“Кадамда жана байгелерди утуп ал”

Акциясын өткөрүүнүн Эрежелери

 

( 01.01.2023 күнү күчүнө кирүүчү 21.12.2022 өзгөртүүлөрдүн редакциясында)
 

Жалпы жоболор

1.1.”Мой  Beeline KG» Мобилдик тиркемесиндеги “Кадамда жана байгелерди утуп ал”  Акциясын өткөрүүнүн  ушул шарттары (мындан ары- “Эрежелер” ) Акцияны өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин, анын ичинде байгелердин түрлөрүн, мөөнөттөрүн, жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартибин жана аларга байгелерди тапшыруунун, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Акциянын башка олуттуу шарттарын аныктайт. Бул акция  лотерея, дем берүүчү лотерея же кумар оюну эмес, ошого байланыштуу аны өткөрүүгө “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары колдонулбайт.

1.2.      Бул Эрежелерде колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:

“Кадамда жана байгелерди утуп ал” акциясы  (мындан ары текстте – “Акция”)  бул Оператордун тармагынын Абоненттери Акцияны өткөрүүнүн алкактарында б.а.Катышуучулар болуу менен, .”Мой  Beeline KG» мобилдик тиркемесинде  кадамдардын белгилүү санына жетише алат жана бул үчүн байге катары мегабайттарды алат. Күн сайын Катышуучу 1 (бир) календарлык күндө минималдуу 5000 (беш миң) кадам жасаган шартта, ал  500 (беш жүз мегабайт)  өлчөмүндөгү Байгени ала алат. Катышуучу ошондой эле «BeeBall» Оюунун Конкурсуна (Мобилдик тиркеменин) катыша алат.

”Мой  Beeline KG» мобилдик тиркемеси (мындан ары текстте –“Тиркеме”) –«Play Market» же  «App store» платформасынан Абоненттик түзүлүшкө орнотулуучу жана Абонентке Оператордун кызматтарын кошууга/ажыратууга , Тиркемедеги жеткиликтүү функционалга ылайык бардык аракеттерди аткарууга, ошондой эле balance.kg платформасына Оператордун  өзүнчө офертасынын шарттарында  жана Оператордун жана анын Шериктештеринин  башка сервистерине жеткиликтүүлуккө мүмкүндүк берүүчү мобилдик тиркеме. Тиркеме логинди жана паролду колдонуу менен сервистерди жана кызматтарды  башкаруунун ишке ашырууга мүмкүн. Тиркеме логинди жана паролду колдонуу менен сервистерди жана кызматтарды  башкаруунун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Абоненттик түзүлүш –  Абонент тарабынан берилген маалыматты берүү же кабыл алуу үчүн электр сигналдарынын сигналдарын калыптандыруучу Android жана iOS операциялык системасы мурда орноткон операциялык системасы бар смартфон же планшет түрүндө жеке пайдалануунун байланыш каражаты.  

Оператор - 720021,  Бишкек ш.,  Ибраимов көч., 115 (лицензиялары № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, №16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР и № 20-0388-КР) дареги боюнча жайгашкан, абоненттерге уюк байланышынын кызматтарын көрсөтүүчү “Скай Мобайл” жоопкерчилиги чектелген коом.

Абонент – Оператордун байланыш кызматтарын алыш-бериш эсебинин авансалык тартиби боюнча керектөөчү болгон, ушул максаттарда Абоненттик номурду бөлүү менен уюк байланышынын  кызматтарын көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн физикалык жак.

Абоненттик номур – Оператор менен Абоненттин ортосунда  уюк байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимге ылайык кызматтарды алып жаткан Абоненттке бөлүнүүчү телефондук номур.

1.3.      Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесине ылайык элдик оферта болуп таанылат. Бул Акцияда катышуу менен, Сиз “Кадамда жана байгелерди утуп ал” Акциясын өткөрүүнүн ушул Эрежелери менен макул болосуз, ошондой эле  ушул Эрежелердин шарттарын сактоого макулдук бересиз.

