«Викторинанын» элементтерин камтыган Акцияны өткөрүү Эрежелери

(14.09.2022-жылдан тарта күчүнө кире турган 26.10.2022-жылдагы өзгөртүүлөрдүн редакциясы. Редакцияга чейинки «Викторинанын» элементтерин камтыган Акциясынын эрежелери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: шилтеме)

1. Жалпы жобол

1.1. Ушул «Викторинанын» элементтерин камтыган Акцияны өткөрүү Эрежелери (мындан ары «Эрежелер»), Акцияны өткөрүү жана «Викторина» Кызматынын шарттары менен тартибин, анын ичинде упайларды топтоо эрежелери, байгелердин түрлөрү, өткөрүү мөөнөтү, жеңүүчүлөрдү аныктоо жана аларга байгелерди тапшыруу тартибин, ошондой эле Акциянын башка олуттуу шарттарын аныктайт. Акция жана «Викторина» тейлөө Кызматы - бул демилге жаратуучу лотерея же кумар оюну катары эсептелбегендиктен, аларды өткөрүүдө «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары колдонулбайт.

1.2. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар: «Викторинанын» элементтерин камтыган акция - бул абоненттер «Викторина» Кызматына кошулгандыгы, ошондой эле ушул Эрежелерде каралган айрым тарифтик пландар жана башка аракеттер үчүн абоненттик төлөмдү төлөгөндүгү үчүн упай топтой турган акция. Бардык иш-чаралар боюнча упайлар катышуучулардын рейтингин түзөт, ага ылайык байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталат.

«Викторина» – бул SMS билдирүүлөр же «Mенин Билайн» тиркемеси аркылуу суроолорго туура жана тез жоопторду камсыз кылуу аркылуу абоненттерге ар кандай тармактар боюнча билимин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү, «Скай Мобайл» ЖЧКсы тарабынан абоненттерге сунушталуучу кызмат. «Викторина» Кызматына кошулуу абоненттин жеке демилгеси боюнча жүргүзүлөт. Оператор – 720021, Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 115 дарегинде жайгашкан, абоненттерге уюлдук байланыш жана башка кошумча кызматтарды көрсөтүүчү «Скай Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому (лицензиялары № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089 -KР жана № 20- 0388-KР). Провайдер – 2323 кыска номерин жана «Мой Beeline KG» тиркемесин колдонуу аркылуу Оператордун байланыш тармагын камтуу аймагындагы «Викторина» Кызматынын өнүгүүсүн, техникалык жактан камсыз болушун жана иштешин камсыз кылган, ошондой эле Акциянын жеңүүчүлөрүнө байгелерди сатып алуу жана тапшыруу үчүн жооптуу болгон Бишкек ш., Абдрахманов көч, 129-үй, 17-кв. дарегинде жайгашкан «INTECH-KG» (ИНТЕК КЕЙ ДЖИ) жоопкерчилиги чектелген коому (2014-жылдын 14-ноябрындагы № 14-1114-КР ГАС лицензиясы). Абонент – алдын-ала төлөө тартибине ылайык, уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн, аталган максаттар үчүн Абоненттик номери ыйгарылган Оператордун байланыш кызматтарын керектөөчү болуп саналган жеке жак. Абоненттик номер – Оператор менен Абоненттин ортосунда уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү келишимине ылайык кызматтарды колдонуучу Абонентке ыйгарылган телефон номери. Катышуучу – ушул Эрежелердин 3.4. пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалар аркылуу Викторинанын элементтерин камтыган Акцияга өз ыктыяры менен катышуу максатында ушул Офертанын шарттарын кабыл алган Абонент.

1.3. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесине ылайык коомдук оферт катары таанылат. Абонент тарабынан акцепт учуру (кабыл алуу) катары ушул Эрежелердин жана Абоненттин ушул Эрежелерге кошулуу учуру эсептелет. Абонентке жана “Викторина” Кызматына жазылуу үчүн Абонентти туташтыруу.

1.4. Эрежелердин учурдагы нускасы Абонентке Акцияга катышууга багытталган иш-аракеттерди жасаардан мурун сөзсүз карап чыгууга шарт түзүү максатында https://beeline.kg/, 2323.beeline.kg сайтында жана «Мой Beeline KG» тиркемесинде жайгаштырылган.

1.5. Өзгөртүүлөр/толуктоолор күчүнө киргенге чейин 10 (он) күн мурун, Акциянын тиешелүү баскычынын мөөнөтүнүн биринчи жарымынан кечиктирбестен, Оператор жана Провайдер ушул Эрежелердин 1.4. пунктунда көрсөтүлгөн ушул эрежелердин жаңы редакциясын порталдарда жайгаштыруу менен ушул Эрежелерди өзгөртүү жана/же толуктоо укугун өзүнө калтырат.

Ушул Эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда, Абоненттин Акциянын шарттарына ылайык ар бир кийинки демилгеси тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу жана Абоненттин учурдагы редакция менен таанышкандыгын жетиштүү тастыктоо болуп саналат.

1.6 Абонент учурдагы редакция менен таанышуу үчүн Эрежелерди дайыма карап чыгууга милдеттенет жана бул иш-аракетти аткарбоонун кесепеттери үчүн жоопкерчиликти кабыл алат. Абонент ушул Эрежелердин шарттары менен таанышып чыккандыгын, алар түшүнүктүү жана эрежелер менен макул экендигин, эч бир четтетүүлөр жана чектөөлөрсүз кошулуу шарттарында Эрежелердин бардык шарттарын толуктоосуз жана шартсыз кабыл алууга жана ошондой эле Оператордун тарифтерине ылайык "Викторина" Кызматына кошулгандыгы үчүн абоненттик төлөмдү төлөөгө макулдугун билдирет. Абонент Кызматтын шарттарына жана Акцияга катышууга байланыштуу SMS-билдирүүлөрдү, Push-билдирүүлөрдү, чалууларды кабыл алууга макулдугун берет.

1.7. Ушул Эрежелерди Кабыл алуу менен, Абонент анын инсандыгын күбөлөндүргөн документине ылайык жекелештирилген жана катталган, Оператор менен уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча келишим түзгөн адам экендигин тастыктайт.

1.8. Эгерде Катышуучу байгеге ээ болуу максатында Акцияга катышуу үчүн чоң суммадагы акчаны өз алдынча жумшоону чечсе, Оператор жана Провайдер эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Акцияга катышуу Катышуучулардын жеке ыктыярдуулук принцибине негизделген.

