Prepaid сегменттин камтыган «Роуминг» кызматынын шарттарынын өзгөрүүсү

Урматтуу абонент!

2022-жылдын 15-сентябрынан тарта, prepaid сегментин камтыган «Роуминг» кызматынын шарттарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын маалымдайбыз:

1. 1-зона
Интернет: Интернет роумингде колдонулган учурда, суткасына 50 сомго 50 Мбтык топтом берилет.
Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 2 сом/Мб болот.

Чалуулар: кирүүчү же чыгуучу чалуу ийгиликтүү аткарылган учурда, суткасына 100 сомго 5 мүнөттүк чалуулар топтому берилет.
Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда чалуулардын тарифтештирүүсү 25 сом/мүн болот.

2. 2-зона
Интернет: Интернет роумингде колдонулган учурда, суткасына 100 сомго 50 Мбтык топтом берилет.
Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 4 сом/Мб болот.

Чалуулар: кирүүчү же чыгуучу чалуу ийгиликтүү аткарылган учурда, суткасына 100 сомго 3 мүнөттүк чалуулар топтому берилет.
Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда чалуулардын тарифтештирүүсү 40 сом/мүн болот.

«Интернет» жана «Чалуулар» топтомдору тиешелүү роуминг активдүүлүгү (чалуулар же интернет-сессия) башталган учурда берилет.
Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү алар берилген учурдан тартып 24 саатты түзөт.
Топтомдор берилген учурдан тартып 24 саат өткөн соң, алардын пайдаланылбаган калдыгы күйүп кетет.
Топтомдор түгөнгөн же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда, жаңы топтомдор роуминг активдүүлүгү башталган жана баланста талап кылынган сумма болгон шартта берилет.
Ар бир топтом белгилүү роуминг зонасы үчүн гана жарактуу.
Чалуу жана интернет топтомдору роумингде гана жарактуу.
Чалуулар топтому төмөнкү багыттарды камтыйт: кабыл алуучу өлкөнүн ичинде жана КРнын бардык түйүндөрүнө аткарылган чыгуучу чалуулар; бардык багыттардан аткарылган кирүүчү чалуулар.
Эл аралык багыттардагы чыгуучу чалуулар – 120 сом/мүн., спутник түйүндөрүнө – 1287 сом/мүн.

3. 3-зона
Бардык багыттардагы* чалуулардын тарифтештирүүсү – 120 сом/мүн.
Интернеттин тарифтештирүүсү – 1000 сом/Мб.

*спутник түйүндөрүнө багытталган чалуулардан тышкары.
Спутник түйүндөрүнө багытталган чыгуучу чалуулардын баасы мүнөтүнө 1287 сомду түзөт.

Роумингде SMS
Prepaid сегментин камтыган «Роуминг» кызматынын бардык 3 тарифтик зонасы үчүн төмөнкү SMS тарифтештирүүсү колдонулат:

  • 10 сом/SMS – кызмат камтыган бардык өлкөлөрдө бардык чыгуучу SMS'тер (Мальдив өлкөлөрү жана БАЭден тышкары);
  • 25 сом/SMS – Мальдив өлкөлөрү жана БАЭде бардык чыгуучу SMS'тер.

Бардык кирүүчү SMS’тер – акысыз.

Prepaid сегментин камтыган «Роуминг» кызматы абоненттик төлөмсүз көрсөтүлөт, жана аны кошуу – акысыз.
Чалуулардын тарифтештирүүсү – мүнөт сайын.
Интернеттин тегеректөө кадамы – 100 Кб.
Бул кызмат prepaid сегментинин бардык роуминг кызматтарына карата эң төмөнкү приоритетке ээ.

«Роуминг» кызматы жөнүндө маалымат, жана ошондой эле, зоналарга бөлүнгөн өлкөлөрдүн тизмелери: https://beeline.kg/ky/roaming

Көңүл буруңуздар!!!
Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү техникалык жактан ишке ашыруу үчүн роумингдеги бардык абоненттер үчүн 30 календардык күндүн ичинде өткөөл мөөнөтү киргизилет, жана анда төмөнкү тарифтештирүү колдонулат:

  • 1-зона: 1 мүнөт/25 сом, 1 Мб/2 сом;
  • 2-зона: 1 мүнөт/40 сом, 1 Мб/4 сом;
  • 3-зона: 1 мүнөт/120 сом, 1 Мб/1000 сом.
     

Ошол эле учурда, өткөөл мөөнөтү аяктаган соң, роуминг активдүүлүгү prepaid сегментин камтыган «Роуминг» кызматынын жаңы шарттарына ылайык тарифтештирилет.

Бардык тарифтер бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

https://beeline.kg/ru/aidana