Алдамчылардын кайырмагына илинбе! Өлкөдөгү миңдеген окуучулар интернеттеги коопсуздукту үйрөнүүдө

Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы аймактарында мектеп окуучуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча окутуулар башталды

Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы аймактарында мектеп окуучуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча окутуулар башталды. Анда 5-11-класстын окуучулары мобилдик этикеттер, интернеттеги коопсуздук, интернеттеги алдамчылар менен кантип күрөшүү керек жана өзүңдү өзүң өнүктүрүү үчүн санариптик кызматтарды кантип туура колдонуш керек деген суроолорго жооп алууда.
Мындай долбоордун автору - Кыргызстандагы рынокто лидердик кылган телекоммуникациялык Beeline компаниясы. Балдарга жаңы багытта билим берүү долбоору өзүнө дээрлик 16 миң мектеп окуучусун камтыйт.

Санариптик сабаттуулук боюнча сабактар 26-ноябрда өлкөнүн түштүк аймагында башталган. AIESEC студенттик уюму менен биргеликте көтөрүлгөн бул демилге жаштарга санариптик дүйнөдө эмне болуп жаткан нерселерди анализдей алуусуна, андагы кызматтардын пайдалуусун тандай алуусуна карата маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Beeline компаниясынын укук маселелери боюнча директору Галина Кучеряваянын айтымында, долбоор 2013-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Ал калктын мобилдик сабаттуулугун арттыруунун алкагында башталып 5 жыл ичинде 5 миңден ашык адам бул окутуудан өттү.
"Мектептердеги алгачкы окутуулар адегенде 5-7-класстар үчүн гана өтүп жаткан. Азыр болсо биз аудиторияны кеңейтип, окутууга жогорку класстын окуучуларын да камтыдык, муну менен катар билим берүү мобилдик сабаттуулукту жогорулатуу менен гана чектелип калган жок. Beeline телекоммуникациялык оператордон заманбап digital-компанияга трансформация болгондуктан биз кызмат гана көрсөтпөстөн санариптик эко-чөйрөнүнү өнүгүшүнө салып кошууга аракеттенүүдөбүз. Мындан улам жаштар бул багыттагы билимин пайдалана ашылы үчүн атайын шарттарды түзүп жатабыз. Заманбап жашоонун реалдуулугун, андагы өтө тездик менен өзгөргөн шарттарды эске алуу менен биз жаштардын санариптик дүйнөдө мыкты ой жүгүртүүсүнө, интернеттеги сан жеткис маалыматтан эң пайдалуу жана керектүүсүн гана ала алганды үйрөнүүсүнө көмөк көрсөтөбүз", - деди Галина Кучерявая.

Мектептердеги окутуулар интерактивдүү форматта өтүп, негизинен иш жүзүндө пайда алып келген гана маалыматтар берилет. Санариптик сабаттуулук боюнча өтүп жаткан сабактар жаштар үчүн өтө түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн AIESEC студенттер уюму тарабынан атайын жаш ыктыярчылар тартылган. Алар окуучуларга бул багыттагы эң татаал маалыматтарды да жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бере алышат.
Ыктыярчылар окуучуларга техникалык татаал терминдерди, радио жана мобилдик байланыштагы процесстерди, алардын мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары, терс жактары тууралуу айтып беришет. Мындан тышкары сматрфондордун кызматы жана анын жардамы менен кантип билим алса болот, кантип өзүнүн билим деңгээлин өстүрсө болот деген темаларда сабак өтүшөт. Муну менен катар эле алар окуучуларга колдонуучу өзүнүн аккаунтун кантип коргош керек, алдамчылардын кайырмагына түшпөш үчүн кандай эрежелерди сактоо керектигин айтып беришет.
Beeline'дын билим берүү программасы өзүнүн ыңгайлуулугу менен айырмаланат - кичинекей класстар үчүн сабактар 40 мүнөткө созулса, 8-11-класстын окуучулары үчүн дыккат окуу прогарммасы түзүлгөн, ал 3 саатка созулат.
Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, 2019-жылдын апрель айынынын аягына чейин өлкөдөгү 70 мектептин 16 миң окуучусуна бул жаатта билим берилет. Мындай жыйынтыкка жетүүгө 5-10 класстын окуучуларына сабактар бир убакта өткөрүлгөндүгү мүмкүндүк берет.

https://beeline.kg/ru/aidana