close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

"Скай Мобайл" ЖЧКнын «Миллионго билет»
КЫЗЫКТЫРУУЧУ ЛОТЕРЕЯСЫН ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор

1.1. Лотереянын түрү: «Миллионго билет» кызыктыруучу лотереясы («Билет на миллион») (мындан ары - Лотерея).
1.2. ««Миллионго билет» лотереясы (мындан ары — «Лотерея») «Скай Мобайл» ЖЧК тарабынан өткөрүлгөн (мындан ары — «Уюштуруучу») кызыктыруучу лотерея болуп саналат. Лотереянын алкагында катышуучуларга ушул шарттарда көрсөтүлгөн белгилүү иш — аракеттерди аткаргандыгы үчүн электрондук билеттер (мындан ары - "Билеттер") автоматтык түрдө ыйгарылат жана топтолот. Лотереяны өткөрүү мезгилинде топтолгон бардык билеттер жеңүүчүлөрү туш келди аныкталган байгелерди ойнотууга катышат. Утуш оюндарына катышуунун шарттары жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат Лотереянын https://millionare.beeline.kg расмий сайтында жайгаштырылат.
1.3. Лотереяга катышуу катышуучулар үчүн өзүнчө акы төлөө камтылбайт жана тобокелге негизделбейт.

1.4. Лотереянын уштурууучусу (Beeline СМ алдындагы Байланыш оператору):

"Скай Мобайл" ЖЧК
ИСН: 02404200610104
ОКПО: 24167549
Каттоо номери: 55055-3300-ООО
МСКБ: МСКБ 999 - Бишкек шаары жана Түндүк аймагы боюнча ИСКК
Юридикалык дареги жана иш жүзүндөгү дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Ибраимов к. 115, 720021
Банк: КИКБ, Э/э: 1280010001137063
БИК 128001

1.5. Лотереяны өткөрүү аймагы: Кыргыз Республикасынын аймагы.

1.6. Лотереяны өткөрүү мөөнөтү: 2025-жылдын 15-майынан 2025-жылдын 30-июнуна чейин, кошо алганда.

1.7. Лотереяда катышкан кызматтар: Лотереянын шарттарында көрсөтүлгөн «Beeline» соода маркасынын алдындагы кызматтар.
1.8. Кызматтарды сатып алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 15-майынан 2025-жылдын 30-июнуна чейин (кошо алганда).
1.9. Катоо мезгили: 2025-жылдын 15-майынын 00 саат 00 мүнөт 00 секундасынан 2025-жылдын 30-июнунун 23 саат 59 мүнөт 59 секундуна чейин ( Бишкек убактысы боюнча).
Лотереялык билеттин баасы: Лотереялык билеттин баасы – акысыз. Лотереянын шарттарына ылайык белгилүү иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн ар бир катышуучуга абоненттик номерине байлоо менен ыйгарылуучу, өзүнөн уникалдуу сандар топтомун көрсөткөн электрондук билет Лотереялык билет болуп саналат. Электрондук билеттер Лотерея системасы тарабынан автоматтык түрдө ыйгарылат жана эгерде бул электрондук Билетке утуш (байге) туш келсе, катышуучунун Лотереяга катышууга жана утушту алууга укугун күбөлөндүрөт. Катышуу үчүн кызыктыруучу Лотереянын шарттарында жазылган бардык талаптарды аткаруу зарыл.

2. Лотереянын катышуучуларына маалымат берүү.

2.1. Лотереянын катышуучулары лотереяны өткөрүү шарттары жөнүндө төмөнкү ыкмалар аркылуу маалымдалат:
2.1.1. Интернет тармагында www.beeline.kg сайтына лотереянын бардык шарттарын жайгаштыруу менен;
2.1.2. «Mой Beeline KG» мобилдик колдонмосунда;
2.1.3. *611 номери аркылуу Уюштуруучунун Байланыш борборуна чалуу аркылуу, жана башка ыкмалар менен.

2.2. Лотереяга катышуу менен, катышуучулар ушул шарттар менен макул болушат.