2. Бардык баскычтарды эсепке алуу менен Акциянын жалпы мөөнөтү

Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу убактысын кошпогондо, 2022-жылдын 27-августунан 2022-жылдын 24-декабрына чейин.

3. Катышуучуларга коюлган талаптар жана Акцияга катышуу шарттары

3.1. 18 жашка толгон, Оператордун Абоненти болгон, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жана Акцияга катышуу үчүн зарыл шарттарды аткарган жөндөмдүү жеке адам акциянын Катышуучусу боло алат.

3.2. Провайдердин, Оператордун кызматкерлери жана өкүлдөрү, ошондой эле кызматкерлердин жакын туугандары жана жубайлары, аталган компаниялардын өкүлдөрү Акцияга катыша алышпайт жана бул шартка жараша сыйлыктын ээси деп таанылышы мүмкүн эмес.

3.3. Акциянын Катышуучусу болуу үчүн, Абонент ушул Эрежелердин 3.4.-пунктунун шарттарына ылайык, «Викторина» Кызматына жазылуусу жана «Викторинага» катышуунун күнүмдүк чыгымын күнүнө 8 (сегиз) сом өлчөмүндө төлөп туруусу шарт (баа КНСти жана СаСты эске алуу менен көрсөтүлгөн).

3.4. Жазылуу ыкмалары:

1. *2323 # USSD буйругу

2. 2323 номерине GO текстин камтыган SMS жөнөтүү.

3. Көңүл ачуу кызматтары бөлүмүндө «Мой Beeline KG» тиркемесин колдонуп туташуу.

3.5. "Викторина" Кызматына кошулуу Акцияга катышуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.

3.5.1. Эгер Абонент «Викторина» Кызматына кошулуу өтүнүчүн оюн убагында жөнөткөн болсо, анда Абонент суроолордун негизги топтомун, «Викторина» Кызматына кошулуу өтүнүчүн жөнөткөндөн жана Кызматтын абоненттик төлөмү алынгандан кийин, алат.

3.5.2. Эгер Абонент кошулуу өтүнүчүн оюн убагынан тышкары (саат 23:30дан 08:00гө чейин) жөнөтсө, анда Абоненттен «Викторина» Кызматынын Абоненттик төлөмү алынат, бирок Абонент суроолордун негизги топтомун кийинки оюн күнү башталгандан кийин гана алып, аларга жооп бере алат.

3.5.3. Катышуучу Акцияга катышууну каалаган күнү баштоого укуктуу. Мында Катышуучу үчүн оюн күнү башталган учур Кызматтын автоматтык системасы тарабынан, күнүмдүк абоненттик төлөмүн төлөө фактына жана Викторинанын элементтерин камтыган Акцияга катышуу боюнча тиешелүү кызматтык буйруктарды терүү фактына жараша, аныкталат.

3.6. Викторина катышуучуларына күн сайын 5 (беш) суроо 4 (төрт) жооп тандоосу менен жооп берүү мүмкүнчүлүгү берилет.

3.7. Акциянын катышуучулары үчүн күн сайын кошумча суроолор топтому жеткиликтүү (бирок биринчи 5 (беш) негизги суроого жооп бергенден кийин гана). Бир оюн күндүн ичинде берилүүчү кошумча топтомдордун саны боюнча чектөө жок. 5 (беш) суроодон турган бир кошумча топтомдун баасы – 8 (сегиз) сом (КНС жана сатуу салыгын эске алуу менен көрсөтүлгөн).

Кошумча суроолор топтомун алүу жолдору:

1. *2323*23# USSD буйругу;

2. 2323 номерине SMS - GO1;

3. «Мой Beeline KG» тиркемеси аркылуу (5 (беш) негизги суроонун баарына жооп бергенден кийин).

3.8. Кошумча суроолор топтому алынган учурда, төмөнкү эрежелер боюнча 3.9. пунктунда көрсөтүлгөн кыйытмалардын (подсказки) саны көбөйбөйт.

Эгер күн ичинде 5 негизги суроого жооп берүү үчүн кыйытма колдонулган эмес болсо, анда аны кошумча топтомдогу суроолорго жооп берүү үчүн колдонуу мүмкүн. «Викторина» Кызматында, учурдагы оюн күнүндө негизги топтомдун акыркы суроосун алуу, ошондой эле кошумча суроолор топтомун сатып алуу учурдагы оюн күнү саат 23:27ге чейин мүмкүн болот. Оюн күнү аяктагандан кийин, б.а. саат 23:30дан кийин, суроолорго жооптор кабыл алынбайт.

3.9. Катышуучу бир календардык оюн күнү ичинде бир жолу колдонула турган бир жардамга ээ болот:

• 50/50 - эки туура эмес жооп алынып салынат.

Катышуучу «Мой Beeline KG» тиркемеси же SMS аркылуу 2323 кызмат номерине «HELP» сөзүн жөнөтүүгө тийиш. Жооп катары ошол эле суроо келет, бирок анын болгону 2 жооп варианты болот: бири туура, экинчиси – калган 3 жооптун рандомдук түрдө тандалган жообу.

3.10. «Викторина» кызматында туура жооптор үчүн упайларды чогултуу максатында негизги жана кошумча суроолорду алуу, маалыматтык, жарнамалык мүнөздөгү SMS билдирүүлөрдү жөнөтүү Акциянын тиешелүү этабы күн сайын саат 08:00да башталат жана 23:29:59да аяктайт.
Катышуучу каалаган убакта топтолгон упайлардын санын жана рейтингдеги ордун «Мой Beeline KG» тиркемесинен же 2323 кыска номерине "ТОП" же "TOP" тексти менен SMS жөнөтүү аркылуу биле алат (SMSте келген жоопто Катышуучунун Катышуучулардын рейтингиндеги орду жана упайларынын саны көрсөтүлөт)

3.11. Катышуучулар төмөнкүлөрдү колдонбоого же колдонууга аракет кылбоого милдеттүү болууга макулдугун беришет.

