close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Кызмат

Укмуш TV

TV’ден да артык!

200гө чейин телеканал

Ар кандай тематикадагы каналдар

«KYRGYZCHA» кинотеатры

Тиркемеге камтылган

«PREMIER» кинотеатры

Тиркемеге камтылган

80 сомдон 170 сомго чейин/30 дней

Кененирээк

Тиркеме жөнүндө

Закрыть Открыть

«Укмуш TV» тиркемеси менен көңүл ачуу дүйнөсүнө кадам таштаңыз! Эми Сиз каалаган убакта, каалаган жерде, смартфонуңуздан же планшетиңизден ар түрдүү каналдарды көрүүдөн ыракат ала аласыз.
Биздин тиркемеде төмөнкүлөр бар:
• ар түрдүү каналдар: 200гө чейин эң мыкты кыргыз, орус жана чет элдик телеканалдар. Ар бир колдонуучу өз табитине ылайыктуу программаларды таба алат;
• тасма жана сериалдар жыйнагы: 500дөн ашык популярдуу тасмалар, мультфильмдер жана сериалдар. Бул жерде Сиз өзүңүзгө сөзсүз бир нерсе табасыз;
• көптөгөн тилдер: тиркемебиздин өзгөчөлүгү –  бул кыргыз, казак жана өзбек тилдериндеги уникалдуу контент. Программаларды көрүүдө эч кандай тил тоскоолдугу болбойт.

Пакеттер жана кызматтар

Закрыть Открыть

Тиркеме телеканалдарга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төмөнкү пакеттерди камсыз кылат:

«Базалык» топтом, 50 канал:
Активдештирүү: *7744#
Өчүрүү: *7744*0#
Статусун текшерүү: *7744*1#

«Стандарттык» топтом, 130 канал:
Активдештирүү: *7755#
Өчүрүү: *7755*0#
Статусун текшерүү: *7744*1#

«Премиум» топтом, 200гө чейин канал
Активдештирүү: *7766#
Өчүрүү: *7766*0#
Статусун текшерүү: *7766*1#

Ошондой эле эки кинотеатрга кирүүнү камсыз кылган кызматтар:

Кинотеатр «KYRGYZCHA»
Активдештирүү: *223#
Өчүрүү: *223*0#
Статусун текшерүү: *223*3#
   
Кинотеатр «PREMIER»
Активдештирүү: *557#
Өчүрүү: *557*0#
Статусун текшерүү: *557*3#

"Бул" тарифтик линиясына жазылуу менен бардык сунуштардан пайдаланыңыз. Толук маалыматты шилтемеден тапса болот.

Кайдан табуу мүмкүн?

Закрыть Открыть

Тиркеме смартфонуңуздагы Pay Market (Android) же App Store (iOS) расмий дүкөндөрүндө жана ukmush.tv сайтында жеткиликтүү.
Android TV, Smart TV’ни колдогон сыналгылар – Sony, Philips, Samsung (чыгарылган жылы 2015-жылдан эрте эмес), LG (чыгарылган жылы 2014-жылдан эрте эмес). Учурда тиркеме сыналгылардын ичинен жалгыз гана Samsung SMART TV’да жеткиликтүү. Башкаларда кийинчерээк жеткиликтүү болот.

Кантип көрүү мүмкүн?

Закрыть Открыть

• 3 түзмөктө онлайн көрүү мүмкүнчүлүгү. Контентти бир убакта телефондо, планшетте жана компьютерде көрүүдөн ыракат алыңыз.
• Beeline’дын абоненттери үчүн акысыз интернет. Эгер Beeline’дын абоненти болсоңуз, анда Сиз Beeline KG тармагында контентти интернет трафигин сарптабастан көрө аласыз.
• Каалаган жерден кирүү мүмкүнчүлүгү. Кызматыбыз 3G/4G тармактары иштеген аймактарда, ошондой эле Wi-Fi же интернет таратылган жерлерде жеткиликтүү.