1.4.      Эрежелердин аракеттеги версиясы https://gb.beeline.kg сайтында жана  Тиркемеде Акцияда катышууга багытталган аракеттер Абонент тарабынан аткарылганга чейин милдеттүү түрдө таанышуу үчүн жайгаштырылган.

1.4.1.   Акцияга катышууга багытталган аракет болуп, Мобилдик тиркемедеги Акциянын башкы бетиндеги “Катышуу” баскычын басуу болуп эсептелет.

1.5.      Оператор ушул Эрежелердин 1.4 п. көрсөтүлгөн порталдарда Эрежелердин жаңы редакциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө киргенге чейин 10 (он) календардык күн мурда ушул Эрежелерди өзгөртүүнү жана толуктоону жайгаштыруу жолу менен  ушул Эрежелерди өзгөртүү жана/же толуктоо укугун өзүнө калтырат. Ушул Эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор болгондо, Акциянын шарттарына жараша Абонент тарабынан ар бир кийинки активдүү аракеттерди демилгелөө тиешелүү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун акцепти болуп эсептелет жана аракеттеги Эрежелердин редакциясы менен Абонент таанышкандыгынын жетишерлик тастыктоосу болуп эсептелет.

1.6.      Абонент аракеттеги редакция менен таанышып туруу үчүн дайыма Эрежелерди көрүп турууга милдеттенет жана мындай таанышпоонун кесепеттери үчүн жоопкерчиликтүү болот.Абонент  өзүнө түшүнүктүү болгон  Ушул Эрежелердин шарттары менен  таанышкандыгын тастыктайт жана Эрежелердин шарттарын толук жана сөзсүз түрдө, эч кандай алымчасыз жана чектөөсүз кошулуу шарттарында кабыл алгандыгы боюнча макулдугун тастыктайт. Абонент шарттарга жана Акцияга катышууга  байланышкан SMS-кабарлоолорду, Push-кабарландырууларды, чалууларды кабыл алууга макулдугун берет.

1.7.      Ушул Эрежелердин Акцептин ишке ашыруу, б.а. катышуу менен Абонент анын инсандыгын тастыктоочу документке ылайык каттоодон өтүүсү  жана персоналдаштыруусу ишке ашырылган  уюк байланыш кызматын көрсөтүү боюнча Оператор менен келишим түзгөн  жеке жак экендигин тастыктайт.

1.8.      Эгерде Катышуучу Акцияга катышуу үчүн жана байгелерди алуу максатында  ушул Эрежелерде каралбаган акча каражаттарын чыгымдоо боюнча өз бетинче чечим кабыл алса,  Оператор эч кандай жоопкерчиликтүү болбойт. Акцияга катышуу анын катышуучуларынын ыктыярдуулугунун гана принцибине негизделет.

2.         Акцияны өткөрүүнүн жалпы мезгили

2.1.      500 (беш жүз) МБ өлчөмүндөгү байгелерди Жума сайын берүүнү эске алуу менен Акцияны өткөрүүнүн жалпы мөөнөтү 22.08.2023 -жылдан 31.01.2023-  жылга чейин. «BeeBall» Оюунунда (Мобилдик тиркемеде) катышып жаткан Акциянын Катышуучулары бул оюндун пайдалануучулары/катышуучулары болуп калышат.  «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) Конкурстарындагы тартип, мөөнөттөрү жана байгелерди берүүнүн шарттары менен шилтеме боюнча «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин)офертасында таанышууга болот.  

3.         Катышуучуларга талаптар жана Акцияга катжышуунун шарттары

3.1.      Акциянын катышуучусу 18 (он сегиз) жашка толгон, Оператордун Абоненти болгон ( корпоративдик кардарларды, корпоративдик топтун абоненттерин кошпогондо) Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон жана Акцияга катышууга зарыл болгон шарттарды аткарган (текст боюнча “Катышуучу” деп аталган)  аракет жөндөмдүү жеке жак боло алат.

3.2.      Акцияга Оператордун кызматкерлери жана окүлдөрү (анын ичинде промоутерлер, агенттер ж.б.) ошондой эле жакын туугандары жана кызматкерлердин жана Операторлордун өкүлдөрүнүн күйөөсү/аял ошондой эле алар менен байланышкан жактар катыша алышпайт.