• абоненттик шаймандан (Оператордун SIM картасы бар уюлдук телефондон) тышкары бардык жабдууларды;

• мыйзамсыз же ушул Эрежелерге туура келбеген ар кандай жолдор менен, ошондой эле Оператор жана Провайдер тарабынан иштелип чыккан программалык камсыздоо программасына хакерлик программаны бузуу, программа кодун бурмалоо же вирус, зыяндуу программаларды киргизүү менен, ошондой эле алдамчылык же зыяндуу ыкмалар менен, зыяндуу код же зыяндуу маалыматтар, же Оператордун жана/же Провайдердин тутумдарынын коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүчү же коркунуч туудурган башка жол менен;

• Оператордун жана Провайдердин программалык тутумдарына зыян келтирүүчү, блоктогон же алардын иштешин чектеген, же тутумдарга уруксатсыз жетүүнү жеңилдеткен же башка Катышуучуларга тоскоолдуктарды жаратуучу ар кандай автоматташтырылган каражаттарды же башка ыкмаларды;

• кайсы бир Катышуучудан же Оператордун жана/же Провайдердин тутумдарынан алынган маалыматтарды же жеке маалыматтарды чогултууга, чыгарып алууга же структуралаштырууга;

• "Викторинаны" документтештирүү үчүн Оператор жана Провайдер колдонгон техникалык тутумдун маалыматтарына ылайык аныкталуучу "Викторинага" катышуу процессин автоматташтыруунун башка ыкмалары жана каражаттарды (логолор) (Катышуучунун катышуу процесси автоматташтырылгандыгынын кыйыр тастыктоосу катары төмөнкүдөй белгилер кызмат кылышы мүмкүн: Катышуучу тарабынан берилген суроого 10 секундадан кем эмес убакыттын ичинде жооп жөнөтүүлүүсү; суроолорго берилген жооптордун жыштыгында аныкталган мыйзам ченемдүүлүктөр, анын ичинде Катышуучу жоопторду белглүү бир аралыкта жөнөтүп туруусу жана башка мыйзам ченемдүүлүктөр;

• ар кандай коммерциялык багыттагы иш-аракеттерди жүргүзүүгө.

3.12. Катышуучуларга Оператордун, Провайдердин жана үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик жана чектеш укуктарын бузууга тыюу салынат.

3.13. Ушул Эрежелердин 3.11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар Абоненттер тарабынан бузулган учурда, Катышуучу Провайдер менен Оператор гана эмес, Акциянын башка Катышуучулары жана ошондой эле айрым мыйзам бузуулардын натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча талаптарын билдире алган башка үчүнчү жактар тарабынан да мыйзамдуу жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Оператор жана Провайдер ак ниеттүүлүк менен туура иш алып баруунун негизинде, Акциянын Катышуучулары ушул Эрежелердин талаптарын, анын ичинде программалык камсыздоону жана маалыматтык коопсуздук саясатын сактагандыгын аныкташат, ошондуктан кандайдыр бир чараларды көрүүдөн мурун өз каалоосу боюнча Катышуучудан кошумча маалыматтарды жана башка иш-аракеттерди талап кылууга укуктуу 3.11. пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерге шектенүү жаралган учурларда, ошондой эле Операторго жана Провайдерге көз каранды болбогон себептерден улам системада мүчүлүштүктөр орун алган учурларда, Оператор текшерүү жүргүзүү жана упайларды кайра эсептөө укугун өзүнө калтырат.

3.14. “Викторина” кызматына кошулган Абоненттин номерин Оператордун "Номер тандоо" кызматы аркылуу алмаштырганда, Катышуучунун профили топтолгон упайлары менен бирге жаңы Абоненттик номерге которулат. Ошол эле учурда, эгер Катышуучу мурунку абоненттик номерине кайтуу чечимин кабыл алса, анда Катышуучунун топтогон упайлары которулбайт жана күйүп кетет.

3.15. Жазылууну өчүрүү жана "Викторинага" катышуудан баш тартуу үчүн, *2323*0# USSD буйругун терип же 2323 кыска номерине "СТОП" / "STOP" / "stop" тексти менен SMS жөнөтүү керек. "Викторина" Кызматынан чыкканда байге ээси аныкталып, байге ойнотуунун жыйынтыгы чыгарылган кезде “Викторина” Кызматына жигердүү жазылуу шарттын аткарса, Катышуучунун профили өчүрүлбөйт жана ажыратуу убактысына чейин Катышуучу топтогон бардык упайлар Активдин тиешелүү баскычынын учурдагы фазасына катышуу үчүн жеткиликтүү болот.

4. Упай топтоонун эрежелери жана шарттары

4.1. Упайлар берилүүчү иш-чаралардын тизмеси:

Иш-чара

Упайлардын саны

Эскертүү

Викторина кызыматы боюнча абоненттик төлөм алынгандыгы үчүн

100

Күн сайын, Викторина кызматы боюнча абоненттик төлөм алынгандан кийин.

Викторинанын башкы суроолоруна туура жооптору үчүн

300

Бир туура жооп үчүн

Викторинаны кошумча пакетинин суроолоруна туура жооптору үчүн(Эрежелердин 3.7. б. ылайык)

500

Бир туура жооп үчүн

Жаңы SIM картаны кошууда тарифтик планга ылайык, абоненттик төлөм биринчи жолу алынып салгандыгы үчүн

300

SMS келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде катышуучунун «Викторина» Кызматына жазылуу аркылуу актив-дештирилүүчү ко-шумча 300 упайын чегерүү.

Номерди калыбына келтирүүдө

300

SMS келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде катышуучунун «Викторина» Кызматына жазылуу аркылуу актив-дештирилүүчү ко-шумча 300 упайын чегерүү.

Балансты 20 сомдон 100 сомго чейин толуктоо («Викторина» кызматына кошулбаган абоненттер үчүн)

 

500

Упайлар, балансты биринчи жолу толукталышы үчүн берилет. Толуктоо жүргүзгөн, бирок «Викторина» кызматына кошула элек абоненттерге чакыруу упайлары берилет. Аларды активдештирүү үчүн абонент SMS алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде «Викторина» кызматына кошулууга тийиш.

 

Балансты 101 сомдон 200 сомго чейин толуктоо («Викторина» кызматына кошулбаган абоненттер үчүн)

 

1000

Упайлар, балансты биринчи жолу толукталышы үчүн берилет. Толуктоо жүргүзгөн, бирок «Викторина» кызматына кошула элек абоненттерге чакыруу упайлары берилет. Аларды активдештирүү үчүн абонент SMS алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде «Викторина» кызматына кошулууга тийиш.