3. Лотереяга катышуунун шарттары жана эрежелери

3.1 Лотереяга кошулуу учурунда 18 жашка толгон, Оператордун Абоненти болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, персонификациялоо жол-жобосунан өткөн жана Лотереяга катышуу үчүн зарыл шарттарды аткарган аракетке жөндөмдүү жеке адам Лотереянын катышуучусу боло алат.
3.2. Төмөнкүлөр Лотереяга катыша албайт жана ошого жараша утуштун ээси боло албайт:
3.2.1. Уюштуруучунун кызматкерлери жана өкүлдөрү жана алар менен аффилирленген жактар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
3.2.2. Лотереяны уюштурууга жана / же өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар башка жактардын кызматкерлери жана өкүлдөрү, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү (промоутерлер, агенттер, дилерлер ж. б.);
3.2.3. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Коомдук кызмат адамы" термининин аныктамасына кирген адамдар;
3.2.4. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык террористтик ишке катышы бар жактардын санкциялык тизмегине киргизилген жактар;

3.2.5. Лотереяга кошулган учурда 18 жашка чыга элек адамдар;
3.2.6. Кызмат көрсөтүүнүн кийинки төлөө системасы менен абоненттери, ошондой эле корпоративдик топтордун, корпоративдик тарифтердин абоненттери;
3.2.7. Юридикалык жактар;
3.2.8. КР жараны болуп саналбаган жактар;
3.2.9. ошондой эле кызыктыруучу лотереянын катышуучуларына коюлуучу талаптарга жооп бербеген жактар;
3.3. Лотереяга катышуу үчүн катышуучу ушул шарттарда көрсөтүлгөн ыкмалардын бири менен кошулушу, ошондой эле электрондук билеттер ыйгарылуучу аракеттерди жасашы керек.
3.3.1. Туташуу ыкмалары:
*1000# USSD буйрутмасы аркылуу;
• «Катышуу» баскычын басуу менен «Мой Beeline KG» колдонмосу аркылуу туташуу;
• Оператордун маалыматтык-маалымдама кызматы аркылуу туташуу.

3.3.2. Өчүрүү ыкмалары:
*1000#0# USSD буйрутмасы аркылуу;
• Колдонмодо «Өчүрүү» баскычын басуу аркылуу;
• Оператордун маалыматтык-маалымдама кызматы аркылуу өчүрүү.

3.4. Катышуучулар төмөнкүлөрдү колдонбоого жана колдонууга аракет кылбоого милдеттенишет:
• абоненттик түзүлүштөн башка бардык жабдуулар (Оператордун SIM-картасы бар уюлдук телефон);
• мыйзамсыз же ушул шарттарга ылайык келбеген, ошондой эле алдамчылык же зыяндуу, анын ичинде программалык каражаттарды бузуу, программалык кодго кийлигишүү же Уюштуруучу тарабынан иштелип чыккан программалык каражаттарга вирус, зыяндуу программа, зыяндуу код же зыяндуу маалыматтарды киргизүү жолу, же оператордун системаларынын коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурган же коркунуч туудурган башка жолдорду;
• оператордун программалык тутумдарына зыян келтириши, бөгөт коюшу же чектеши же системаларга уруксатсыз кирүүгө көмөктөшүүчү же башка катышуучуларга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон кандайдыр бир автоматташтырылган каражаттар же башка жолдор;
• Кандайдыр бир катышуучудан же Оператордун тутумунан алынган маалыматты чогултуу, алуу же структуралоо үчүн шайман же ыкма;
• Лотереянын алкагында же ага байланыштуу кандайдыр бир коммерциялык ишти жүргүзүү үчүн түзүлүш; ошондой эле
• Ушул Шарттарды бузуу менен кандайдыр бир аракеттерди аткарбоого.

3.6. Катышуучуларга Оператордун жана ар кандай үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик укуктарын жана чектеш укуктарын бузууга тыюу салынат.

3.7. Абоненттер тарабынан 3.4, 3.5, 3.6 -пункттарында каралган жоболор бузулган учурда, катышуучу Уюштуруучуга гана эмес, Лотереянын башка катышуучуларына жана башка үчүнчү жактарга да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн, алар да көрсөтүлгөн бузуулардын кесепетинен тарткан чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө Абонентке доо арыз менен кайрыла алышат.

