Эми СберЗвук музыкалык кызматы жаңы «Бирге+Музыка» тарифтик линейкасында жеткиликтүү

Биз рынокто биринчилерден болуп, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуп, популярдуу СберЗвук музыкалык кызматынын акысыз жазылуусун камтыган тарифтик пландарды иштеп чыктык.

СберЗвук – бул адам өмүрүнүн ар бир көз ирмемин ылайыктуу обон менен коштоп берүүчү аудиокызмат. Анда 70 миллиондон ашык ыр (анын ичинде Hi-Fi сапаты менен), жүз миңдеген подкасттар, аудиокитептер жана көптөгөн башка нерселер камтылган. Ал эми «Толкундар» кызматы телефонуңузда өзүңүздүн аудиостанцияңызды түзүүгө мүмкүндүк берет..

Жаңы «Бирге Музыка+ivi», «Бирге Музыка+YouTube», «Бирге чексиздик Premium» интернет үчүн ылайыкталган тарифтерде ар бир кардар өзүнө жаккан нерсени таба алат:
• кино, сериалдар жана мультфильмдердин күйөрмандары үчүн «Бирге Музыка + ivi» тарифине көптөгөн абоненттер жактырган эң ири ivi онлайн-кинотеатрынын жазылуусу кошулган;
• видеолорду көп көргөндөр үчүн – YouTube үчүн ЧЕКСИЗ трафик менен «Бирге Музыка + YouTube» тарифи;
• толук чексиздикти тандаган абоненттер үчүн Beeline’дын атайын сунушу – чексиз интернет, СберЗвук жана ivi’нин чексиз жазылууларын камтыган «Бирге Чексиздик Premium» тарифи.
Башка «Бирге» сунуштарындагыдай эле, жаңы тарифтерде Beeline’дын ичинде чексиз чалуулар, чоң интернет топтомдору жана башка тармактар үчүн мүнөттөр камтылган. Бул эң активдүү колдонуучулар үчүн да жетиштүү болот.

Жаңы тарифтерди кантип кошуу керек?
«Мой Beeline» мобилдик тиркемеси, *991 номери, beeline.kg сайты («Тарифтер» бөлүмү), ошондой эле өлкө боюнча сатуу жана тейлөө кеңселери аркылуу бардык тарифтер жөнүндө кененирээк маалымат алып, ылайыктуусун кошуп алуу мүмкүн.
Тарифтерге кошулган бардык жазылууларды «Мой Beeline» тиркемесинде гана активдештирүү мүмкүн.
Көңүл буруңуз! Тарифтерге кошулуу акция болуп саналат жана ал 2022-жылдын 30-апрелине чейин созулат.

https://beeline.kg/ru/aidana