Beeline Бишкектеги интернеттин ылдамдыгын бир кыйла жакшыртты

Урматтуу абоненттер!

Эми Beeline абоненттери ылдамдыгы бир нече эсеге өскөн интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат!
Эскерте кетсек, 2021-жылдын сентябрь айында Санариптик өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарында TDD стандартында 100 МГц өлчөмүндөгү радиожыштык ресурсун пайдалануу боюнча аукцион өткөргөн.
Анда Beeline компаниясы ресурстун бир бөлүгүн 360 миллион сомго сатып алган.
Beeline аукциондун натыйжасында сатылып алынган жаңы жыштыктардын алкагында тармактын курулушун аяктоодо жана марттын башынан тарта абоненттер интернеттин жаңы ылдамдыгын сезе жана сынай алышат.
Учурда Beeline байланыш мунараларына орнотулуп жаткан TDD байланыш стандарты Кытайда жана Азияда кеңири колдонулат, бирок ал Бишкекке жана Кыргызстанга жакында эле келген.
Бул колдонуучунун интернетте маалыматты кантип кабыл алуу жана аны берүү ортосунда тармак ресурсун динамикалык түрдө кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Бул абоненттер тасмаларды эң мыкты сапатта кечиктирбестен көрө аларын, көбүрөөк сайттарды көрө аларын, бир эле учурда музыка угарын билдирет жана мунун бардыгын жогорку ылдамдыкта болот.
Өзүңүз байкап көрүңүз!

https://beeline.kg/ru/aidana