Супер 640
СуперКүчүңүздү тандап алыңыз!
45 ГБ интернет
40 мүнөт КР башка моб. операторлоруна
Чексиз тармак ичинде чалуу жана SMS
9 ГБ тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга
+ 2 СУПЕРКҮЧТҮ ТАНДОО
Яндекс Плюс
Чексиз
20 мүнөт
КР башка моб. операторлоруна20 мүнөт
Beeline Россия жана Казакстан номерлерине10 мүнөт жана 1 ГБ
Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана ТүркиядаИви онлайн-кинотеатр
640 c / 4 жумага
Кененирээк
Тарифти каалаган убакытта башкаргыла
Тарифтеги СуперКүч
СуперКүч - бул жаңы "Супер" тарифтериндеги кызмат, ал үчүн кошумча төлөөнүн кереги жок!
Сиздин тарифиңизде төмөндөгүлөрдүн ичинен 2 СуперКүчтү тандай аласыз:
- Яндекс плюска жазылуу; (автоматтык түрдө кошулган)
- Чексиз WhatsApp, Telegram, Facebook, VKонтакте; (автоматтык түрдө кошулган)
- Иви онлайн кинотеатрына жазылуу;
- Тармактан тышкары чалуулар үчүн кошумча 20 мүнөт;
- Үйдөгүдөй роуминг (Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда 10 мүнөт жана 1 ГБ)
- