close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Тариф Мамлекеттик Тариф Мамлекеттик
Бул тариф «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте, КРын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен иштелип чыккан.

Тарифке эмнелер кирет?

  • icon Тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS
  • icon КРнын башка мобилдик тармактарына чалуулар үчүн 20 мүнөт
  • icon 40 ГБ интернет
  • icon Чексиз Wi-Fi таратуу
  • icon Акысыз бонустук «Яндекс Плюс» жазылуусу
250 сом/30 күн

Акысыз бонустук «Яндекс Плюс» жазылуусу

  • icon Яндекс Go'нун «Комфорт» жана андан жогорку тарифтерине 10% арзандатуу алыңыз
  • icon Сүйүктүү музыкаңызды акысыз угуңуз
  • icon Сериалдарды жана тасмаларды жарнамасыз көрүңүз
  • icon Китептерди окуңуз жана угуңуз

Тарифке кантип кошулам?

icon 1

Тарифти «Мой Beeline» аркылуу гана кошо аласыз

  • 1-кадам: «Мой Beeline» тиркемесине кириңиз (төмөндөгү шилтеме аркылуу жүктөп алыңыз)
  • 2-кадам: «Тарифтер» бөлүмүндө «Мамлекеттик» тарифин тандаңыз
  • 3-кадам: Көңүл буруңуз!
    Мой Beelin'га өз паспортуңуздун маалыматтары менен киргениңизди текшериңиз

Тарифти кошуу учурунда, тутум Сиздин маалыматтарыңызды автоматтык түрдө e-Kyzmat базасында издейт.
Тарифке кошулуу менен, Сиз жеке маалыматтарыңыздын «Кызмат» мамлекеттик мекемеси» тутуму тарабынан иштетилишине макулдугуңузду билдиресиз.

Мой Beeline аркылуу кошулуу
icon 2

Жардам керекпи?

Эгер тарифти тиркеме аркылуу кошууда кыйынчылык жаралса, биздин байланыш борборубуз күнү-түнү иштейт.
*611 номерине чалыңыз — биз жардам берүүгө даярбыз!

Чалуу
icon 3

Номер катталбай жатабы?

Эгер мамлекеттик кызматкер болуп, тариф кошулбай жатса, номериңиз Сиздин атыңызга катталбаган болушу мүмкүн. Жакынкы Beeline кеңсесине кайрылыңыз — номерди каттап, тарифти кошууга жардам беребиз.

Картадан көрүү

Популярдуу суроолор

Мамлекеттик» тарифинин кандай артыкчылыктары бар?

Закрыть Открыть

«Мамлекеттик» тарифи «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен иштелип чыккан. Ал атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн каралган.
 

«Мамлекеттик» тарифин кантип активдештирүү мүмкүн?

Закрыть Открыть

Mой Beeline тиркемеси аркылуу гана активдештирүү мүмкүн: 
Тарифтер → Атайын тарифтер → «Мамлекеттик» тарифи → Активдештирүү. Тутум Сиздин мамлекеттик кызматкер статусуңузду e-Kyzmat базасында автоматтык түрдө текшерет. Эгер Сиз тутумда катталган болсоңуз, тариф ийгиликтүү активдештирилет.

«Мамлекеттик» тарифи кимдерге жеткиликтүү?

Закрыть Открыть

Тариф «e-Kyzmat» тутумунда катталган, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иштеген жекелештирилген абоненттер үчүн гана жеткиликтүү: ИИМ, ӨКМ, Коргоо министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги, салык, бажы, сот жана муниципалдык органдардын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери.

Мен мамлекеттик кызматкер болуп, бирок тарифке кошула албай жатсам, эмне кылышым керек?

Закрыть Открыть

Эгер Сиз мамлекеттик кызматкер болсоңуз, төмөнкүлөрдү текшериңиз:
•    номер Сиздин наамыңызга катталган эмес болушу мүмкүн;
•    номерди кайра каттоо жана маалыматты тактоо үчүн номердин ээси менен бирге эң жакынкы кеңсебизге кайрылыңыз.

Кеңселердин картасын ачуу → https://beeline.kg/ky/map

Тарифти кантип башкаруу керек?

Закрыть Открыть

• Тарифтин калдыктарын текшерүү – *505# же *604#.
• Топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу – *2200#.
• Тарифке Mой Beeline тиркемеси аркылуу гана өтүү мүмкүн.
• «Яндекс Плюс» жазылуусун Mой Beeline тиркемеси аркылуу активдештирүү мүмкүн.

Тарифке кошулуу үчүн документтер талап кылынабы?

Закрыть Открыть

Жок, документ тапшыруунун кажети жок. 
Мамлекеттик кызматкердин статусу e-Kyzmat базасында онлайн текшерилет. 
Эгер Сиз тутумда катталган болсоңуз, тариф ийгиликтүү кошулат.

Номер менин наамымда эмес болсо, тарифке кошула аламбы?

