Digithon 2018: Beeline Кыргызстанда үчүнчү санариптик марафон өткөрдү

Beeline компаниясы тарабынан уюштурулган үчүнчү Digithon 7-8 сентябрь күндөрү Ololohaus арт-студиясында өттү. Эки күндүк санариптик марафон бизнес-маселелерин чечүү үчүн эң жаңычыл идеяларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга багытталган

Beeline компаниясы тарабынан уюштурулган үчүнчү  Digithon  7-8 сентябрь күндөрү Ololohaus  арт-студиясында өттү. Эки күндүк санариптик марафон бизнес-маселелерин чечүү үчүн  эң жаңычыл  идеяларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга багытталган. Марафондун жыйынтыгы боюнча жеңишке  ээ болгон тайпа октябрда Амстердамга   Global Digithon 2018де өзүнүн бизнес-идеясын сунуштоо үчүн жөнөп кетет.  

Digithon аталышындагы ар кайсы багыттагы иштеп чыгуучулар, дизайнерлер жана маркетологдордун катышуусу менен санариптик марафонду өткөрүү идеясы Beeline компаниясына тиешелүү. Демилге дүйнөдө технологиялардын өрчүшү жана технологиялык чечимдер аркылуу өзүнүн ишин оптимизациялоо боюнча рыноктун муктаждыгы менен пайда болгон экономиканы санариптештирүү  менен байланыштуу. Диджитондордун жардамы менен компания  бизнестин натыйжалуулугун жогорулатуу жана рынокту өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санариптик эко-чөйрөнү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.   
 
Эки күн бою санариптик марафондун катышуучулары рыноктун муктаждыктарына жооп берген эң мыкты инновациялык долбоорду иштеп чыгуу боюнча жарышышкан. Катышуучулар өзү үчүн көйгөйлөрдү аныктап, 24 саат ичинде алардын чечимин сунушташкан.    
 
Эгер 2017-жылы фундаменталдык багыт катары ресторандык жана мейманкана бизнеси каралса, бул жылы диджитон бир сектор менен гана чектелген жок. Форумдун уюштуруучуларынын айтуусу боюнча  бул жылы жаңы номинациялар киргизилген. Мисалы, «Ишке ашырууга эң мыкты идея», ошондой эле «Эң мыкты ментор». Долбоордун мүмкүн болгон ийгилигин жана туруктуулугун аныктоо үчүн негизги чен белгилер иштелип чыккан:  кардарга багытталуу, идеянын жаңычылдыгы, анын жашоо жөндөмдүүлүгү жана практикалык мааниси.  

14 катышуучу тайпалардын арасында balance.kg  тиркемеси аркылуу сатып алууларды өз алдынча төлөө мүмкүнчүлүгү менен өзүн өзү тейлөө кассаларын гипермаркеттерде орнотуу идеясын сунуштаган «Тапалак» тобу жеңүүчү болду. Тайпа Кыргызстанды Амстердамда өтө турган Global Digithon 2018де көрсөтүп тааныштырат. Жеңүүчүлөр «I DO MARKETING» компаниясынан «Одноклассники» социалдык тармагында 300 000 жана Mail.ru-да 200 000 көрсөтүүлөргө сертификатка ээ болду.  

«Boosters» аталышындагы экинчи тайпа Казакстанга жолдомо жана ири компаниялар боюнча экскурсия утуп алды.  Лидерлер арасында үчүнчү орунду алган «Wayne Enterprises» тайпасы Ololohaus-та каалаган эки айлык курсуна сертификатка ээ болду. 

Beeline санариптик өнүмдөр боюнча эксперти Айгерим Матамарованын айтуусуна боюнча диджитон өзүнүн дараметин ачуу үчүн бардык катышуучуларга мүмкүнчүлүк жаратты.   Айгерим «Boosters» тайпасынын мүчөсү жана учурда белгилүү balance.kg тиркемесинин иштеп чыгуучусу болгон. Play Market-те Balance тиркемесин 100 миңден ашык жолу жүктөп алышышты. «Биздин идея эң биринчи кезекте кассаларды ашык жүктөмдөн бошотуп, кардардын убакытын үнөмдөп, муну менен дүкөнгө барууну тез жана ыңгайлуу кылганга багытталган. Негизинен биздин иш адамдардын жашоосун жеңилдетүү жана шарттарды жөнөкөй кылууну негиз кылат» , —  деди Матамарова.
 
«Мындай иш-чаралар санариптик экономикага зыянсыз өтүүгө жана кесипкөйлөрдүн өзүн өнүктүрүү үчүн түрткү боло алат. Атаандаштык күрөш аябай катуу болду, мурдагы диджитондордо катышкан катышуучуларды кайрадан көрүү да жагымдуу болду. Бул кесиптештердин өзүнүн кесчипкөйлүгүн жогорулатууга жана адамдардын жашоосун жеңилдеткен жаңы долбоорлору ишке ашырууга чоң ниетин көрсөтөт», — деди Beeline Кыргызстан маркетинг боюнча эксперти Махабат Эралиева.

https://beeline.kg/ru/aidana