Аукцион
«Скай Мобайл» ЖЧК алдын ала төлөп эсептешүү системасынын Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жараны болгон ар бир абоненти аукционго катыша алат жана «7711» кыска номерине «077ххххххх» (тизмедегилерден каалаган номер) тексти менен SMS-билдирүү жөнөтүп, аукционго катышууга каттала алат.
«Скай Мобайл» ЖЧК «VIP» категориясындагы номерлерине аукцион өткөрүү шарттары.
1. «Скай Мобайл» ЖЧК алдын ала төлөп эсептешүү системасынын Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жараны болгон ар бир абоненти аукционго катыша алат жана «7711» кыска номерине «077ххххххх» (тизмедегилерден каалаган номер) тексти менен SMS-билдирүү жөнөтүп, аукционго катышууга каттала алат.
Ошондой эле, сиз «Скай Мобайл» ЖЧК абоненти эмес болсоңуз жана аукционго катышууну каласаңыз, каалаган учурда «Скай Мобайл» ЖЧК тармагынын SMS-билдирүү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген тарифтик планы жана SMS-билдирүү жөнөтүүгө жетиштүү балансы менен активдүү SIM картасын сатып алып, Аукционго катышсаңыз болот.
2. Төмөндө келтирилген Аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышып алыңыз.
3. Аукционго катталуу «7711» кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт, бул лоттун баасын автоматтык түрдө 100 сомго көтөрөт. Катышуучу «7711» кыска номерине SMS-билдирүү жөнөткөндөн кийин ага катталуу фактысы же коюмдун жогорулаганы жөнүндө билдирүү келет.
4. Аукцион ар бир шаршембиде саат 9:00 дөн 17:00гө чейин өтөт.
№ |
Номер | Баштапкы баа | Аукциондун кадамы/ сом |
Аукцион өткөн күн |
1 | 774222222 |
50 000,00 |
100 |
21.02.2018 |
2 | 774333333 | 50 000,00 | 100 |
28.02.2018 |
3 | 774555555 | 50 000,00 | 100 |
07.03.2018 |
4 | 774666666 | 50 000,00 | 100 |
14.03.2018 |
5 | 774888888 | 50 000,00 | 100 |
21.03.2018 |
6 | 774999999 | 50 000,00 | 100 |
25.04.2018 |
7 | 775111111 | 50 000,00 | 100 |
02.05.2018 |
8 | 775222222 | 50 000,00 | 100 |
09.05.2018 |
9 | 775333333 | 50 000,00 | 100 |
16.05.2018 |
10 | 775444444 | 50 000,00 | 100 |
23.05.2018 |
11 | 775666666 | 50 000,00 | 100 |
30.05.2018 |
Аукционго катышуу.
1. Каттоодон кийин аукциондун катышуучусу «7711» кыска номерине «Stavka» же «Ставка» тексти менен SMS-билдирүү жөнөтүү менен бааны жогорулата алат.
2. «7711» кыска номерине «Stavka» («Ставка») тексти менен SMS-билдирүү жөнөтүү лоттун баасын аукциондун бир кадамы – 100 сомго жогорулатат. Ар бир SMS-билдирүүнүн баасы 6 сом (бардык салыктарды эске алганда).
3. Лоттун баасынын ар бир өзгөрүшү бардык Аукционерлерге «7711» кыска номеринен SMS-билдирүү түрүндө келет.
Аукциондо сатып алган номерин Абонент аукцион өткөн күндөн кийин 30 календардык күндөн кечикпей байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөндөн жана «Скай Мобайл» ЖЧК сатуу жана тейлөө кеңселеринен номердин акысын төлөгөндөн кийин гана алат.
Аукционго катышуудан баш тартуу.
1. Аукциондун катышуучусу «7711» кыска номерине «Otkaz» же «Отказ» тексти менен SMS-билдирүү жөнөтүү менен в аукционго катышуудан баш тарта алат. Бул учурда аукцион Катышуучу аукциондон баш тартканга чейинки жасаган коюмдарын эсепке алуу менен улана берет.
2. Эгерде аукциондун катышуучусу «7711» кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүп аукциондон баш тартса, лоттун баасы болуп акыркы коюм саналат.
Аукционду жабуу.
1. Аукцион өткөрүү графигине ылайык жабылды деп эсептелет. Мында жеңүүчүнү аныктоо үчүн Комиссия түзүлөт.
2. Beeline кызматкерлери жеңүүчүгө телефон чалышып, номерди жеңүүчүгө берүү тартиби жана убактысын макулдашат.
3. Жеңүүчү аукциондо сатып алган номерди Сатуу жана тейлөө кеңсесинен аукцион өткөн күндөн кийин 30 календардык күндөн кечикпей каалаган жумуш күнүндө саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүп жана номердин акысын төлөп алып кете алат. Жеңүүчү номерди сатып алуудан баш тарткан учурда анын коюмуна чейинки бааны берген катышуучу жеңүүчү деп табылат.
Кошумча шарттар
1. Абоненттин аукционго катышуусу автоматтык түрдө анын аукцион өткөрүү тартиби жана эрежелери менен таанышкандыгын жана ага толук макулдугун билдирет.
2. «Скай Мобайл» ЖЧК аукциондун катышуучуларына өзгөртүүлөр күчүнө кире электе www.beeline.kg расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу маалымдоо менен Аукцион өткөрүү эрежелерин өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.