Корпоративдик кардарларга уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча өзгөрүүлөр

Урматтуу кардар!
Сизге корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча Типтүү Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

2022-жылдын 15-ноябрынан тарта, Корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча Типтүү келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилмекчи:
• 2.5-пунктуна ылайык, роуминг кызматы корпоративдик топтун/Абоненттик топтун абоненти тарабынан, абоненттик терминалдан буйруктарды киргизүү жолу менен автоматтык түрдө активдештирилиши мүмкүн;
• 2.6-пунктуна ылайык, Абонент же корпоративдик топтун/Абоненттик топтун абоненти, кирүү кодун терүү аркылуу кошумча кызматка буйрутма берүүдө, кошумча кызматтарды көрсөтүү эрежелери жана аларды тарифтештирүү эрежелери менен макул болот, жана ал кызматтарды алууга жана алар үчүн төлөөгө макулдугун берет.

Эгер корпоративдик кардар/Абонент, Оператор тарабынан келишим шарттарынын өзгөртүлүшү жөнүндө маалымат веб-сайтта жайгаштырылган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин Оператордун кызматтарынан пайдаланууну уланта берсе, анда келишимдеги өзгөртүүлөр корпоративдик кардар/Абонент тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

Корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук кызматтарды көрсөтүү боюнча Типтүү келишимдин жаңы редакциясы боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн менеджериңизге кайрылыңыз же төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.

https://beeline.kg/ru/aidana