Beeline студенттер үчүн 195 сомдук жеңилдетилген тарифти иштеп чыкты

Коронавирустук пандемияга байланыштуу, билим берүү системасы дүйнө жүзү боюнча өзгөрүлүп, алыстан окутууга кеңири масштабда которулууда.

Beeline, студенттерди колдоо максатында, алар үчүн жеңилдетилген тарифти иштеп чыгып, лекцияларды угуу, вебинарларга катышуу, тапшырмаларды аткаруу жана тесттерден өтүү платформаларын акысыз түрдө колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Тариф төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Мүмкүн болушунча жогорку ылдамдыкта 50 ГБ интернет;
  • Beeline тармагында ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;
  • Instagram, WhatsApp, Telegram, Facebook, ВКонтакте, Zoom, Skype жана КРнын ЖОЖнын сайттары үчүн ЧЕКСИЗ интернет трафиги;
  • КРнын башка мобилдик операторлорунун номерлерине 20 мүнөт.

Карантин убагында, 4 жумалык абоненттик төлөм 195 сомду түзөт.

Тарифти кантип кошуу мүмкүн?

Тарифке ээ болуу үчүн, [https://beeline.kg/ky/student-apply] сайтында билдирүүнү толтуруп, паспорттун жана студенттик билеттин сканын тиркөө зарыл.

Эгер үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүӊүз бар болсо, Beeline’дын сатуу жана тейлөө кеңселеринде же промоутерлер аркылуу тарифке кошулуу мүмкүн. Мындай учурда паспорт жана студенттик билетти көрсөтүү зарыл.

Тарифтин мөөнөтү 2020-жылдын 1-июнуна чейин.

Алыстан билим алуу учурунда, Beeline, сиздин максималдуу ыңгайлуулугуңуз жөнүндө кам көрөт!

https://beeline.kg/ru/aidana