 

Балансты 201 сомдон 300 сомго чейин толуктоо («Викторина» кызматына кошулбаган абоненттер үчүн)

 

1500

Упайлар, балансты биринчи жолу толукталышы үчүн берилет. Толуктоо жүргүзгөн, бирок «Викторина» кызматына кошула элек абоненттерге чакыруу упайлары берилет. Аларды активдештирүү үчүн абонент SMS алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде «Викторина» кызматына кошулууга тийиш.

 

Балансты 301 сомдон 500 сомго чейин толуктоо («Викторина» кызматына кошулбаган абоненттер үчүн)

 

2000

Упайлар, балансты биринчи жолу толукталышы үчүн берилет. Толуктоо жүргүзгөн, бирок «Викторина» кызматына кошула элек абоненттерге чакыруу упайлары берилет. Аларды активдештирүү үчүн абонент SMS алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде «Викторина» кызматына кошулууга тийиш.

 


Балансты 501 сомдон жогору толуктоо («Викторина» кызматына кошулбаган абоненттер үчүн)

3000

Упайлар, балансты биринчи жолу толукталышы үчүн берилет. Толуктоо жүргүзгөн, бирок «Викторина» кызматына кошула элек абоненттерге чакыруу упайлары берилет. Аларды активдештирүү үчүн абонент SMS алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде «Викторина» кызматына кошулууга тийиш.

 

«Мой Beeline KG» тиркемесин орнотуу жана Викторина боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн

3000

Эгерде тиркеме биринчи жолу 01.01.2022 дан баштап орнотулган болсо, упайлар бир жолку негизде берилет

Балансты 20 сомдон 100 сомго чейин толуктоо

500

Викторинанын катышуучуларына балансты суткасына биринчи жолу толуктаганы үчүн берилет

Балансты 101 сомдон 200 сомго чейин толуктоо

1000

Викторинанын катышуучуларына балансты суткасына биринчи жолу толуктаганы үчүн берилет

Балансты 201 сомдон 300 сомго чейин толуктоо

1500

Викторинанын катышуучуларына балансты суткасына биринчи жолу толуктаганы үчүн берилет

Балансты 301 сомдон 500 сомго чейин толуктоо

2000

Викторинанын катышуучуларына балансты суткасына биринчи жолу толуктаганы үчүн берилет

Балансты 501 сомдон жогору толуктоо

3000

Викторинанын катышуучуларына балансты суткасына биринчи жолу толуктаганы үчүн берилет

 


Balance аркылу 500 сомдон ашык суммадагы төлөмдөрдү жүргүзүүдө

350

Balance аркылуу 500 сомдон ашык суммадагы төлөмдөр (уюлдук операторлордун балансын толуктоодон, эсептерди, карттарды жана аманаттарды толуктоо сыяктуу каржылык кызматтар боюнча аткарылган төлөмдөрдөн, акча каражаттарын карттарга жана PayBox жана Viber кызматтарына которуудан башка бардык кызматтар үчүн төлөмдөр) аткарылган учурда, упайлар суткасына эң көп 5 жолу берилет. Төлөмдөрдү «Менин эсебим» төлөм ыкмасы аркылуу аткаруу зарыл (жокко чыгарылган төлөмдөр үчүн упайлар берилбейт).

«Мой Beeline KG» тиркемеси аркылуу IVI кызматына кошулуу

750

Упайлар Викторинага катталып, алгач кошулганда бир жолку негизде берилет

IVI кызматы үчүн Абоненттик төлөмдү төлөө

1200

Упайлар күнүнө кызмат үчүн абоненттик төлөмдүн алгачкы 10 (он) алынуусу үчүн берилет.

Megogo кызматы үчүн Абоненттик төлөмдү төлөө

1950

Упайлар күнүнө кызмат үчүн абоненттик төлөмдүн алгачкы 10 (он) алынуусу үчүн берилет.

«Мой Beeline KG» тиркемеси аркылуу Megogo кызматын туташтыруу

750

Упайлар Викторинага катталып, алгач кошулганда бир жолку негизде берилет

Beeline оюндар 210 кызматы үчүн Абоненттик төлөмдү төлөө

1200

Упайлар күнүнө кызмат үчүн абоненттик төлөмдүн алгачкы 10 (он) алынуусу үчүн берилет.

Beeline оюндар 210 кызматын «Мой Beeline KG» тиркемеси аркылуу туташтыруу

750

Упайлар Викторинага катталып, алгач кошулганда бир жолку негизде берилет

«Retail packages» кошумча интернет пакети үчүн төлөм 10 ГБ

5000

Упайлар күнүнө кызмат үчүн абоненттик төлөмдүн алгачкы 10 (он) алынуусу үчүн берилет.

«Retail packages» кошумча интернет пакети үчүн төлөм 15ГБ

8000

«Retail packages» кошумча интернет пакети үчүн төлөм 20 ГБ

10000

Кыргыз Республикасынын башка уюлдук операторлорунун тармактарына чалуулар үчүн мүнөттөрдүн кошумча пакети үчүн төлөө 30 мүнөт

2000

Кыргыз Республикасынын башка уюлдук операторлорунун тармактарына чалуулар үчүн мүнөттөрдүн кошумча пакети үчүн төлөө 60 мүнөт

4000

Instagram топтомун төлөө үчүн

2000

WhatsApp 1 жума топтомун төлөө үчүн

1000

WhatsApp 28 күн топтомун төлөө үчүн

2000

YouTube топтомун төлөө үчүн

5000

TikTok топтомун төлөө үчүн

2000

WhatsApp+Youtubeтоптомун төлөө үчүн

6000

Instagram+WhatsAppтоптомун төлөө үчүн

4000

TikTok+WhatsAppтоптомун төлөө үчүн

4000

 

Тарифтик пландар үчүн абоненттик төлөмдөрдү төлөө

Тарифтин аталышы

Упайлардын саны

Эскертүү

Включай звонки

20000

Көрсөтүлгөн упайлар тарифтик планга ылайык биринчи 10 абоненттик төлөмдүн ар бир алынуу фактысы үчүн берилет (бул учурда оператор тарабынан мүнөт пакети, SMS жана ГБ, ошондой эле башка кызматтар абоненттин тарифтик планынын шарттары боюнча чегерилет), ошондой эле *2200# буйругу аркылуу топтомдорду жаңыртуу фактылары үчүн берилет.