3.3.      500 (беш жүз) мегабайт өлчөмүндөгү ар жумалык байгелерди 5000 (беш миң) кадамга жетишкен бардык Катышуучулар ала алышат.

3.4.      «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) Конкурсуна катышууга «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) пайдалануучусу болгон Абоненттерге жол берилет.  Оюундун (Мобилдик тиркеменин) эрежелери жана шарттары менен офертадан таанышууга болот.

3.5.      Бул Акцияда катышуу менен, “Кадамда жана байгелерди утуп ал” Акциясын өткөрүүнн Сиз ушул Эрежелерге макул болосуз жана ошондой эле ушул Эрежелердин шарттарын сактоого макулдугуңузду бересиз.

4.         Жалпы эрежелер

4.1.Катышуучуга Акциянын бөлүмүнө кирүүсү зарыл жана Акцияны кошуусу керек, б.а. “Катышуу” баскычын басуусу керек.  

4.2.    Андан кийин  ”Мой  Beeline KG» мобилдик тиркемеси менен синхрондоштурууга руксатту көрсөтүү зарыл.   

4.3.    Тиркеме менен телефондун ортосундагы кадамдардын санын так синхрондоштуруу үчүн Абонент ”Мой  Beeline KG» мобилдик тиркемесиндеги Акциянын бөлүмүнө күнүгө кирип туруусу жана стабилдүү интернет байланышка ээ болуусу зарыл. Тиркемелер ортосундагы кадамдарды синхрондоштуруу ар бир 4 (төрт) саатта жүргүзүлөт, кадамдардын санын акыркы берүү ар күндөгү натыйжаларды жабуу үчүн 23:59 саатта жүргүзүлөт.

4.4.      Катышуучулар төмөнкүлөрдү пайдаланбоого жана пайдаланууга аракет кылбоого макул болушат:

Абоненттик түзүлүштөн башка бардык жабдууну;

Мыйзамсыз же ушул Эрежелерге ылайык эмес болуп эсептелген, ошондой эле алдамчылык же зыян келтирүүчү жол менен, анын ичинде программалык каражаттарды талкалоо жолу менен, программалык кодго кийлигишүү же Оператор иштеп чыккан программалык каражаттарга вирусту,зыян келтирүүчү программаларды, зыян келтирүүчү кодду же зыян келтирүүчү маалыматтарды, же Оператордун системаларынын коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө кооптуулук алып келүүчү же коркунуч түзүүчү башка ыкманы;

Оператордун программалык системаларына зыян келтире же ишин чектей ала турган же системаларга санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү алууга көмөктөшүүчү же башка Катышуучуларга тоскоолдуктарды түзө турган кандайдыр-бир автоматташтырылган каражаттарды же башка бардык ыкмаларды;

Кайсы болбосун Катышуучудан же Оператордун системаларынан алынган маалыматтарды же маалымдарды жыйноо, ылгоо же структуралаштыруу үчүн;

Кандайдыр- бир коммерциялык ишмердикти жүргүзүү үчүн;

Ушул Эрежелердин 4 -пунктунда көрсөтүлгөн башка аракеттерди.

4.5.      Катышуучуларга Оператордун жана башка бардык үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик  жана аралаш укуктарын бузууга тыйуу салынат.

