Beeline'дын абоненттери үчүн чет өлкөгө акысыз чалуу күндөрү: 30-августтан 1-сентябрга чейин!

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Beeline сизге чет өлкөдөгү жакын туугандарыңыз менен акысыз байланышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. "Чет өлкөгө акысыз чалуу күндөрү" акциясы Билайн Россия жана Beeline Казакстан тармактарында жеткиликтүү болот жана үч күнгө созулат.

30, 31-августта жана 1-сентябрда, Beeline’дын бардык абоненттери Россия жана Казакстанга чалуулар үчүн 60 акысыз мүнөткө ээ болушат.

Пакет, күн сайын саат 00:00дө активдештирилет жана 23:59да аяктайт. Beeline Россия жана Beeline Казакстан номерлерине чыгуучу чалуулар 24 сааттын ичинде суммаланат.

Колдонулбаган мүнөттөр кийинки календардык күнгө өтпөйт.

Акысыз мүнөттөр пакети аяктаган соң, сиздин тарифтик планыңыздын шарттарына ылайык, эл аралык чалуулар тарифтештирүүсү башталат.

Акциянын шарттары автоматтык түрдө жеткиликтүү.

Мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү буйругу: *2021#.

Beeline операторлорунун коддорун beeline.kg сайтында, "Чет өлкөгө чалуулар" бөлүмүндө көрүү мүмкүн.

Сиздин жана жакындарыңыздын камын ойлоп, Beeline!

https://beeline.kg/ru/aidana