Коммерциялык SMS жөнөтмөлөрдөн баш тартуу
«Коммерциялык SMS жөнөтмөлөрдөн баш тартуу» кызматы жарнамалык билдирүүлөрдү өчүрүп, кызматтык жана маалыматтык билдирүүлөрдү гана алууга мүмкүндүк берет
Кызмат акысыз көрсөтүлөт
Акысыз
Кененирээк
Кызматты башкаруу
Кошумча маалымат
«Коммерциялык SMS жөнөтмөлөрдөн баш тартуу» кызматы төмөнкү маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөргө тиешелүү эмес:
• тармактын жана Компаниянын иши жөнүндө маалымат (мүчүлүштүктөр, камтуунун кеңейиши, мобилдик алдамчылык ж.б.);
• мамлекеттик органдардын жөнөтмөлөрү (ӨКМ, МСК, МКК, ИИМ ж.б.);
• кызматтардын, тарифтердин жана тарифтик опциялардын шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө билдирүүлөр;
• тарифтердин, кызматтардын жана тарифтик опциялардын токтотулушу жөнүндө билдирүүлөр;
• корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагындагы кайрымдуулук жана социалдык акциялар;
• кайрылууларды, өтүнмөлөрдү жана даттанууларды кароо боюнча кызматтык жөнөтмөлөр;
• улуттук жана мамлекеттик майрамдарга (9-май, Жаңы жыл, Эгемендүүлүк күнү ж.б.) арналган куттуктоолор жана белек топтомдорун активдештирүү сунуштары;
• системалык эскертмелер (балансты толуктоо, абоненттик төлөм, топтомдордун берилиши жана аякташы, биллингдик эскертмелер);
• кызматтарды кошуу жана өчүрүү боюнча системалык жооптор жана USSD буйруктарынын жооптору (топтомдор, кызматтын статусун текшерүү ж.б.).