Закрыть Открыть

Номер мамлекеттик кызматкерге катталган учурда гана тариф жеткиликтүү болот. Сиз эң жакынкы кеңсебизге келип, номерди кайра каттатып, тарифке кошула аласыз.
Көңүл буруңуз: Бир мамлекеттик кызматкер тарифти бир гана номерде кошо алат.

Кеңселердин картасын ачуу → https://beeline.kg/ky/map

Мен учурда мамлекеттик кызматкер эмесмин, бирок тарифке кошулгум келет.

Закрыть Открыть

Биздин сунушубузга кызыкканың үчүн рахмат! Бул тариф «e-Kyzmat» тутумунда катталган мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана жеткиликтүү. Сиз үчүн башка пайдалуу тарифтер бар. 

Тарифтерди көрүү →  https://clck.ru/3QEWd5

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Бул тарифке Mой Beeline тиркемесинин «Тарифтер» бөлүмү аркылуу гана кошулуу мүмкүн. Кошулуу учурунда, e-Kyzmat тутумунда мамлекеттик кызматкердин статусу автоматтык түрдө текшерилет. Бир мамлекеттик кызматкер тарифти бир гана номерде кошо алат.

Эгер негизги топтом түгөнүп калса

Закрыть Открыть

Тарифти Mой Beeline тиркемеси же *2200# буйругу аркылуу мөөнөтүнөн мурда жаңырта аласыз. Абоненттик төлөм алынып, топтомдоруңуз калыбына келет. Абоненттик төлөм туура алынып, стандарттуу тарифтештирүү колдонулбашы үчүн, балансыңызды толуктоодон мурда, мобилдик интернетти өчүрүүнү сунуштайбыз. Тарифтин негизги интернет топтому түгөнгөн соң, интернетке кирүүгө аракет кылганыңызда, кошумча топтом берилет:
• 2 ГБ 40 сомго – эгер балансыңызда 40 сом же андан көп болсо;
• 1,5 ГБ 30 сомго – эгер балансыңызда 30-39,99 сом болсо;
• 1 ГБ 20 сомго – эгер балансыңызда 20-29,99 сом болсо;
Эгер балансыңызда 20 сомдон аз болсо, интернет берилбейт. Эгер тариф боюнча тармактан тышкаркы мүнөттөрүңүз түгөнүп калса, башка тармактарга чалууга аракет кылганыңызда, 10 сомго «Тармактан тышкаркы 5 мүнөт» топтому берилет. Эгер балансыңыз 10 сомдон аз болсо, башка тармактарга чалуулардын баасы 3 сом/мүн түзөт.
Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү – 24 саат. 24 сааттан кийин топтомдун калдыгы күйүп кетет. Эгер топтомуңуз берилген учурдан кийин 24 сааттын ичинде түгөнүп калса, же, анын мөөнөтү бүтсө, анда жогорудагы топтомдорду кайра ала аласыз («Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» жана «Тармактан тышкаркы 5 мүнөт»).

«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү өчүрүү: *502*1#.
«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү активдештирүү: *502*0#.
«10 сомго тармактан тышкаркы мүнөттөр» топтомун берүүнү өчүрүү: *503*1#.
«10 сомго тармактан тышкаркы мүнөттөр» топтомун берүүнү активдештирүү: *503*0#.

Абоненттик төлөм алынбаса, эмне болот?

Закрыть Открыть

• Эгер балансыңызда абоненттик төлөм үчүн каражат жетиштүү эмес болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликсиз болот. 
• Кирүүчү чалуулар, SMS жана USSD буйруктары, ошондой эле тез жардам кызматтарына жана Beeline’дын байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот. Тарифиңиздин абоненттик төлөмүн өз убагында төлөп, дайыма байланышта болуңуз.

Топтомдордон тышкаркы баалар:
•    КРнын башка мобилдик операторлоруна чалуулар – 3 сом/мүн;
•    КРнын стационардык номерлерине чалуулар – 5,85 сом/мүн;
•    КР боюнча SMS – 1 сом;
•    КРнын стационардык операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери бар түз номерлерге кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн;
•    эл аралык чалуулар жана SMS – расмий прайс-листке ылайык белгиленет.

Тарифте топтомдордон (негизги же кошумча) тышкары интернет берилбейт. Чалуулардын тегеректештирүү кадамы – 10 сек. Баалар КНС жана сатуу салыгын эске алуу менен көрсөтүлгөн.
 

Кененирээк маалымат же суроолор боюнча кайда кайрылам?

Закрыть Открыть

Кайрылуу жолдору:
• Beeline’дын WhatsApp колдоо кызматы: WhatsApp тейлоо борбору
*611 номери
• эң жакынкы тейлөө кеңсеси:  https://beeline.kg/ky/map

Бул тариф мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иштеген жана e-Kyzmat системасында катталган жекелештирилген абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.

Көңүл буруңуз: бир мамлекеттик кызматкер бул тарифти бир гана номерде кошо алат.

https://beeline.kg/ru/aidana