Корпоративдик топтордун абоненттери үчүн «Роуминг» кызматынын шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө

Урматтуу корпоративдик кардарлар!
2023-жылдын 2-мартынан баштап, корпоративдик топтордун абоненттери үчүн роумингдин базалык тарифтештирүүсүнүн шарттарына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү тарифтештирүү колдонулган аймактар боюнча өлкөлөрдүн тизмеси жаңыртыла тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

1-зона
Роумингдеги чалуулардын баасы: кирүүчү чалуулар, жергиликтүү чыгуучу чалуулар, Кыргызстанга чыгуучу чалуулар – 25 сом/мүнөт.
Роумингдеги интернеттин баасы: 2 сом/Мб.

2-зона
Роумингдеги чалуулардын баасы: кирүүчү чалуулар, жергиликтүү чыгуучу чалуулар, Кыргызстанга чыгуучу чалуулар – 40 сом/мүнөт.
Роумингдеги интернеттин баасы: 4 сом/Мб.

3-зона
Роумингдеги чалуулардын баасы: кирүүчү чалуулар, жергиликтүү чыгуучу чалуулар, Кыргызстанга чыгуучу чалуулар – 300 сом/мүнөт.
Роумингдеги интернеттин баасы: 2000 сом/Мб.

Бардык зоналар үчүн
Эл аралык багыттар боюнча чыгуучу чалуулар – 120 сом/мүнөт, спутниктик тармактарга – 1287 сом/мүнөт.

Роумингде SMS
Роумингде SMS жөнөтүү боюнча 1- жана 2-зоналар үчүн төмөнкү тарифтер колдонулат:
●    10 сом/SMS – кызмат иштеген бардык өлкөлөрдөгү (БАЭден башка) бардык чыгуучу SMS'тер үчүн;
●    25 сом/SMS – БАЭдеги бардык чыгуучу SMS'тер үчүн.
Роумингде SMS жөнөтүү боюнча 3-зона үчүн төмөнкү тарифтер колдонулат:
●     50 сом/SMS – роуминг иштеген бардык өлкөлөрдөгү бардык чыгуучу SMS'тер үчүн.

Бардык кирүүчү SMS'тер – акысыз.

1-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Австралия, Австрия, Албания, Аргентина, Армения, Беларусь, Бельгия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Греция, Грузия, Израиль, Исландия, Испания, Италия, Казакстан, Канада, Кытай, Латвия, Литва, Люксембург, Македония, Мальта, Польша, Пуэрто-Рико, Россия, Румыния, Сербия, Словакия, Словения, АКШ, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Хорватия, Черногория, Чехия, Эстония, ТАР, Япония.

2-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Азербайжан, Алжир, Ооганстан, Бангладеш, Гана, Дания, Египет, Индия, Иордания, Ирак, Ирландия, Катар, Кипр, Кувейт, Лихтенштейн, Малайзия, Мьянма (Бирма), Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Норвегия, БАЭ, Оман, Пакистан, Португалия, Молдова Республикасы, Сауд Аравиясы, Сингапур, Тайланд, Финляндия, Франция, Швейцария, Шри-Ланка, Түштүк Корея.

3-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Бахрейн, Бразилия, Бруней, Гондурас, Гонконг, Гуам, Доминикан Республикасы, Индонезия, Иран, Камбоджа, Конго, Кот-д'Ивуар, Лаос, Лесото, Либерия, Ливан, Маврикий, Макао, Мальдивдер, Мексика, Мозамбик, Монако, Монголия, Непал, Нигер, Нигерия, Никарагуа, Палестина, Панама, Папуа – Жаңы Гвинея, Парагвай, Сальвадор, Сейшелдер, Судан, Сьерра-Леоне, Тайван, Танзания, Тринидад жана Тобаго, Тунис, Уганда, Уругвай, Швеция, Эквадор, Экватордук Гвинея, Ямайка жана учактардагы роуминг.

Чалуулардын тарифтештирүүсү – мүнөт сайын. Интернеттин тегеректөө кадамы – 100 Кб.
Роумингдин базалык тарифтештирүүсү, бардык башка роуминг кызматтарына жана тарифтик опцияларына салыштырмалуу эң төмөнкү приоритетке ээ.
Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

https://beeline.kg/ru/aidana