Жаны Включай звонки

20000

Включай интернет регион

30000

Жаны Включай интернет регион

30000

Бирге чалуулар үчүн

20000

Жаны Включай звонки жума

6000

Салам

6000

Суйло S

6000

Билим онлайн

20000

Мугалим онлайн

20000

Просто мини

6000

Суйло +

6000

Сенин тандооң S Pro

6000

Сенин тандооң S

6000

Жаны Билим онлайн

20000

Жаны Мугалим онлайн

20000

Бирге интернет үчүн регион

30000

Включай интернет регион +

30000

Включай интернет

30000

Бирге чалуулар үчүн жума

6000

Жаны Включай интернет регион жума

6000

Суйло Pro

6000

Включай интернет регион жума

6000

Бирге интернет үчүн

30000

Включай интернет +

30000

Жаны Включай интернет

30000

Секретный +

6000

Просто Больше_390

30000

Включай Больше жума

9000

Можно все 2.0

6000

Просто

6000

Сенин тандооң M

9000

Жаны Билим онлайн жума

6000

Жаны Включай интернет жума

9000

Бирге интернет үчүн жума

6000

Жаны Бирге интернет үчүн жума

18000

Включай интернет жума

9000

Включай Больше

60000

Сенин тандооң L Pro

9000

Сенин тандооң L

9000

Бирге безлимит

60000

Жаны Включай Больше

60000

Жаны Включай Больше жума

9000

Gold

110000

Бирге безлимит жума

15000

Безлимит Platinum

240000

Бирге для интернета+IVI

75000

Бирге для интернета PRO+IVI

180000

Жаны Бирге интернет үчүн регион

30000

жаңы Бирге чалуулар үчүн жума

6000

Жаңы Бирге чалуулар үчүн

20000

Бирге Музыка+ Youtube

180000

Бирге Музыка+ ivi

180000

Безлимит+

210000

Акциондук пакет Билим онлайн

20000

Акциондук пакет Включай интернет жума

6000

Акциондук пакет Включай интернет

30000

Сенин тандооң M Pro

9000

Включай звонки жума

6000

Бирге интернет үчүн жума + Instagram

24000

Безлимит

210000

 

4.2. 10 күндүк байге ойнотуунун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин топтолгон упайлар аталган баскычтагы кийинки 10 күндүк байге ойнотууга өткөрүлүп берилбейт, бирок алар 40 күндүк баскычы үчүн Байге ээлерин аныктоодо эске алынат.

4.3. Акциянын ар бир Катышуучусу «Мой Билайн KG» тиркемесинде упайлардын топтолуу таржымалын көрө алат.

4.4. Тиешелүү этаптын 10 күндүк циклинин жана 40 күндүк этаптын жыйынтыктары тиешелүү 10- же 40-календардык сутка аяктагандан кийин чыгарылат.

10 күндүк утуштун жыйынтыктары чыгарылгандан кийин, топтолгон упайлар этаптын кийинки 10 күндүк утушуна которулбайт, бирок алар ушул этаптын 40 күндүк фазасынын Байгесинин жеңүүчүлөрүн аныктоодо эске алынат.

5. Байге фонду жана Акциянын алкагындагы байге ойнотуу баскычтары

5.1. Акция жүргүзүүдө байгелер эки түрдө берилет: 10 күндүк ойнотуудагы байге, дагы 40 күндүк ойнотуудагыбайге. Үч 40 күндүк этаптардын ар биринде ойнотулуучу байгелердин түрлөрү айырмаланат жана алар ушул Эрежелердин 5.2. пунктунда аныкталган.

5.2. Байге фонду

Байгенин түрү

Байгенин аталышы

Байгелердин саны

10 күндүк байге

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

9 смартфондор. (Биринчи орунду ээлеген Катышуучу-абонент 1 смартфон алат)

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

18 смартфондор (Экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген Катышуучу-абоненттер 1ден смартфон алышат.)

(телефондордун түсү, модели жана мүнөздөмөлөрү Оператор тарабынан аныкталат. Смартфондор окшош техникалык мүнөздөмөлөргө ээ смартфондорго алмаштырылышы мүмкүн)

Смартфон байгелери ар 10 күн сайын эң көп упай алган үч жеңүүчүгө ыйгарылат (5.3. таблицасына ылайык). (Бир абонентке 1 смартфон берилет)

Биринчи этаптагы 40 күндүк байге

Этаптын Башкы Акчалай байгеси 1 миллион сом

40 күндүк ойнотуу фазасынын аягында 1 байге

Экинчи этаптагы 40 күндүк байге

Этаптын Башкы Акчалай байгеси 3 миллион сом

40 күндүк ойнотуу фазасынын аягында 1 байге

Үчүнчү этаптагы 40 күндүк байге

Этаптын баш байгеси: 2022-жылы чыгарылган KIA Seltos автоунаасы (автоунаанын түсү жана комплектациясы Оператор тарабынан аныкталат жана жарнамалык продукцияда көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн)

40 күндүк ойнотуу фазасынын аягында 1 байге

5.3. Акция өз алдынча 3 баскычта жүргүзүлөт, ар бири өзүнчө каралат жана ар бири 10 күндүк жана 40 күндүк этаптын баскычтарынан турат

Мөөнөтү

Байге

Саны

№ 1 - БАСКЫЧ ( 27.08.2022ден 05.10.2022ге чейин)

05.09.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

15.09.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

25.09.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

05.10.2022

Этаптын Башкы Акчалай байгеси 1 миллион сом

1

№ 2 - БАСКЫЧ (06.10.2022ден 14.11.2022ге чейин)

15.10.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

25.10.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

04.11.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

14.11.2022

Этаптын Башкы Акчалай байгеси 3 миллион сом

1

№ 3 - БАСКЫЧ (15.11.2022ден 24.12.2022ге чейин)

24.11.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

04.12.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

14.12.2022

XIAOMI REDMI NOTE 11 смартфону (4+64 ГБ)

1

XIAOMI REDMI NOTE C 10 смартфону (4+64 ГБ)

2

24.12.2021

Этаптын баш байгеси: 2022-жылы чыгарылган KIA Seltos автоунаасы (автоунаанын түсү жана комплектациясы Оператор тарабынан аныкталат жана жарнамалык продукцияда көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн)

1

5.4. Оператор жана Провайдер төмөнкү шарттарды эске алуу/аткаруу менен Акциянын 2-жана/же 3-баскычын жокко чыгарууга укуктуу:

- жокко чыгарылган учурда башталган, тиешелүү баскычтын 10 күндүк жана 40 күндүк байге ойнотуу фазасынын жеңүүчүлөрүнө иш жүзүндө байгелерди тапшыруу менен Акциянын жана Кызматтын 1-жана/же 2-баскычын аяктоосун;

- Катышуучуларга ушул Эрежелердин 1.4. пунктунда көрсөтүлгөн Акциянын жокко чыгарылышы жөнүндө Оператордун порталдарында же SMS аркылуу кабарлайт.

