2020-жылдын 7, 8 жана 9-ноябры – чет өлкөгө акысыз чалуу күндөрү!

Beeline кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!

Кыргыз элинин тарыхында биримдик, мамлекеттүүлүк жана келечекке болгон ишеним идеялары кылымдар бою муундан муунга өтүп келген.

Beeline кыргызстандыктарга үй-бүлөлүк бакыт жана ынтымак каалайт.

Ушул күндөргө карата, Beeline’дын абоненттери жакындары менен акысыз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

7, 8 жана 9-ноябрь күндөрү, Beeline Россия жана Beeline Казакстан номерлерине чалуулар үчүн күн сайын 60 акысыз мүнөт жеткиликтүү болот.

Пакет ар бир күнү саат 00:00дө активдештирилет жана 23:59да аяктайт. Beeline Россия жана Beeline Казакстан номерлерине болгон чыгуучу чалуулар 24 сааттын ичинде жыйынтыкталат. Колдонулбаган мүнөттөр кийинки календардык күнгө өтпөйт.

Акысыз мүнөттөр пакети аяктаган соң, эл аралык чалуулар Сиздин тарифтик планыңыздын шарттарына ылайык тарифтештирилет.

Акция Сиздин номериңизде автоматикалык түрдө жеткиликтүү болот.

Мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү: *2021#

Beeline операторлорунун коддорун beeline.kg сайтында «Роуминг жана эл аралык байланыш» бөлүмүндө табуу мүмкүн: https://beeline.kg/ky/roaming

Beeline: Сизге жана Сиздин жакындарыңызга кам көрүү менен!

https://beeline.kg/ru/aidana