«Базалык» топтом
Beeline тармагында интернет трафиги үчүн төлөм алынбайт
«Укмуш TV» тиркемесинде 50 телеканал
Бир убакта 3 түзмөктө көрүү мүмкүнчүлүгү
Биринчи кошулган учурда, 30 күн акысыз
80 с / 30 сутка
Кененирээк
«Базалык» топтому
«Базалык» топтомунда 50 телеканал жеткиликтүү.
Сиз ар кандай каналдарды таба аласыз:
жаңылык, билим, спорт, музыка, балдар, оюн-зоок, кино, маалымат, үй-бүлө, документалдуу тасмалар.
Баасы – 80 сом/30 күн.
Бардык баалар салыктарды камтыйт.
Алгачкы сынамык мөөнөтү – 30 күн акысыз.
Кызматты башкаруу
Кызматты, сайттагы жеке кабинетте же Мой Beeline мобилдик тиркемесинде USSD аркылуу активдештирүү мүмкүн.
Активдештирүү: *7744#
Өчүрүү: *7744*0#
Статусун текшерүү: *7744*1#
Кызматты колдонуу
Тиркеме смартфонуңуздагы Pay Market (Android) же App Store (iOS) расмий дүкөндөрүндө жана www.ukmush.tv сайтында жеткиликтүү.
• Топтомду кошуп алган соң, Сизге «Укмуш TV» тиркемесинде авторизациялоодон өтүү үчүн паролду камтыган SMS келет.
• Номерди жана паролду киргизип, колдонуу шарттарын кабыл алыңыз.
Авторизациялоодон өткөндөн кийин, «Жазылуулар жана сатып алуулар» бөлүмүндө активдүү жана жеткиликтүү жазылууларды текшерүү жана жазылуулардын мазмуну жана баалары менен тааныша аласыз.
«Базалык» топтому ар кандай тематикадагы жана багыттардагы 50 жергиликтүү жана чет элдик телеканалдарды сунуштайт.
Онлайн көрүү интернет байланышын талап кылат.
Кошумча маалымат
• Топтом бардык тарифтик пландарды – prepaid жана postpaid – колдонгон абоненттер үчүн жеткиликтүү.
• Бир номерге 3 топтомдун (Базалык, Стандарттык, Премиум) бирөөсүн гана кошуу мүмкүн.
• Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн, топтом автопролонгация менен иштейт. Бир гана ирет кошуп алсаңыз, ал андан кийин 30 күнгө автоматтык түрдө жаңыланып турат.
• Алгач кошулганда, 30 күндүк акысыз сынамык мөөнөтү берилет.
Эгер Сиз топтомду акысыз сынамык мөөнөтү учурунда өчүрсөңүз, пайдаланылбаган күндөр күйүп кетет жана сынамык мөөнөтү аяктады деп эсептелет. Өчүрүлгөн соң, көрүү мүмкүн болбой калат жана кайра кошулган убакта, абоненттик төлөм алынат.
• Топтомдун абоненттик төлөмү, баланс жетиштүү суммага толукталгандан кийин 1 сааттын ичинде алынат.
• Оптималдуу шартта көрүү үчүн эң аз 2 Мбит/с туташуу ылдамдыгы сунушталат. «Укмуш TV» тиркемеси Beeline’дын мобилдик тармагынын интернети, ошондой эле башка операторлордун, интернет-провайдерлердин тармактары жана Wi-Fi аркылуу жеткиликтүү. Башка операторлордун же интернет-провайдерлердин интернет трафигинин төлөмдөрү алардын өз шарттарына ылайык белгиленет.
• Берүүнүн сапаты бир нече параметрлерден көз каранды:
- жеткиликтүү интернет ылдамдыгы;
- байланыш ыкмасы;
- колдонулган жабдуулардын өндүрүмдүүлүгү ж.б.
• Прокси-сервер (анын ичинде VPN) аркылуу иштеген браузерлер колдонулган учурда, «Укмуш TV» тиркемеси алгачкы каттоодон кийин жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.
• «Укмуш TV» тиркемесин КРнын аймагында гана жүктөп алуу жана колдонуу мүмкүн.
«Укмуш TV» тиркемесин төмөнкү ОС версиялары колдойт:
1. 5-версиядан жогорку Android’дин негизиндеги смартфондор жана планшеттер үчүн мобилдик тиркеме;
2. IOS 12’нин негизиндеги смартфондор жана планшеттер үчүн мобилдик тиркеме;
3. Windows XP SP2 же андан жогору, Mac OS X 10.4 же андан жогору жана Linux’тун негизиндеги жеке компьютерлер жана ноутбуктар, Safari, Opera, Firefox, Chrome браузерлери аркылуу (иштетилген JavaScript жана Cookies менен);
4. SMART TV’ни колдогон сыналгылар – Sony, Philips, Samsung (чыгарылган жылы 2015-жылдан эрте эмес), LG (чыгарылган жылы 2014-жылдан эрте эмес). Учурда тиркеме сыналгылардын ичинен жалгыз гана Samsung SMART TV’да жеткиликтүү. Башкаларда кийинчерээк жеткиликтүү болот;
5. Android TV.