• Билим берүү
  • «Профориентация» долбоору
  • IT курстары
  • Коворкинг борборлору
Социалдык инвестициялар (Social)

Билим берүү

Иштин приоритеттүү багыттарынын бири – өлкөнүн келечегине кошкон маанилүү салым катары сапаттуу билим берүү. Билим берүү процесстерин мыктылаштыруу жана технологиялар жаатында билим берүү программаларын иштеп чыгуу IT индустриясы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого, ошондой эле, тышкы саясий аренада өлкөнүн имиджин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Андан тышкары, биз өз ресурстарыбызды адамдардын ортосундагы тосмолорду жоюу жана өлкөнүн аймактарында социалдык программаларды ишке ашыруу менен бүтүндөй коомдун туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн колдонобуз. Биздин долбоорлор жаңы билим алууну абдан жөнөкөйлөтүп, билимдүү муунду тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз.

Билим берүү
Социалдык инвестициялар (Social)

«Профориентация» долбоору

Бул демилге жаш муундун талап кылынган кесиптер менен таанышуусуна жана келечектеги адистигин аң-сезим менен тандоосуна жардам берет.

Сунушталган курстардын актуалдуулугун Кыргызстандын ар кайсы аймактарында студенттер жана мектеп окуучулары арасында жүргүзүлгөн социалдык изилдөөлөр тастыктайт. Ошентип, Beeline'дын бул платформасы келечектүү кесиптер менен таанышууга жана онлайн курстарын орус жана кыргыз тилдеринде өтүүгө мүмкүндүк берет.

Платформага шилтеме: https://beeprof.beeline.kg/

Проект «Профориентация»
Социалдык инвестициялар (Social)

IT курстары

Биз калкты актуалдуу адистиктер менен тааныштыруу менен гана чектелбестен, бул багыттар боюнча билим алууга мүмкүндүк түзүүгө да умтулабыз. Beeline жыл сайын жаштар үчүн жана техникалык кесипти өздөштүүнү көздөгөндөр үчүн чоң тажрыйбага ээ квалификациялуу адистерден сапаттуу билим алууга, өз долбоорлорун ишке ашырууга жана өлкөнүн алдыңкы компанияларында стажировкадан өтүүгө жардам бере турган акысыз IT курстарын уюштурат.

IT-курсы
Социалдык инвестициялар (Social)

Коворкинг борборлору

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча Beeline'дын 4 коворкинг борбору иштеп жатат:
Бишкекте ̶ 2, Жалал-Абадда ̶ 1, Караколдо ̶ 1. Иштөө жана окуу үчүн керектүү болгон интернет жана башка нерселер менен жабдылган бул борборлор бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Ал жерде жаштардын өнүгүүсүнө жана билим алуусуна, ошондой эле Кыргызстандын аймактарында билим берүү жаатында теңсиздикти кыскартууга өбөлгө түзө турган акысыз курстар жана тренингдер дайыма өткөрүлүп турат.

Коворкинг-центры
https://beeline.kg/ru/aidana