4.6.      Ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелер Катышуучулар тарабынан бузулган учурда, Катышуучу Оператор гана боюнча эмес, ошондой эле көрсөтүлгөн бузуулардын кесепетинен келип чыккан чыгашаларды компенсациялоо жөнүндө Катышуучуга каршы доо талаптарды бере ала турган Акциянын башка катышуучулары боюнча жана башка үчүнчү жактар боюнча дагы юридикалык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Акылман ак ниеттүүлүк менен аракет кылуу менен Оператор өзүнүн кароосу боюнча, программалык каражаттарды жана маалыматтык коопсуздукту пайдалануу саясатын сактоону кошо Акциянын Катышуучуларын ушул Эрежелердин сактоону аныктайт, ошого байланыштуу кандайдыр-бир чараларды кабыл алганга чейин Катышуучудан кошумча маалыматты жана башка аракеттерди аткарууну суроого укуктуу. Акциянын катышуучусу  Оператор  Катышуучу тарабынан кетирилген укукка каршы аракеттерди аныктаган учурда, мисалы, ушул Эрежелердин шарттарын бузган жана анын ичинде Акциянын башка катышуучуларына карата адилетсиз мамиле кырдаалын түзө турган Катышуучу менен Оператордун кызматкери/өкүлү /агенти менен көмүскө бүтүм ж.б., Оператор мындай Катышуучуну Акциядан чыгарып салууга укуктуу.

4.7.      “Номурду тандоо” Операторунун  кызматынын жардамы менен Абоненттик номурду алмаштырууда Акцияда катышып жаткан Катышуучунун профили топтолгон баллдары менен жаңы Абоненттик номурга которулат.

5.         Байгелерди алуунун эрежелери жана шарттары.

5.1.      «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) бардык эрежелери жана шарттары менен шилтеме боюнча офертадан тааныша аласыңар.

5.2. Байгени алуу үчүн Катышуучуга «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) катышуучусу болушу зарыл, Конкурска катышууга өтүнмөнү ошонун жардамы аркылуу жөнөтүү үчүн тапшырмаларды аткарып, Конкурстук баллдарды иштеп табышы керек. Конкурс баштала турган күнү Пайдалануучуга Байге кайда экендиги жөнүндө шыбыш берилет. Байгени алуу үчүн Катышуучуга керектүү жерге келип, Байгени түшүрүп алуусу керек.

6. Күнүмдүк байгелерди алуунун эрежелери жана шарттары

6.1.  500 (беш жүз) мегабайт өлчөмүндөгү күнүмдүк Байгелерди алуу үчүн (өмүрүнүн мөөнөтү -24 (жыйырма төрт саат) Абонентке Акцияга катышып, 1 (бир) календарлык күндө 00:00 сааттан 23:59 саатка чейин минималдуу 5000 (беш миң) кадам басышы керек. Күнүмдүк Байге ушул шартты аткарган учурдан тартып 24 (жыйырма төрт) саат ичинде жеткиликтүү.

7. Жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби

7.1.      Жеңүүчүлөр болуп Байгени биринчи түшүргөн жана «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин)  ушул Эрежелердин бардык талаптарына жооп берген Катышуучулар эсептелет.

7.2.2. Конкурстун алкактарында бир Катышуучу ушул Эрежелердин 7.2.3. пунктунда көрсөтүлгөн  бирден ашпаган кулакка салгычты, бирден ашпаган электрондук смарт-саатты ала алат.

7.2.3. Конкурста төмөндөгү Байгелер жеткиликтүү болот:

- Apple AirPods 3;

- Mi Band 6.

7.3. Күнүмдүк байгени алуунун тартиби:

7.3.1. Күнүмдүк Байге – 500 (беш жүз) мегабайт интернетинин пакети (жашоо мөөнөтү -24 (жыйырма төрт ) саат.

7.3.2. Күнүмдүк Байгени алуу үчүн шарт –күнүнө 5000 ( беш миң) кадам (00:00 сааттан 23:59 саатка чейин. Күнүмдүк Байгени  ушул шартты аткарган учурдан тартып 24 (жыйырма төрт) саат ичинде алууга болот.

7.4. Оператор  байгелерди жөнөтүүчүлөр тарабынан жөнөтүүлөрдүн шарттарын мүмкүн болуучу бузууларын жана Операторго көз каранды болбогон башка күтүлбөгөн жагдайларды  эске алуу менен, ушул Эрежелердин 7.2.3 пунктунда көрсөтүлгөн байгелерди баасы боюнча бирдей, бирок моделдери жана комплектациясы боюнча айырмаланышкан байгелерге алмаштырууга укуктуу. Байгелер ошондой эле жарнамалардын бардык түрлөрүндө сүрөттөлгөн байгелерден дагы айырмаланышы ыктымал, ал үчүн Оператор жоопкерчиликтүү болбойт.