3.8. Акылга сыярлык ак ниеттүүлүк менен иш алып баруу менен Уюштуруучу лотереянын катышуучуларынын ушул Шарттардын талаптарын, анын ичинде программалык каражаттарды пайдалануу саясатын жана маалыматтык коопсуздукту сактоосун өз каалоосу боюнча аныктайт, ушуга байланыштуу кандайдыр бир чаралар көрүлгөнгө чейин Катышуучудан кошумча маалыматты жана башка тийиштүү аракеттерди аткарууну суроого укуктуу. Лотереянын катышуучусу Уюштуруучу тарабынан ушул Шарттардын шарттарын бузган жана анын ичинде Лотереянын башка Катышуучуларына карата адилетсиз мамиленин жагдайын түзгөн аномалдуу аракеттер аныкталган учурда Уюштуруучу мындай Катышуучуну чыгарып салууга жана анын электрондук билеттерин жокко чыгарууга укуктуу экендигине макул болот.

3.9. Оператордун "Номерди тандоо" кызматы аркылуу Абоненттик номурду алмаштырууда топтолгон электрондук билеттери бар лотереянын Катышуучусунун профили жаңы Абоненттик номерге которулат.

4. Электрондук билеттерди ыйгаруу шарттары.

4.1. Электрондук билеттерди ыйгаруу ушул шарттар сакталган шартта автоматтык түрдө ишке ашат жана Уюштуруучунун өзүнчө системаларында же Интернет тармагындагы башка системаларда жана сайттарда атайын каттоону талап кылбайт.

4.2. Электрондук билеттер ыйгарылуучу иш-аракеттердин тизмеси:
4.2.1. Абоненттин өздүк эсебинин негизги балансынан эсептен чыгарылган ар бир 500 (беш жүз) сом үчүн 1 (бир) электрондук билет ыйгарылат, мында электрондук Билетти ыйгаруу үчүн эсептешүү системасынын алдын ала төлөнгөн тарифтери (корпоративдик тарифтерден тышкары) боюнча, ошондой эле №1 таблицада көрсөтүлгөн кызматтар боюнча өздүк эсептин негизги балансынан иш жүзүндөгү эсептен чыгаруулар эсепке алынат.

Таблица №1. Лотереяга катышкан кызматтардын тизмеси:
Кызматтын аталышы
Автопролонгация менен интернет топтому 7ГБ 28күн
Автопролонгация менен интернет топтому 12ГБ 28 күн
Автопролонгация менен интернет топтому 7ГБ 7күн
Автопролонгация менен интернет топтому 12ГБ 7 күн
Интернет топтому 5 Гб
Интернет топтому 10 Гб
Интернет топтому 15 Гб
Интернет топтому 20 Гб
Instagram үчүн интернет топтомго Instagram_60_топтому
Пакет TikTok үчүн интернет топтомуна TikTok_60_топтому
Чексиз Whatsapp_апта
Чексиз Whatsapp_4 апта
Чексиз Youtube_100
Чексиз Youtube+WhatsApp
Instagram+WhatsApp топтому
YouTube+Instagram+WhatsApp топтому
Тармактан тышкаркы мүнөттөр топтому
КР башка мобилдик опреаторлоруна чалууларга 30 мүнөт кошумча топтому
КР башка мобилдик опреаторлоруна чалууларга 60 мүнөт кошумча топтому
КР башка мобилдик опреаторлоруна чалууларга 20 мүнөт кошумча топтому
КР башка мобилдик опреаторлоруна чалууларга 30 мүнөт кошумча топтому
КР башка мобилдик опреаторлоруна чалууларга 60 мүнөт кошумча топтому

4.2.2. №2 таблицада көрсөтүлгөн тарифтер боюнча абоненттик төлөмдү өздүк эсептин негизги балансынан алып салуунун ар бир фактысы үчүн электрондук билеттердин саны көбөйтүлүп (ар бир өзүнчө тарифтик план боюнча) ыйгарылат. №2 таблицада көрсөтүлгөн тарифтер боюнча 4.2.1-пунктунда сүрөттөлгөн механика колдонулбайт.
4.2.3. «Бул Үй-бүлө» тарифинде, абоненттик төлөмдүн суммасына же кошумча SIM-карталардын санына карабастан, төлөнгөн абоненттик төлөм үчүн берилүүчү билеттердин саны өзгөрүүсүз калат (3 билет).

