Beeline'дын коворкинг борборлору ийгиликтүү окууга жана иштөөгө жардам берет!

Beeline'дын акысыз коворкинг борборлоруна чакырабыз — окуу жана иштөө үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Алардын эшиги, жашына жана кесибине карабастан, баары үчүн ачык.

Компания Кыргызстанда үч мындай борбор ачкан.
1. КМТУдагы (Политех) коворкинг 2018-жылы ЖОЖдун илимий-техникалык китепканасынын базасында ачылган.
Beeline бул борборду керектүү нерселердин баары менен камсыздаган: компьютерлер, проектор, эмерек жана сапаттуу интернет.
Бул жерге студенттер сабактарга же экзамендерге даярдануу, долбоорлордун үстүндө иштөө жана пикир алмашуу үчүн көп келишет.
Дареги: Бишкек ш., Ч.Айтматов проспекти, 66 (264-кабинет).
Иш убактысы: дүйшөмбү-жума, 8:00дөн 17:00гө чейин.

2. 2019-жылы өлкөнүн түштүгүндө Жалал-Абад облустук китепканасынын базасында дагы бир акысыз коворкинг борбору түзүлгөн.
Компания оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, ыңгайлуу, кооз эмеректер менен камсыздоо, стационардык компьютерлерди орнотуу жана аларды интернетке туташтыруу менен аймактын жашоочулары үчүн инновацияларга жана билимге жол ачып берген.
Дареги: Жалал-Абад ш., Ленин аянты, 20.
Иш убактысы: дүйшөмбү-жума, 8:00дөн 17:00гө чейин.

3. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы №9 китепканасынын базасындагы коворкинг өткөн жылы жайда ачылган.
Бул жерде келүүчүлөрдү жайлуу атмосфера, сапаттуу жабдуулар, компьютердик техника жана жогорку ылдамдыктагы интернет күтөт.
Жайгашкан жери ыңгайлуу болгондуктан, коворкингге мектеп окуучуларынан баштап пенсионерлерге чейин ээн-эркин келе алышат.
Дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 111.
Иш убактысы: дүйшөмбү-жума, 8:00дөн 17:00гө чейин.

Ошондой эле, Beeline'дын коворкинг борборлорунда англис тили жана компьютердик сабаттуулук курстары, ЖРТга даярдоо, окурмандар клубдарынын чогулуштары сыяктуу ар кандай билим берүүчү жана тематикалык иш-чаралар өтүп турат.
Алдыда боло турган иш-чаралар тууралуу маалымат Instagram социалдык тармагында @qoothub жана @beeline_kyrgyzstan баракчаларында («Актуалдуу» – «Коворкинг» бөлүмүндө) жайгаштырылып турат.

Кам көрүү менен, Beeline!

https://beeline.kg/ru/aidana