7.5.  Жеңүүчүнү аныктоодо Оператор Катышуучунун  өткөн Конкурстун натыйжалары боюнча Байгени алуу фактысын текшерүүнү ишке ашырат. Байгени алуу фактысын аныктоо төмөндөгүдөй ишке ашырылат:

  • Ошол аркылуу катышкан жана утуп алган Абоненттик номур боюнча ( subs_id, номурду алмаштыруудан өзгөрүлбөй турган номурдун уникалдуу параметри), ошондой эле :
  • Катышуучунун Ф.А.А.А жана анын туулган күнү жана паспорттук маалыматтары боюнча.

7.6.      Оператор тарабынан байгени утуп алган Катышуучунун  ушундай байгени мурда алгандык фактысы аныкталган учурда, Оператор мурда Катышуучу байгенин мындай категориясынын ээси болгондугунун себебинен  Катышуучуга  байге ыйгарылбай тургандыгы жөнүндө жана жеңүүчү болуп ушул Эрежелердин талаптарына жооп берген кийинки Катышуучу таанылары жөнүндө  SMS -кабарлоо жиберет.

7.7.      Ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген Катышуучулардын  байгелерди алууга укуктары жок.

 8.        Жеңүүчүлөрдү маалымдоонун тартиби

8.1.      «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) Конкурсунун жеңүүчүсү деп табылган Катышуучуга жеңүүчүнү аныктагандан 3 (үч) календарлык күн ичинде , 09:00 дөн 20:00 саат мезгилинде Оператордун байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен Оператордун өкүлү менен байланышуу өтүнүчү  Оператордун маскасынан SMS -кабарлоо жөнөтүлөт.

8.2.      Ошондой эле SMS-кабарлоо жөнөтүлгөндөн кийин 3 (үч) календарлык күн ичинде  Оператор жеңүүчүгө добуштук чакыруу жөнөтөт. Жеңүүчүгө чалуу башталган күндөн тартып 3 (үч) календарлык күн ичинде 3 (үчтөн) кем эмес чалуу болот. Жеңүүчүнүн Абоненттик номуру боюнча жеткиликтүү эместиги (жеңүүчүнүн мобилдик телефону өчүрүлгөн, Оператордун байланыш тармагын тейлөөчү зонадан чыгып кеткен) Операторго кошумча добуштук чакырууларды аткаруу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

8.3.Акцияны өткөрүү мезгилинде Катышуучу «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) Конкурсунун аракет мезгилинде мурда ушул категориядагы байгени алгандыгы фактысы аныкталганда же ал тарабынын ушул Эрежелерди бузуу фактысы аныкталганда, аны жеңүүчү деп жарыялагандан кийин 6 (алты) жумушчу күн ичинде  Оператордун маскасынан SMS -кабарлоону жиберүү менен Катышуучуну жеңүүчү деп тааныган кабарландырууну кайра чакыртып алууга укуктуу. «BeeBall» Оюунунун (Мобилдик тиркеменин) эрежелери менен офертадагы шилтеме боюнча таанышууга болот.

8.4. Жеңүүчүгө Байгени тапшырган учурдан 5 (беш) жумушчу күндөн кеч эмес Оператор натыйжаларды https://gb.beeline.kg жана/же https://gb.beeline.kg расмий сайтына жайгаштырат. Ошондой эле Оператор Конкурстун натыйжаларын массалык маалымат каражаттарында жарыялоо укугун өзүнө калтырат.

                                   9. Байгелерди алуунун тартиби

9.1. Жеңүүчү Операторго утуш жөнүндө ага кабарлаган учурдан ( Абонент Оператордун чалуусуна жооп берди же SMS-кабарлоону алгандан кийин Оператор менен байланышты) тартып 3 (үч) жумушчу күн ичинде төмөнкү зарыл болгон документтерди жана маалыматты берүүсү керек:

  • КР жаранынын паспорту;
  • Жеңүүчү деп табылган, Оператор менен уюк байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн  Абоненттик номур ( абоненттик номур жеңүүчү катарында кайрылган жакка катталган болушу керек);
  • Катышуу өткөрүлгөн телефондун IMEI, *#06#)командасын тергенден кийин IMEI чыгарылган телефондун экранынын фотосун жасоо зарыл.