2-таблица. Электрондук билеттерди көбөйтүп ыйгаруу тарифтеринин тизмеси.
ТП аталышы Налогдорду
эске алуу
менен
а
боненттик
төлөм, сом
ар бир эсептен
чыгарылган
абоненттик төлөм
үчүн электрондук
билеттердин саны
Бул 250 Гб 1500 8
Чексиз Platinum 1450 8
Безлимит+ 980 6
Голд (Gold) 890 5
Чексиздик ай 850 4
Бул үй-бүлө 790 3
Бул 100 Гб 700 2

4.3. Электрондук билеттер абоненттик номурдун өздүк эсебинен төмөнкү түрдөгү төлөмдөр үчүн ыйгарылбайт:
4.3.1. Balance.kg аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү эсебине негизги баланстан эсептен чыгаруу;
4.3.2. кошумча баланстан жана өздүк эсептердин башка түрлөрүнөн эсептен чыгаруулар;
4.3.3. "Ишенимдүү төлөм", "Ишенимдүү төлөм 2.0" жана "Автотөлөм" кызматтары боюнча комиссияны жоюунун эсебине эсептен чыгаруу;
4.3.4. "Салам+", "Фан Бокс", "Күлкү чалуу", "Радио Фан", "Номерди аныктоого каршы", "Кара тизме", "Алиби", "Чал!", "Сен кайдасың?", Этномедия, Кидс секьюрити, Иви, Дарыгер, Укмуш ТВ, Мегого, Yandex жазылуу, ошондой эле " Beeline menu" сервиси (медиапортал) аркылуу кошулуучу кызматтар жана бир жолку эсептен чыгаруу кызматтары, б. а. абоненттик төлөмү жок кызматтар;
4.3.5. тарифтик планды өзгөртүү үчүн төлөмдөр (б. а. тарифтик планды өзгөртүү наркы үчүн);
4.3.6. роумингдин бардык кызматтары үчүн жана эл аралык чалуулар боюнча;
4.3.7. "Номер тандоо" кызматы боюнча эсептен чыгаруулар (номурду алмаштыруу наркы жана тандалган категориядагы номурдун наркы)
4.3.8. абоненттик номер боюнча деталдаштыруу кызматы боюнча эсептен чыгаруулар.
4.3.9. №3 таблицада көрсөтүлгөн тарифтер боюнча абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу;

3-таблица. Лотереяга кирбеген баа пландарынын тизмеси.
Тарифтик пландын аталышы
Акылдууу түзмөк 360
Акылдууу түзмөк 180
Акылдууу түзмөк 30
Роутерге бонус
Роутер 30 күн

4.4. Лотереяны колдонуу мезгилинде катышуучуга ыйгарылуучу электрондук билеттердин саны чектелбейт жана ушул Шарттарга ылайык жасалган иш-аракеттердин көлөмүнө гана көз каранды болот.

4.5. Ыйгарылган электрондук билеттер жана ойнотууну өткөрүү датасы жөнүндө маалымат Лотереянын катышуучуларына төмөнкү жолдор аркылуу жеткиликтүү болот:
- Электрондук билеттин уникалдуу номерин көрсөтүү менен SMS -билдирүүлөр;
- онлайн режиминде " Mой Beeline KG "тиркемесинде;

4.6. Үчүнчү жактардын кайрылууларынын негизинде же өз демилгеси боюнча ар кандай бузуулар, шектүү аракеттер/операциялар табылган учурда, ошондой эле катышуучу Лотереянын Шарттарында баяндалган шарттарга ылайык келбеген учурда Уюштуруучу мурда ыйгарылган электрондук билеттерди жокко чыгарууга укуктуу.

4.7. Электрондук билеттер лотереянын бүткүл мезгилинде топтолот.

4.8. Электрондук билеттердин баасы (аларды алуу) – акысыз ыйгарылат.

4.9. Лотереяга катышууга байланыштуу ушул Шарттарда каралбаган ар кандай чыгымдарды (коммуникациялык же транспорттук чыгымдарды кошо алганда) лотереянын катышуучулары өз алдынча көтөрөт.

5. Лотереянын байге фонду жана лотереяны өткөрүү мөөнөтү.

5.1. Байге фонду лотереяны Уюштуруучунун өздүк каражаттарынан түзүлөт, лотереянын шарттарында алдын ала билдирилет жана акчалай формада көрсөтүлөт.

5.2. Кызыктыруучу лотереяны Уюштуруучунун башка милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу кызыктыруучу лотереянын байге фондуна айландырылышы мүмкүн эмес.

