ОСАГО Beeline'дын кеңселеринде: тез жана оңой
Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн Beeline Кыргызстан жана «АЮ Гарант» камсыздандыруу компаниясы өз күч-аракеттерин бириктиришти. Эми автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) түздөн-түз Beeline'дын кеңселеринен алуу мүмкүн.
Мындай кызматташтыктын кандай артыкчылыктары бар?
• Жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук. АЮ Гарант тарабынан камсыздалган ОСАГО полисин, ашыкча күч жана убакыт коротпостон, Beeline'дын кеңселеринен алыңыз.
• Ишенимдүү шарттар. АЮ Гарант – бул сапаттуу камсыздандыруу кепилдиги. Мүлкүңүздү коргоо үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү тандаңыз.
• Кесипкөйлүк консультация. ОСАГО маселелери боюнча ар дайым кенен түшүндүрмөлөр берилет.
Биз камсыздандырууну Сиз үчүн мүмкүн болушунча оңой жана ыңгайлуу кылабыз. Толук маалымат: https://agi.kg.