» кинотеатры камтылган «Укмуш TV» тиркемеси алгачкы каттоодон кийин жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.
• «Укмуш TV» тиркемесин КРнын аймагында гана жүктөп алуу жана колдонуу мүмкүн.