5.3. Лотереянын байге фонду төмөнкү сыйлыктардан турат:
Лотереянын байгелеринин
аталышы
1 байгенин наркы,
сом
Байгелердин саны,
даана
1 Башкы байге – 1 000 000 сомго сертификат 1 000 000 1
2 500 000 сомго сертификат 500 000 2
3 100 000 сомго сертификат 100 000 10
4 50 000 сомго сертификат 50 000 20
  Бардыгы:   33

5.4. Байге фондунун жалпы суммасы - 4 000 000 сомду түзөт (жеңүүчүлөрдүн киреше салыгын эсептен чыгарганга чейин).

5.5. Лотереянын байге фонду чектелген болуп саналат жана лотереяны өткөрүү мезгили башталгандан кийин көбөйтүлбөйт.

5.6. Лотереяны өткөрүү мезгили:
№ Мезгил Башталышы Аякталышы
Мезгил 15.05.2025 (00:00:00) 30.06.2025 (23:59:59)

5.7. Ойнотуу:
Ойнотуу күнү Ойнотулуучу байгелердин саны
1 08.07.2025 50 000 сомдук 20 сертификат
2 08.07.2025 100 000 сомдук 10 сертификат
3 08.07.2025 500 000 сомдук 2 сертификат
4 08.07.2025 1 000 000 сомдук 1 сертификат

6. Ойнотуунун шарттары:

6.1. Байгелерди ойнотууга катышуу үчүн катышуучу лотереянын шарттарында белгиленген бардык шарттарын аткарууга милдеттүү.
6.2. Лотереяга Лотереяны өткөрүүнүн бардык Мезгилинде топтолгон электрондук Билеттер катышат.
6.3. Бир абоненттик номери менен бир Катышуучу утушка ээ болгон учурда, лотереянын ошол катышуучусуна катталган номерлердин жана электрондук Билеттердин санына карабастан, эң көп суммадагы 1 (бирден) ашык эмес байге ала алат.
6.4. Байгелерди ойнотуу учурунда жеңүүчүлөр автоматтык системанын (рандомайзер) жардамы менен туш келди (рандомизацияланган) ыкма менен тандалат. Белгилүү бир электрондук билетке утуштун түшүшү бир гана кокустук болуп саналат жана аны эч ким атайын уюштура албайт.

6.5. Байгенин ар бир категориясы үчүн жеңүүчүлөрдү туш келди (рандомизацияланган) тандоо үчүн өзүнчө Рандомайзер ишке киргизилет.
6.6. Рандомайзерди биринчи жолу ишке киргизүүдө лотереянын баяндалган шарттарына туура келген катышуучулардын бардык топтолгон электрондук билеттери ойнотууга катышат. Рандомайзерди ар бир жолу кайра ишке киргизүүдө системадан байгелердин мурунку категорияларынын Жеңүүчүлөрү чыгарылат (тактап айтканда, байгелердин мурунку категориясынын жеңүүчүсүнүн абоненттик номериндеги бардык топтолгон электрондук билеттер).
6.7. Лотерея аяктаган күнгө чейин (аяктоо күнүн кошкондо) лотереянын катышуучусунун абоненттик номери 2023-жылдын 22-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген №501 көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелеринин талаптарына ылайык тиешелүү түрдө жекелештирилүүгө жана таризделүүгө тийиш. Башка учурда Уюштуруучу өз каалоосу боюнча жана абонент - лотереянын катышуучусуна билдирбестен лотереянын шарттарынын талаптарына жооп бербеген катышуучуларды Ойнотуудан чыгарып салууга укуктуу.
6.8. Лотереянын бардык шарттарына шайкештигин текшерүүдөн өтө турган катышуучулардын электрондук билеттери Ойнотууга уруксат берилет. Текшерүү Лотерея аяктаган күндөн кийин 7 (жети) календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

7. Рандомайзердин иштөө шарттары.

7.1. Байге фондун Ойнотуу комиссиянын катышуусунда жүргүзүлөт жана видеокамерага түшүрүлөт, ошондой эле Уюштуруучунун Instagram beeline_kyrgyzstan социалдык тармактагы баракчасында онлайн-трансляция жүргүзүлөт.
7.2. Түшүндүрмө: Рандомайзер – лотереянын бардык шарттарына туура келген, кокус сандарды тандоо ыкмасы менен катышуучуларга берилген электрондук билеттердин жалпы санынан уникалдуу утушка ээ болгон электрондук Билеттердин белгиленген санын автоматтык түрдө аныктоочу Ойнотууну өткөрүү системасы (атайын компьютердик программа).
7.3. Белгилүү бир электрондук билетке утуштун түшүшү бир гана кокустук болуп саналат жана аны эч ким атайын уюштура албайт.
7.4. Лотереянын Байге фондун Ойнотууну өткөрүүдө Байге фондун Ойнотууну өткөрүүнүн натыйжасын мындай Ойнотуу башталганга чейин алдын ала аныктоого мүмкүндүк берген жол-жоболор жана алгоритмдер пайдаланылбайт.

