Beeline «Жылдыздан балмуздак» акциясын колдоду

Beeline Кыргызстан Бишкекте 23-сентябрда өткөн «Жылдыздан балмуздак» жылдык кайрымдуулук акциясын колдоду

Beeline Кыргызстан Бишкекте 23-сентябрда өткөн «Жылдыздан балмуздак» жылдык кайрымдуулук акциясын колдоду. Онкологиялык оорулар менен балдар үчүн каражаттарды чогултууга багытталган акция «Куликовский» кондитердик үйү тарабынан уюштурулган шаардык үй-бүлөлүк фестивалдын бир бөлүгү болуп калды.   
 
Күнү бою Кыргызстандын белгилүү инсандары: бизнесмендер, блогерлер, эстрада аткаруучулары, медиаперсоналар жана ири компаниялардын топ-менеджерлери балмуздак сатып жатышты. Демилгени колдогондордун арасында мурдагы вице-мэр Эркин Исаков, дизайнер Дильбар Ашымова, «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев, кыргыз эстрада аткаруучулары Гульнара Тойгонбаева, Жанетта Бобкова, Чолпон Талипбек, Омар, Зере жана башкалар болду.
 
Сатуу текчесинин артына көчө сатуучусунун ролунда өзүн биринчи жолу сынап көргөн Beeline-дын санариптик өнүгүү боюнча директору Тилек Ахматов да турду. 


«Балмуздак сатуучусу – бул биринчи кезекте адамдарга жакшы маанай, кубаныч тартуулаган киши. Мен үчүн көбү балдар болгон сатып алуучулар менен баарлашуу убакыты накта бир майрамдай болуп калды. Дароо тапшырманы аткара алдым деп айта албайм, мисалы, шириндиктин көптөгөн түрлөрүн эстеп калуу, дан куурайдан жасалганды кулпунайдан, мистеден жасалганды кам каймактан жасалгандан айырмалоо мен үчүн оор болду. Бирок эң оор нерсе балмуздактан атайын кашык менен шариктерди жасалгалоо болду окшойт. Чатырчанын тегерегинде мезгил-мезгили менен кезектер болуп калып атты, бирок мен аракет кылдым. Мага жанымда көптөгөн көңүл кош карабаган адамдарды көрүү, жалпы кайрымдуулук иштин бир бөлүгү болуу өтө жагымдуу болду», — деди Ахматов.   


Акцияны жүрүшүндө бардык табылган каражаттарды «Куликовский» үйү Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен балдарды дарылоого жана калыбына келтирүүгө шарттарды жана өбөлгө түзгөн «Помогать легко» коомдук фондуна жөнөтөт.  
Акциянын демилгечиси жана уюштуруучусу, «Помогать легко» коомдук фондунун директору Динара Аляеванын айтуусу боюнча акция ийгиликтүү өттү. Акцияны колдогон белгилүү адамдардын жардамы менен кондитердик үй менен биргеликте фонд 94 миң сом чогулта алды.  
 
«Бул акцияда биз бир нерсени түшүндүк – бардык адамдар, жылдыздардан баштап акция күнү балмуздакты ырахаттануу жана кубануу менен сатып алгандарга чейин чындыгында кубануу менен каалашып, кайрымдуулукка катышышты. Көптөгөн адамдар кайтарымдан бул акчалар жакшы ниет менен кайрымдуулукка кетип аткан түшүнүп, баш тартып атышты.  Мени, бош эмес болгонуна карабай, белгилүү адамдар убакыт тапканы кубандырды. Муну менен  алар өзүнүн социалдык жоопкерчилигин жана кайрымдуулукка мамилесин көрсөтүштү», — деди Аляева.
 
Азыркы учурда «Помогать легко» фондунда жеке жана юридикалык жактардан кайыр-садага системасы каралган. Бул айда кайыр-садагалардын суммасы 141 054 сомго жетти. Аляеванын айтуусуна караганда каалагандар «Элсом»  капчыгы аркылуу акча которуу менен же «Помогать легко» сайтында банк картасынан которуу аркылуу балдардын саламаттыгынын абалын жакшыртууга бир аз салым  кошо алышат. 
http://www.pomogatlegko.kg/content/pomoch-pryamo-seychas

https://beeline.kg/ru/aidana