Билдирме жокко чыгарыла турган Акциянын баскычы башталган мөөнөттөн кеминде 10 (он) календардык күн мурун жасалышы керек.

Жогоруда айтылган шарттарды эске алуу менен, Катышуучу Операторго жана/же Провайдерге жаңы баскыч жокко чыгарылганга чейинки Акцияга катышкан учурунда кетирилген чыгымдардын же тартылган зыяндардын ордун толтурууну талап кылган дооматы жок экендигин тастыктайт, анткени Акция жокко чыгарылганга чейин топтолгон упайлар байге ойнотуу учурундагы баскычтын жыйынтыктарына гана таасирин тийгизет жана жокко чыгарылган баскычтардын мүмкүн болгон натыйжаларына эч кандай таасирин тийгизе албайт.

6. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби

6.1. Акциянын ар бир этабындаКатышуучулар тарабынан топтолгон упайлар эске алынат:

- 10 күндүк фазасында: тиешелүү фаза башталгандан 10 күн мурун жана/же мурунку фазанын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин;

- 40 күндүк фазасында: тиешелүү фаза башталгандан 40 күн мурун жана/же мурунку 40 күндүк фазанын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин;

6.2. Баскычтын 10 күндүк фазасынын Байге ээлерин аныктоо тартиби. Акциянын ар бир 10 (онунчу) күнү тиешелүү фазанын акыркы оюн күнү аяктаган соң 3 (үч) байге ээлери аныкталат. Ушул Эрежелердин бардык талаптарына жооп берген жана Акциянын учурдагы фазасы аралыгында максималдуу упай топтогон катышуучулар жеңүүчү деп табылышат. 40 күндүк байге жеңичүүсүн аныктаган күнү 10 күндүк байге берилбейт.

6.3. Баскычтын 40 күндүк фазасынын Байге ээлерин аныктоо тартиби. 40 күндүк байге ээси 40 күндүк Акциянын акыркы күнүндө тиешелүү фазанын акыркы оюн күнү аяктаган соң аныкталат. Ушул Эрежелердин бардык талаптарына жооп берген, 40 күндүк мөөнөт ичинде максималдуу упай топтогон Катышуучу жеңүүчү деп табылат.

6.4. Эгерде эки же андан көп Катышуучу бирдей упай топтосо, анда учурдагы Байге ойнотуу фазасынын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн төмөнкү эрежелер колдонулат:

6.4.1. Викторинада эң көп туура жоопторду берген Катышуучу жеңүүчү болот.

6.4.2. Эгерде Катышуучулар Акциянын башка иш-чаралары үчүн упайлары жок болсо да, Викторинанын суроолоруна жооп берүүдө бирдей упай топтосо, анда Викторинада эң көп туура жооп берген Катышуучу жеңишке жетет. Эгерде туура жооптордун саны бирдей болсо, туура жоопторго аз убакыт сарптаган Катышуучу жеңишке жетет. Убакытты аныктоодо Катышуучунун Викторинага туура жооп берүүгө кеткен жалпы убактысы эске алынат. Викторинанын бир суроосуна туура жооп берүү убактысы - Катышуучу жазылган Викторинанын суроосун алган учурдан тартып, аталган суроого жооп алганга чейинки мезгил саналат.

6.4.3. Эгерде Катышуучулар жазылган Викторинанын суроолоруна туура жооптору жок болсо да, Катышуучулар бирдей максималдуу упай топтосо, анда бул упайларды мурда топтогон Катышуучу жеңишке жетет (упай топтоо боюнча акыркы иш-чара башка Катышуучунукуна салыштырмалуу эрте жүргүзүлсө).

6.4.4. Эгерде Катышуучулардын бири Викторинада туура жооптору үчүн, ал эми экинчиси/башкалары иш-чараларда гана упайларды топтоп, бирок упайлардын саны бирдей болсо, анда Викторинада туура жооптор үчүн упайларды топтогон биринчи Катышуучу жеңишке жетет.

6.5. Акциянын бүткүл мөөнөтүндө бир Катышуучу жана/же бир номер эң көп 1 (бир) телефон жана 1 (бир) баш байге (акчалай байге же унаа) ута алат. Телефон утуп алган Жеңүүчү унааны же эки акчалай байгенин бирин да утуп алышы мүмкүн.

6.6. Жеңүүчүнү аныктоодо Провайдер Катышуучуну Акциянын өткөрүлгөн баскычтары боюнча Акциянын 10 күндүк/40 күндүк байгесин алгандыгын текшерет. Байгени алгандыгын аныктоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

• Катышуучу ойнотууда колдонгон жана утуп алган Абоненттик номер;

• Катышуучунун аты-жөнү жана туулган датасы;

• SIM-карта башка Абонентке берилген күндө дагы, Акциянын катышуучусунун номери менен SIM карта салынган абоненттик шаймандын IMEI коду.

6.7. Эгерде Провайдер рейтингде биринчи орунду ээлеген Катышуучунун буга чейин ушундай эле байге алгандыгын аныктаса, анда Провайдер 2323 номеринен буга чейин ушул категориядагы байгенин жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу, катышуучуга байге берилбей тургандыгы тууралуу SMS билдирүү жөнөтөт, ал эми жеңүүчү катары ушул Эрежелердин талаптарына жооп берген, рейтингде кийинки орунду ээлеген Катышуучу эсептелет.

6.8. Ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген Катышуучулар байге алуу укугунан ажыратылат.

7. Жеңүүчүлөргө маалымат берүү тартиби

7.1. Акциянын баскычынын тиешелүү фазасынын жеңүүчүсү деп табылган катышуучуга, жеңүүчү аныкталган күндөн кийин 5 (беш) календардык күндүн ичинде, саат 09:00дөн 20:00гө чейин жеңичүү аныкталгандыгы тууралуу 2323 номеринен SMS билдирүүлөрү жөнөтүлөт.