8. Лотереянын Байге фондун Ойнотуу комиссиясы

8.1. Ар бир Ойнотуу өткөрүү үчүн кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган комиссия түзүлөт (Комиссияга Уюштуруучунун өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлүн жана жарандык коомдун өкүлүн милдеттүү түрдө киргизүү менен), алар жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу 10 календардык күн мурда катышууга чакырылат.
Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
• Лотерея Ойнотууну өткөрүү;
• Тиешелүү протоколго кол коюу менен Ойнотуунун жыйынтыктарын ырастоо;
8.2. Байгелерди Ойнотуу Уюштуруучунун zstan Instagram:beeline_kyrgyzstan социалдык тармагындагы баракчасында жана коомдук ишмерлердин (блогерлер, журналисттер жана башка ЖМК өкүлдөрү) катышуусунда онлайн-трансляция режиминде ачык өткөрүлөт.

9. Байгелерди алуу тартиби.

9.1. Утуштуу электрондук билеттин ээси болгон жана ушул Шарттарга ылайык келген Лотереянын катышуучусуна (мындан ары – "Жеңүүчү") Ойнотуу өткөрүлгөн күндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дөн 20:00гө чейинки мезгилде утуштун фактысы жана Уюштуруучу менен байланышуу зарылдыгы тууралуу маалымат жазылган SMS-билдирүү жөнөтүлөт. SMS-билдирүү Жеңүүчүгө электрондук билет ыйгарылган абоненттик номерге жөнөтүлөт.
9.2. SMS-билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 3 (үч) календардык күндүн ичинде Уюштуруучу Жеңүүчүгө үн чалуу жасайт. Жеңүүчүгө оболу мурунку чалууга Жеңүүчү жооп бербеген учурда биринчи чалуу аткарылган датадан 3 (үч) календардык күндүн ичинде 3 (үч) чалуудан кем эмес чалуу жасалат. Абоненттик номер боюнча Жеңүүчүнүн жеткиликсиз болушу (Жеңүүчүнүн уюлдук телефону өчүрүлгөн, байланыш операторунун тармагынын тейлөө аймагынан тышкары жайгашкан ж.б.), Уюштуруучу тарабынан кошумча добуштук чалууларды жүргүзүү үчүн негиз болуп саналбайт.
9.3. Уюштуруучу Лотереяны ойнотуу учурунан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Ойнотуунун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Лотереянын https: www.beeline.kg. расмий сайтында ошондой эле Уюштуруучунун Instagram:beeline_kyrgyzstan социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыялайт.
9.4. Жеңүүчү Уюштуруучуга Байгени алуу үчүн кайрыла турган мезгил лотереянын жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Лотереянын расмий сайтында расмий жарыяланган күндөн тартып ырааттуу 3 айды түзөт, бул мөөнөт аяктагандан кийин Уюштуруучу Жеңүүчүгө байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу.
9.4.1. Эгерде Жеңүүчү деп табылган катышуучу көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Уюштуруучу менен байланышпаса жана керектүү документтерди бербесе, анда ал Байгени алуу укугунан ажырайт.
9.4.2. Лотереянын шарттарына ылайык утуштарды төлөө жана берүү мөөнөтү аяктагандан кийин байге фондунун ойнотулган, бирок талап кылынбаган бөлүгү Уюштуруучунун менчиги болуп таанылат.
9.5. Жеңүүчүгө байгени берүү Жеңүүчү Уюштуруучуга төмөнкү документтерди көрсөткөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде ишке ашырылат:
- өздүгүн күбөлөндүргөн колдонуудагы документин, ошондой эле байге үчүн кайрылган адам утуп алган электрондук Билет ыйгарылган номердин абоненти болуп санала тургандыгын тастыктаган документин;
- Оператор менен уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө Келишим түзүлгөн, Жеңүүчү деп таанылган абоненттик номер (жеңүүчү катары кайрылган адамга абоненттик номер таризделиши керек);
– Абоненттик түзүлүштүн IMEI - уюлдук телефондун катышуусу, *#06#буйрутмасын ТЕРГЕНДЕН кийин телефондун экранын көрсөтүлгөн IMEI менен сүрөткө тартуу керек).
9.6. Эгерде өздүгүн күбөлөндүргөн документте көрсөтүлгөн аты-жөнү жана туулган датасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жана инсандыгын ырастаган документтерсиз таризделген абоненттик номердеги маалыматтар менен дал келбесе (аты-жөнү алмаштырылган учурда), ага кайрылган адамга байге берилбейт.
9.7. Байгелерди берүү Жеңүүчүнүн атына КРнын каалаган банк мекемесинде ачылган банктык эсебине которуу жолу менен ишке ашырылат. Банк эсебинин маалыматы, ошондой эле өздүгүн тастыктаган тиешелүү документтер, Жеңүүчү менен Уюштуруучунун ортосунда макулдашылган убакта, Уюштуруучудан кабар алгандан кийин берилиши керек.
9.8. Жеңүүчүнүн банктык эсебине акчалай сыйлык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык киреше салыгын кармап калууну эске алуу менен Уюштуруучу белгилеген формадагы Жеңүүчүнүн арызынын негизинде которулат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык утушка киреше салыгы утуштун Жеңүүчүсүнөн кармалат.

