Акылдуу түзмөктөр үчүн тарифтердин чыгарылышы

Beeline абоненттери үчүн «Акылдуу түзмөк» тарифи коопсуздук жана өрт сигнализациясына орнотулган SIM-карталарга, смарт сааттарга, жылытуу системаларына, акылдуу үйдүн сенсорлоруна, жылытуу казандарына, авто сигнализацияларга, борт компьютерлерине, төлөм терминалдарына, банкоматтарга жана башка көптөгөн гаджеттерге арналган.
Тариф Кыргызстандын бардык аймагында жарактуу жана ай сайын: түйүн ичинде 10 мүнөт жана 100 SMS, жогору ылдамдыкта 200 МБ интернет-трафиги берилет. Бул жогоруда айтылган көпчүлүк түзмөктөр үчүн жетиштүү болот.
Абоненттер ыңгайлуу төлөм ыкмасын тандай алышат:
• Айына (30 күн) – 50 сом
• 6 айга (180 күн) - 280 сом
• 1 жылга (360 күн) – 490 сом
"Акылдуу түзмөк" тарифине кандайдыр бир контент кызматтарын кошуу мүмкүн эмес.
Тарифте атайын ысыкка чыдамдуу SIM-карта камтылган, ал жогорку же төмөнкү температурада M2M түзүлүштөрү менен иштөөгө ылайыкталган.
Бул тарифтин жардамы менен сиз түтүн жана агып чыгуу датчиктерин, розеткаларды жана башка акылдуу түзүлүштөрдү күнү-түнү көзөмөлдөй аласыз.
Тариф каалаган убакта жана ашыкча төлөмсүз түзмөктөрдү башкарууга жана алардын абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Пакеттин калдыгын жана балансты төмөнкү жолдор менен текшере аласыз:
• "Мой Beeline" тиркемеси аркылуу. Номерди атайын «Акылдуу түзмөк» бөлүгүндө кошуп аласыз болот. Бул үчүн сизге 0XXXXXXXXX телефон номери жана PIN2 керек болот
• https://beeline.kg/ky сайтынан жеке кабинетиңизде
• *551*0XXXXXXXXX*PIN2# командасы аркылуу.
Бул тарифти кантип кошуу керек?
Жаңы тариф менен SIM-картаны Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде алсаңыз болот.
Ысыкка чыдамдуу атайын сим-картанын баасы 100 сом.
Тариф тууралуу кененирээк.