7.2. Ошондой эле, СМС билдирүү жөнөткөндөн кийин 3 (үч) календардык күн ичинде, Оператор жеңүүчүгө үн чалууну Провайдердин өкүлдөрүнө кайрылуу жана Провайдердин байланыш маалыматтарын көрсөтүү максатында жүргүзөтЖеңүүчүгө чалуу башталгандан 3 календардык күн ичинде 3төн ашык эмес ирет чалуу жасалат. Абоненттин номери боюнча жеңүүчүнүн жеткиликтүү эместиги (жеңүүчүнүн уюлдук телефону өчүрүлгөн, Оператордун байланыш тармагын тейлөө аймагынан тышкары ж.б.) Оператор тарабынан кошумча үн чалуу жасоого негиз болуп саналбайт. Бул учурда, акциянын 10 күндүк/40 күндүк фазасында рейтингде кийинки орундагы жеңүүчү болуп саналган Катышуучу менен Провайдер жогоруда көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде байланышат.

7.3. Эгерде Катышуучу Акциянын жүрүшүндө буга чейин ушул топтогу байгени алгандыгы же ушул Эрежелердин 3.11. пунктун бузгандыгы аныкталса, жеңүүчү деп жарыяланган учурдан тартып 6 (алты) жумушчу күн ичинде 2323 номеринен Катышуучуну жеңүүчү деп табуу жөнүндө жөнөтүлгөн SMS билдирүүнү Провайдер же/жана Оператор жокко чыгарууга укуктуу.

7.4. Жеңүүчүгө байге тапшырылган учурдан тартып 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен Оператор 2323.beeline.kg. расмий сайтында тиешелүү акциянын баскычтары жыйынтыктарын жарыялайт. Оператор ошондой эле жалпы же жеке утуштардын натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо укугун өзүнө калтырат.

8. Байгелерди алуу тартиби

8.1. Жеңүүчү Провайдерге төмөндөгү талап кылынган документтерди жана маалыматты утуш жөнүндө маалымат берилген учурдан тартып 3 (үч) жумушчу күн ичинде берүүгө милдеттүү (Абонент Провайдердин чалуусуна жооп берген же SMS - билдирүү алгандан кийин Провайдер менен байланышкан):

• Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;

• Оператор менен уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн, жеңүүчү деп табылган Абоненттик номер (абоненттик номер жеңүүчү катары кайрылган адамга катталуусу керек);

• Оюнга катышууда каолдонулган телефондун IMEI коду (*#06# буйругун тергенден кийин көрсөтүлгөн IMEI кодун телефондун экран сүрөтүнө тартуу керек).

Эгерде жеңүүчү деп табылган Катышуучу көрсөтүлгөн мөөнөттө Провайдер менен байланышпаса жана керектүү документтерди бербесе, анда ал Байге алуу укугун жоготот. Бул учурда, байге утуштун белгиленген 10 күндүк/40 күндүк фазасынын рейтингинде кийинки орунду ээлеген Катышуучуга берилет.

*Документтер жана маалыматтар Провайдердин promo@intech-global.com почта дарегине сканерленген нускасында (IMEI үчүн сүрөт түрүндө) берилиши керек.

8.2. Смартфон же унаа Байге үчүн киреше салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Провайдер тарабынан өз алдынча жана өз эсебинен төлөнөт (байге жеӊүүчүсүнөн кармалбайт).

Акчалай Байге үчүн киреше салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Оператор тарабынан өз алдынча жана өз эсебинен төлөнөт (байге жеӊүүчүсүнөн кармалбайт).

8.3. Акчалай байге Жеңүүчү-катышуучуга гана, накталай эмес түрдө гана, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, Катышуучунун каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын банктарынын биринде ачылган эсептешүү эсебине төлөнүп берилет.

• Жеңүүчү акчалай байгени алуу жөнүндө арызын, Оператор өз алдынча аныктаган форма боюнча жазып, Операторго жөнөтөт;

• Накталай эмес түрдөгү акча каражаттары Жеңүүчүнүн банктык эсебине, Жеңүүчү бардык зарыл документтерди тапшырган күндөн тартып 10 (он) иш күндүн ичинде, төлөнөт;

• Акциянын Жеңүүчүсү өзүнүн салык декларациясында кирешенин жана төлөнгөн салыктын суммасын чагылдырышы үчүн, Оператор Жеңүүчү-катышуучунун талабы боюнча, 8.3. пунктуна ылайык төлөнгөн киреше салыгынын суммасы жөнүндө маалымкат бере алат;

• Жеңүүчү-катышуучу накталай акча алуу үчүн комиссияны, ошондой эле Банк тарабынан коюлган башка комиссияларды жана кармалуучу суммаларды өз алдынча төлөйт;

• Акча каражаттарынын Оператордун эсебинен чыгарылып, Жеңүүчү-катышуучу өзү тандаган банктагы эсептешүү эсебине которулушу акча каражаттарын алуу факты болуп эсептелет;

8.4. Байге Провайдердин же/жана Оператордун (эгерде мүмкүн болсо) өкүлдөрүнүн катышуусунда, жеңүүчү менен Оператор/Провайдердин ортосунда макулдашылган убакта жана жерде тапшырылат.

8.5. Ушул Эрежелердин 8.1. пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу менен жеңүүчү керектүү документтерди тапшырган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде байгесин алууга болот, аталган мөөнөттөн кийин Оператор/Провайдер жеңүүчүгө Байге берүүдөн баш тартууга укуктуу.

8.6. Оператор/Провайдер жеңүүчүгө байге берүүдөн баш тартууга укуктуу, эгерде:

• Оператор/Провайдердин өкүлү Эрежелерде белгиленген мөөнөттө жеңүүчү менен байланыша албаса, анын ичинде уюлдук телефон аркылуу жеңүүчү жеткиликтүү болбогондугунун себеби да кирет. (жеңүүчү уюлдук телефону өчүрүлгөн же Оператордун байланыш тармагын камтыган аймактын чегинен тышкары);

• жеңүүчү Эрежелерде белгиленген мөөнөттө ушул Эрежелердин 8.1.пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди тапшырбаса;

• Жеңүүчү-Абоненттин идентификациясы өтпөй калса, б.а. жеңүүчүнүн паспортунда көрсөтүлгөн аты-жөнү жана/же туулган датасы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жана инсандыгын ырастоочу документтин өзгөргөндүгүн тастыктаган документтери (аты-жөнүн өзгөрткөн учурларда) жок, уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминде көрсөтүлгөн маалыматтар менен дал келбей калса;

• Оператор/Провайдер Катышуучунун Акциянын мезгилинде буга чейин ушул категориядагы байге алгандыгын аныктаса;

• Абонент тарабынан ушул Эрежелердин 3.11.пункту бузулса.