 

Эгерде жеңүүчү деп табылган Катышуучу көрсөтүлгөн мезгил ичинде Оператор менен байланышпаса жана зарыл болгон документтерди көрсөтпөсө, анда ал Байгени алууга болгон укугун жоготот.

*Документтер жана маалымат  версиянын сканына ( IMEI үчүн фото түрүндө) Оператордун почтолук дарегине : mainsite@beeline.kg берилиши керек.

9.2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бюджетке салыктарды чегерүү боюнча милдеттерди салык төлөөчү өз бетинче  жүргүзөт.

9.3. Байгени тапшыруу Оператордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жеңүүчү менен Оператор  макулдашкан убактытта, күндө жана орунда жүргүзүлөт.

9.4. Ушул Эрежелердин 9.1. пунктунда каралган шарттарды жеңүүчүнүн аткаруусунда, жеңүүчү Байгени ала турган мезгил зарыл болгон документтерди көрсөткөн күндөн тартып 1 (бир) айды түзөт, бул мөөнөт аяктагандан кийин Оператор жеңүүчүгө Байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу.

9.5. Оператор жеңүүчүгө Байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу, эгерде:

  • Оператордун өкүлү жеңүүчү менен Эрежелер аныктаган мөөнөттө байланыша албайт, анын ичинде, мобилдик телефон боюнча жеңүүчүнүн жеткиликтүү эместиги себебинен ( жеңүүчүнүн мобилдик телефону өчүрүлгөн же Оператордун байланыш тармагынын тейлөө зонасынан тышкары болгондо ж.б.).
  • Жеңүүчү ушул Эрежелердин 9.1. пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтерди Эрежелер белгилеген мөөнөттө көрсөтпөгөндө;
  • Жеңүүчү -абоненттин өздүгүн идентификациялоо өткөрүлгөн эмес, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген жана инсандыгын күбөлөндүргөн документте өзгөртүүлөрдү тастыктоочу документтери жок болгондо (Ф.А.А.А. алмаштырылганда), б.а. Ф.А.А.А жана жеңүүчүнүн паспортунда көрсөтүлгөн төрөлгөн күнү уюк байланышынын кызматтарын көрсөтүү келишиминде көрсөтүлгөн маалыматтар менен дал келбейт;
  • Оператор Акциянын өткөрүү мезгилинде ушул категориядагы байгени Катышуучу алгандыгы фактысын аныктаган учурда;
  • Абонент тарабынан ушул Эрежелерди бузганда;
  • Ушул Эрежелер менен каралган учурларда;
  • Акциянын натыйжаларын жарыялоо үчүн маалыматтарды берүүдөн баш тартканда ( Ф.А.А.А., фотографиясын).

10. Жеке маалыматтар боюнча шарттар

10.1. Акцияда катышуу менен Абонент Акциянын Катышуучусу катары каттоодон өтүү үчүн үчүн зарыл болгон Оператор тарабынан жеке маалыматтар менен төмөнкү аракеттерди аткаруусуна каршы эместигин билдирет: Акциянын, байгени алуунун шарттарына ылайык аракеттерди жана операцияларды жүргүзүүгө: Акцияны өткөрүүнүн алкактарында жеке жана башка маалыматтарды иштеп чыгуу, анын ичинде чогултуу, сактоо,пайдалануу, актуалдаштыруу, ошондой эле Операторго өткөрүп берүү .

10.2. Жеке маалыматтардын тизмеси:

-фамилиясы, аты атасынын аты;

-сүрөттөр, фотографиялар, интервью (эгер ылайыктуу болсо);

-дареги;

-инсандыгын күбөлөндүргөн документтеги маалыматтар;

-Анын жардамы менен Абонент Акцияда катышып жаткан Абоненттик түзүлүштүн абоненттик номуру, ошондой эле башка байланыш телефону;

-Акциянын алкактарында аткарылган операциялар жана аракеттер боюнча маалыматтар;

-Абонент ыктыярдуу бере турган башка маалыматтар.

