Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу келишими

Мен, «Скай Мобайл» ЖЧК (Beeline СБ) телекоммуникация операторуна таандык www.beeline.kg веб-сайттынын колдонуучусу, «Билим онлайн» тарифтик планына кошулуу үчүн билдирмени электрондук түрдө толтуруп жатып, «Скай Мобайл» ЖЧКнун (мындан ары – Оператор) «Билим онлайн» тарифтик планына кошулуу максатында билдирмени иштеп чыгуу жана идентификациялоо үчүн талап кылынган жеке маалыматтарыма карата бардык иш-аракеттерди өткөрүүгө эркин түрдө, билип туруп, Операторго макулдугумду берем. Анын ичинде: жеке маалыматтарды, автоматташтырылган каражаттардын жардамы менен жана автоматташтырууну колдонбостон, чогултуу, системалаштыруу, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), пайдалануу, үчүнчү жактарга өткөрүп берүү жана чек арадан өткөрүү. Электрондук документ түрүндө берилген бул макулдук төмөнкү жеке маалыматтар үчүн жарактуу:

  • • аты-жөнү;
  • • жашаган дареги;
  • • өздүгүн тастыктаган документтин маалыматтары;
  • • студенттик билеттин жана окуу жайдын маалыматтары;
  • • туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана билим берүү мекемесинин маалыматтары;
  • • уюлдук телефондун абоненттик номери жана электрондук почта дареги;
  • • абоненттик номердин жеке эсебинде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар (эгер болсо);
  • • мен ыктыярдуу түрдө берген, жана Оператордун байланыш кызматтарын пайдалануу мезгилинде Операторго жеткиликтүү болгон башка маалыматтар.


Мен бул макулдугумду, өз колум менен кол койгон жана кагаз жүзүндө берилген макулдугума барабар деп эсептеймин, жана берилген жеке маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчилик тартам.

https://beeline.kg/ru/aidana