Көрүүнү кантип баштоо керек?

Закрыть Открыть

• Мобилдик тиркемени түзмөгүңүзгө орнотуңуз же www.ukmush.tv сайтына өтүңүз.
• Көптөгөн ар кандай телеканалдардан, тасмалардан же мультфильмдерден кызыктуу контентти тандаңыз.
• Кызматка кошулуп, же төмөндөгү тизмеден топтомду тандап, көрүүдөн ыракат алыңыз. Өзүңүзгө ылайыктуу жана керектүүлөрүн гана кошуп алып, каалаган убакта, каалаган жерде жогорку сапаттагы контентти көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.

«Укмуш TV» тиркемесинин кошумча функциялары

Закрыть Открыть

• Сүрөттөгү сүрөт. Башка тиркемелерди колдонуп жатып, маанилүү учурларды өткөрүп жибербөө үчүн контентти «картинка-в-картинке» режиминде көрүңүз.
• Телеканалдын паузага коюу (timeshift). Убакыт боюнча эч кандай чектөө жок! Телеканалды каалаган убакта токтотуп, кийин токтогон жерден кайра көрө баштаңыз.
• Корсөтүү форматын жана сапатын тандоо. Сүрөттүн сапатын жана форматын өзүңүз каалагандай тууралаңыз.
• Контентти «көрүү» режиминде тандаңыз. Каналдарды жана контентти көрүп жаткан учурда да которо аласыз.
• Көрүүнү телефондун иш тактасына өткөрүү. Тиркеме кичирейтилгенде да көрүнө берет. Биздин тиркемебиз контентти түздөн-түз телефонуңуздун иш тактасында көрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
• Вертикалдуу жана горизонталдуу абалда көрүү мүмкүнчүлүгү. Ыңгайлуу көрүү режимин тандаңыз.
• Экрандын көлөмүн өзгөртүү. Биз экрандын тараптарын түзмөгүңүзгө жараша өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз.
• Каналдарды «Тандалгандар» бөлүмүнө кошуу. Сиз жактырган телеканалдарды тез табуу үчүн аларды белгилеп коюңуз.
• Көрүү учурунда экранды кулпулоо. Каналды көрүп жатып, кокустан басып албоо үчүн экранды кулпулап коюңуз.

«Укмуш TV» тиркемеси менен Сиз телекөрсөтүүңүздү толук көзөмөлдөй аласыз, жана көптөгөн ыңгайлуу функциялардан пайдалана аласыз. Ар түрдүү контенттен ыракат алыңыз!

«Укмуш TV» тиркемесин төмөнкү ОС версиялары колдойт:
1. 5-версиядан жогорку Android’дин негизиндеги смартфондор жана планшеттер үчүн мобилдик тиркеме;
2. IOS 12’нин негизиндеги смартфондор жана планшеттер үчүн мобилдик тиркеме;
3. шилтеме: www.ukmush.tv. Windows XP SP2 же андан жогору, Mac OS X 10.4 же андан жогору жана Linux’тун негизиндеги жеке компьютерлер жана ноутбуктар, Safari, Opera, Firefox, Chrome браузерлери аркылуу (иштетилген JavaScript жана Cookies менен);
4. SMART TV’ни колдогон сыналгылар – Sony, Philips, Samsung (чыгарылган жылы 2015-жылдан эрте эмес), LG (чыгарылган жылы 2014-жылдан эрте эмес). Учурда тиркеме сыналгылардын ичинен жалгыз гана Samsung SMART TV’да жеткиликтүү. Башкаларда кийинчерээк жеткиликтүү болот;
5. Android TV.

Укмуш TV – «Бул» тарифтик линейкасында

Закрыть Открыть

Тарифтик пландардын тизмеси: Бул 70, Бул 100, Бул 250, Чексиздик ай.

https://beeline.kg/ru/aidana