close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Мобилдик тиркемеде SIM-картаны каттоо: Beeline’дан толук нускама жана бонус

Мобилдик тиркемеде SIM-картаны каттоо: Beeline’дан толук нускама жана бонус

Жакында Кыргызстанда КР Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелери күчүнө кирди. Алар өлкөдөгү бардык уюлдук операторлорго тиешелүү. Эми 1-апрелден баштап сатылып алынган SIM-карталар паспорттук маалыматтар менен абоненттин атына катталышы керек.

Номерди уюлдук операторлордун кеңселеринде да, онлайн да каттаса болот (эки учурда тең паспорт керек болот). Beeline Кыргызстан номерди мобилдик тиркеменин жардамы менен каттоодон өткөрүү жана кийинки абоненттик төлөмдү төлөө үчүн баланска 200 сом бонус алуу оңой экенин кабарлайт.

1-кадам. Жаңы Beeline SIM-картасын активдештириңиз. Сизге «Мой Beeline» мобилдик тиркемесинде каттоого шилтемеси бар SMS келет, аны бекер жүктөп алууга болот. Тиркеменин жаңы колдонуучулары белекке 2 ГБ интернет алышат.

2-кадам. «Мой Beelinе» кириңиз. Тиркеменин негизги бетиндеги «Каттоо» блогун басыңыз же «Дагы» бөлүмүндө «Каттоо» кошумча барагын ачыңыз;

3-кадам. Тиркемедеги жөнөкөй нускамаларды аткарыңыз:
   - паспорттун алдынкы тарабын, анан кийин арткы тарабын сүрөткө тартыңыз;
   - маалыматтардын тууралыгын текшериңиз;
   - паспортуңуз менен өзүңүздү сүрөткө тартыңыз;
   - абоненттик келишимди текшериңиз;
   - жашыруун сөздү ойлоп таап, кол коюңуз;
   - арызыңызды карап чыгууга тапшырыңыз.

4-кадам. Эгерде бардык шарттар сакталган болсо, сиз ийгиликтүү каттоо жана байланыш кызматтарына толук жетүү жөнүндө билдирүү, ошондой эле кийинки абоненттик төлөм үчүн баланска Beeline’дан 200 сом аласыз.

«Мой Beelinе» мобилдик тиркемеси менен номерди өз алдынча каттоо оңой, ыңгайлуу жана пайдалуу экенине ынанасыз.

Сизге ыңгайлуу болушу үчүн, Beeline номерди каттоо жол-жобосу боюнча видео көрсөтмө жана көп берилүүчү суроолор боюнча кеңири колдонмону түздү, ал шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

https://beeline.kg/ru/aidana