10.3. Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар төмөнкү максатта иштетүү жана берүү үчүн берилет:

  • SMS-кабарлоолорду жиберүү, чалууларды ишке ашыруу жана Акцияны өткөрүү үчүн зарыл болгон байланыштын башка ыкмаларын колдонуу;
  • Акцияны өткөрүү боюнча Оператор тарабынан милдеттерин аткаруусу;
  • Жарнамага жана Акцияны маркетингдик жылдыруу;
  • Акциянын натыйжаларын жана жыйынтыктарын жарыялоо;
  • Өткөрүлүп жаткан Акция боюнча дооматтарды кароо;
  • Байгени тапшырууну тариздөө;
  • Акцияны өткөрүүнүн натыйжаларын жарыялоо;
  • Салыктык отчетторду берүү жана салык төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу.

10.4. Макулдук Абоненттин Акцияда катышуусунун башталышынан Акциянын аяктоо күнүнө, Байгени тапшыруунун жана Байгени өткөрүп берүүнү документалдык тариздөөгө чейин аракетте болот.

11. Корутунду жоболор

11.1. Бул Эрежелер Акцияны өткөрүүнүн бардык мөөнөтүнүн жана Байгелерди алуунун мөөнөтүнүн ичинде аракетте болот.

11.2. Жеңүүчүнүн Оператор менен болгон өз ара мамилелериндеги кызыкчылыктарын ыйгарым укуктардын тиешелүү тизмесин камтыган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын  негизинде анын өкүлү көрсөтө алат.

11.3. Акцияга тиешелүү болгон кайрылуулар жана дооматтар аларды алган учурдан тартып 20 (отуз) календарлык күн ичинде каралат.

11.4. Ушул Эрежелер менен каралган милдеттенмелерди жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн Оператор жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул аткарбоо, тиешелүү милдеттенменин мүнөзү боюнча талап кылынган ак ниеттүүлүктүн, этияттыктын жана камкордуктун акылга сыйган чаралары менен  мурдатан көрүүгө болбогон жана болтурбай койууга болбогон жеңилгис күчтүн (форс мажор)  кесепети менен  орун алган болсо. Жеңилгис кучтүн жагдайларына төмөнкүлөр кирет жана алар менен чектелбейт: суу ташкындары, жер титирөө, жарылуу, шторм, жаратылыштын башка көрүнүштөрү, эпидемиялар, пандемиялар, ошондой эле согуш жана согуштук аракеттер, массалык башаламандыктар, мамлекеттик органдар тарабынан ушул Эрежелер менен каралган милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк бербеген чечимдерди, актыларды кабыл алуусу. Форс -мажордук жагдайлар башталган учурда милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу үчүн бардык аракеттер жасалат.

11.5. Акцияда катышуу менен Абонент байланыш Оператору тарабындагы жумуштун жана башка техникалык системалардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу техникалык мүчүлүштүктөрдүн пайда болушуна макул болот.  Оператор ушундай мүчүлүштүктөрдү тез жойуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.  Оператордун эркине көз каранды болбогон жагдайлар катары карала турган себептер боюнча Акцияны көрсөтпөө же көрсөтүү боюнча кечиктирүүлөр, анын ичинде жалпы колдонуудагы байланыш тармагынын иштөө жөндөмдүүлүгү, тармактын ашыкча жүктөлүшү, байланыштардын үзүлүшү, Абоненттик түзүлүштүн иш жөндөмдүүлүгүнүн абалы, системалардын техникалык өзгөчөлүктөрү үчүн Оператор жоопкерчиликтүү болбойт.

11.6. Акцияга катышууга байланыштуу бул жана башка маселелер боюнча  Абонент Оператордун  call-борборуна *611 телефону боюнча же Оператордун дарегине жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу.

https://beeline.kg/ru/aidana