9.9. Уюштуруучунун Лотереясына катышуу менен Ойнотуунун катышуучусу, утуп алган учурда Жеңүүчү катары, мындай катышуучу менен кошумча макулдашуусуз байгелерди тапшыруунун фото жана/же видеоматериалдарына тоскоолдуксуз катышууга өз макулдугун берет жана Лотереянын Уюштуруучусуна Жеңүүчүнүн өзүнүн (жеке) сүрөтүн кошуп алганда, ушул фото жана көрмө материалдарды Лотереянын алкагында жарнамалык жана маалыматтык максаттарда пайдаланууга макулдук берет.
9.10. Жеңүүчү байге алуу укугунан төмөнкү учурларда ажырайт:
a) ушул Шарттарда белгиленген байгени алуу Мезгилдин ичинде байгени алуу үчүн Уюштуруучуга кайрылбаганда;
b) Эгерде катышуучу ушул Шарттарга жооп бербесе;
в) Катышуучу-Жеңүүчү тарабынан Лотереянын шарттарын бузуулар аныкталганда.

10. Жеке маалыматтар.

10.1. Лотереяга катышуу менен Абонент Уюштуруучу тарабынан лотереянын катышуучусу катары каттоо, Лотереянын Шарттарына ылайык аракеттерди жана операцияларды жүргүзүү, Байгени алуу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтар менен төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга макул болот: Лотереяны өткөрүүнүн алкагында жеке жана башка маалыматтарды иштеп чыгуу, анын ичинде чогултуу, сактоо, пайдалануу, актуалдаштыруу, ошондой эле Уюштуруучуга берүү.

10.2. Лотереянын катышуучусу катары каттоо, лотереянын Шарттарына ылайык иш-аракеттерди жана операцияларды жүргүзүү, байге алуу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтардын тизмеси:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- сүрөттөр, интервьюлар (эгер мүмкүн болсо);
- дареги;
- ким экендигин ырастоочу документтин маалыматтары;
- абонент лотереяга катышкан абоненттик номер, ошондой эле башка байланыш телефону;
- лотереянын алкагында жасалган операциялар жана аракеттер жөнүндө маалыматтар;
- абоненттин байланыш кызматын пайдалануусунун алкагында байланыш оператору катары Уюштуруучунун маалымат базасында болгон башка маалыматтар.
10.3. Жогорудагы жеке маалыматтар чогултуу, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү үчүн төмөнкү максатта берилет:
- Лотереяны өткөрүү үчүн зарыл болгон башка байланыш ыкмаларын колдонуу жана чалууларды жүргүзүү, SMS-билдирүүлөрдү жана Push-билдирмелерди жөнөтүү;
- Уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү Лотереянын алкагында милдеттердин аткарылышы;
- Лотереяны жарнамалоо жана маркетингдик илгерилетүү;
- Лотереянын натыйжаларын / лотереянын жыйынтыктарын жарыялоо;
- Лотереяга кирүү жана катышуу;
- өткөрүлүүчү Лотерея боюнча мүмкүн болгон дооматтарды кароо;
- тапшырууларды тариздөө;

10.4. Макулдук Абонент Лотереяга катыша баштаган күндөн тартып Лотереянын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, анын ичинде Байгени тапшыруу мөөнөтү аяктаганга чейин жана Байгени өткөрүп берүүнү документтик жол-жоболоштурганга чейин колдонулат.