9. Жеке маалыматтар боюнча шарттар

9.1. Акцияга катышуу менен Абонент Акциянын катышуучусу катары каттоодон өтүү, «Викторина» Кызматын пайдалануу, акциянын шарттарына ылайык байгени алуу иш- аракеттерин жана операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарды Провайдер тарабынан: иштетүү, анын ичинде чогултуу, сактоо, пайдалануу, жаңыртуу, ошондой эле жеке жана башка маалыматтарды Акцияны жүргүзүү алкагында Операторго өткөрүп берүүгө (берүүгө) каршы эмес.

9.2. Жеке маалыматтардын тизмеси:

- фамилиясы, аты, атасынын аты;

- картиналар, сүрөттөр, маектешүү (эгерде мүмкүн болсо);

- дарек;

- инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары;

- Абонент Акцияга катышууда колдонгон мобилдик телефондун абоненттик номери, ошондой эле башка байланыш телефону;

- Акциянын алкагында жүргүзүлгөн транзакциялар жана иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар;

- Банк реквизиттер жана паспорттук маалыматтар жеңичүүгө акчалай байгени которуу үчүн;- Абонент тарабынан ыктыярдуу түрдө берилген башка маалыматтар.

9.3. Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар иштетүү жана өткөрүп берүү үчүн төмөнкү максатта берилет:

• SMS билдирүүлөрдү жөнөтүү, чалууларды жүргүзүү жана Акция үчүн зарыл болгон башка байланыш ыкмаларын колдонуу;

• Оператордун жана Провайдердин Акцияны өткөрүү боюнча милдеттенмелерин аткаруусу;

• Промо жарнамалык жана маркетингдик илгерилетүү;

• байге ойнотуунун натыйжаларын жана Акциянын жыйынтыктарын жарыялоо;

• Акциянын алкагында «Викторина» Кызматынын жеткиликтүүлүгү жана колдонулушу;

• жүргүзүлүп жаткан Акцияга жана «Викторина» Кызматын колдонууга байланыштуу талаптарды кароо;

• байге тапшырууну каттоо жана байгелер үчүн киреше салыгын төлөө.

9.4. Макулдашуу Абоненттин Акцияга катышуусу башталган күндөн тартып, Акциянын аяктаган күнүнө, Байге тапшырылганга чейин жана Байгени өткөрүп берүүнү документ-тештиргенге чейин күчүндө болот.

9.5. Байге алуучулар Байге тапшыруу учурунда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга кол коюлган Макулдашууну Оператор/Провайдерге өткөрүп беришет жана Оператор тарабынан көрсөтүлгөн формасындагы Кабыл алуу – өткөрүп берүү актысына кол коюшат.

10. Корутунду жоболор

10.1. Ушул Эрежелер Акцияны өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде жана Байгелерди алуу мезгилинде колдонулат.

10.2. Оператор жана Провайдер менен болгон өз ара мамилелерди жүргүзүүдө жеңүүчүнүн кызыкчылыктарын анын ыйгарым укуктарынын тиешелүү тизмесин камтыган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш алып барган өкүлү көрсөтө алат.

10.3. Акцияга байланыштуу арыздар жана доолор келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде каралат.

10.4. Оператор жана Провайдер ушул Эрежелерде каралган милдеттенмелерди жарым-жартылай же толугу менен аткарбаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул ишке ашпоо тараптардан талап кылынган милдеттенмелер канчалык деӊгээлде ак ниеттүүлүк, этияттык жана камкордук менен аткарылган күндө да, акылга сыярлык иш-чаралардын алдын ала албаган, алдын-ала көрө билбеген, каршы тура алгыс кырдаалдардын (форс-мажордук) натыйжасында ишке ашпай калса. Форс-мажордук кырдаалдар төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок булар менен чектелбейт: суу ташкыны, өрт, жер титирөө, жарылуу, бороон, башка жаратылыш кубулуштары, эпидемиялар, пандемиялар, ошондой эле согуш же согуш аракеттери, баш аламандыктар, ушул Эрежелерде каралган милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан мамлекеттик бийлик органдары же администрация тарабынан чыгарылган чечим, акт. Форс-мажордук кырдаалдар келип чыккан учурда, милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөт.

10.5. Абонент "Викторина" элементтерин камтыган акцияга катышуусу менен байланыш Оператору жана / же Провайдери тарабындагы Кызмат системаларынын жана башка техникалык системалардын өзгөчөлүктөрүнөн улам, техникалык мүчүлүштүктөр пайда болушу мүмкүн экенин кабыл алат. Оператор жана Провайдер мындай каталарды тез арада жоюу үчүн бардык күчүн жумшайт. Оператор жана / же Провайдер Оператордун жана / же Провайдерден көз каранды болбогон жагдайлар, анын ичинде коомдук байланыштын иштөө жөндөмдүүлүгү сыяктуу каралышы мүмкүн болгон себептер боюнча Кызматты көрсөтпөө же кечиктирүү үчүн жооп бербейт. Тармак, түйүндүн тыгыны, байланышты үзүү, Абоненттин аппаратынын иштөө абалы, Сервистик системалардын техникалык өзгөчөлүктөрү.

10.6. Абонент байгелер, Акциянын шарттары жөнүндө негизги маалыматтарды ала алат, ошондой эле *2323 акысыз үн номерине чалып «Викторина» кызматына жазылууну өчүрүп же күйгүзө алат.

10.7. Акцияга катышууга байланыштуу келип чыккан бардык башка маселелер боюнча, Абонент *611 телефону аркылуу же Оператордун атына жазылган жазуу жүзүндөгү арызы менен Оператордун call-борборуна кайрылууга укуктуу.

 

https://beeline.kg/ru/aidana