SIM-карталарды электрондук документтер аркылуу сатып алуу

Урматтуу абонент, эми Beeline'дын сатуу жана тейлөө кеңселеринде SIM-карта сатып алып, «Түндүк» тиркемесинде өздүгүн тастыктоочу электрондук документ аркылуу номер боюнча бардык операцияларды аткаруу мүмкүн.
«Түндүк» тиркемеси санариптик документтерди физикалык форматтагы документтер сыяктуу эле колдонууга мүмкүндүк берет: улуттук паспорттор (2004- жана 2017-жылкы идентификациялык карталар (ID-карталар), 2006- жана 2020-жылкы жалпы жарандык паспорттор (чет элдик паспорттор), дипломатиялык паспорттор) жана айдоочулук күбөлүктөрү.

https://beeline.kg/ru/aidana