10.5. Байге алуучулар Байге тапшырылган учурда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга кол коюлган макулдукка кол коюшат жана Уюштуруучуга беришет жана Уюштуруучу аныктаган форма боюнча Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюшат.

11. Корутунду жоболор

11.1. Бул шарттар лотереяны өткөрүүнүн бүткүл мөөнөтүнө жана байгелерди алуу мөөнөтүнө жана лотереянын жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин колдонулат.

11.2. Лотереяга тиешелүү кайрылуулар жана дооматтар алар алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде каралат.

11.3. Уюштуруучу ушул Шарттарда каралган милдеттенмелерди жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул аткарбоо тараптар тийиштүү милдеттенменин мүнөзү боюнча алардан талап кылынган ак ниеттүүлүк, этияттык жана камкордук деңгээлинде алдын ала көрө албаган же акылга сыярлык чаралар менен болтурбай койбогон күч (форс-мажор) жагдайларынын натыйжасы болуп саналса. Ал жеткис күчтөрдүн жагдайларына төмөнкүлөр кирет, бирок алар менен чектелбейт: суу ташкыны, өрт, жер титирөө, жарылуу, бороон, башка жаратылыш кубулуштары, эпидемиялар, пандемия, ошондой эле согуш же согуш аракеттери, массалык тартипсиздиктер, мамлекеттик бийлик же башкаруу органдарынын ушул Шарттарда каралган милдеттенмелерди аткарууга мүмкүн болбогон чечимди, актыны кабыл алышы. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөт.

11.4. Лотереяга катышуу менен Абонент иштин өзгөчөлүгүнө жана башка техникалык системаларга байланыштуу байланышты Уюштуруучу тарапта техникалык үзгүлтүктөр келип чыгышы мүмкүн экендигине макул болот. Уюштуруучу мындай кемчиликтерди тез арада оңдоо үчүн көп күч-аракет жумшайт. Уюштуруучу лотереянын алкагында электрондук билеттердин берилбегендиги же кечиктирилгендиги үчүн Уюштуруучунун эркине көз каранды болбогон жагдайлар катары каралышы мүмкүн болгон себептер боюнча, анын ичинде жалпы пайдалануудагы байланыш тармагынын иштөө жөндөмдүүлүгү, түйүндүн ашыкча жүктөлүшү, байланыштын үзүлүшү, абоненттик түзүлүштүн иштөө жөндөмүнүн абалы, системалардын ишинин техникалык өзгөчөлүктөрү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

11.5. Абонент, лотереяга катышуу менен, ошондой эле жогоруда (11.3. жана 11.4.) Уюштуруучунун системаларынын иш жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн, бул лотереяны ишке ашырууга катышкан Уюштуруучунун системаларынын ишинин кечеңдешине, электрондук билеттерди эсептөөгө, электрондук билеттер жөнүндө маалыматты жаңыртууга, бардык системалардын кечигишине алып келиши мүмкүн, ошондой эле "Менин үйүм" тиркемесинин өзүнүн ишинде болушу мүмкүн.бул үчүн Уюштуруучу жоопкерчилик тартпайт.

11.6. Абонент *611 акысыз үн номерине чалып, байгелер, лотереянын шарттары жөнүндө негизги маалыматты ала алат.

11.7. Лотереяга катышууга байланыштуу келип чыккан башка бардык маселелер боюнча Абонент *611 телефону боюнча же уюштуруучунун дарегине жазуу жүзүндөгү арыз менен Уюштуруучунун үй-борборуна кайрылууга укуктуу.

11.8. Лотереяга катышуу менен, лотереянын ар бир катышуучусу лотереянын шарттарынын текстин Кунт коюп окуп, түшүнгөндүгүнө жана шарттарга эч кандай чектөөлөрсүз жана/же өзгөчөлүктөрсүз макул экендигине макул болот.




 
https://beeline.kg/ru/aidana