Beeline Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө кошулду

Beeline Кыргызстан командасы дүйнө жүзү боюнча 15-сентябрь 2018-жылы өткөн «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү»  аттуу глобалдуу экологиялык акцияга кошулду

Beeline Кыргызстан командасы дүйнө жүзү боюнча 15-сентябрь 2018-жылы өткөн «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү»  аттуу глобалдуу экологиялык акцияга кошулду. Компания кызматкерлери Кыргызстандын бардык жети облустарында ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү сактоого өзүнүн салымын кошуп кетишти.    

Баткен облусунда эле кызматкерлер 100дөн ашык килограмм таштанды чогултушту. Акцияга компаниянын 200дөн ашуун кызматкери катышты. Тазалык күнүнүн демилгечилеринин, Let's Do It World командасынын, маалыматтары боюнча бул күнү Кыргызстан боюнча 7 988  000 килограмм таштандылар (8 миң тоннага жакын) чогултулуп, алардын жарымын – пластик, төрттөн бир бөлүгүн – айнек, калган 25% - башка калдыктар түздү.

Beeline «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн» колдогон ири компаниялардын бири болду. Демилгеге кошулган катышуучулардын арасында коомдук уюмдар, мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери, чакан жана орто бизнес жана коомдук пикир лидерлери да болгон.

Акцияны жеке мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Аппарат жана парламент иштери башкармалыгынын кызматкерлери колдоп кетишти.

«Beeline Кыргызстан командасы четте калган жок, анткени биз өлкөбүздү жана дүйнөбүздү тазараак кылгыбыз келет. Экологиялуу жана жоопкерчиликтүү болуу адатка кириш керек. Анткени жоопкерчиликтүү болуу – демек планетаны сактоо, аны коргоо.   Жоопкерчиликтүү болуу — жашаган жериңди сыйлоо, жакшы көрүү дегенди билдирет» — деп Beeline Кыргызстан башкы директор  Ернар Накисбеков белгилеп кетти.  

«Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү»  (World Clean Up Day) — 2008-жылы Эстонияда пайда болгон демилге. Акция жыл сайын начарлап келе жаткан дүйнөдөгү экологиялык абалга көңүлдү бурдурат. Айлана-чөйрөнүн булгануу көйгөйү жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйып келет жана демилгечилер жарандарды коомдук жайларда туруктуу түрдө тазалыкты сактоо жөнүңдө, ресурстарды туура пайдалануу жана аларды туура керекке жаратуу тууралуу ойлонууга чакырат. 2018-жылы кыймылга 157 өлкө кошулуп, Кыргызстан алардын бири болду. 

https://beeline.kg/ru/aidana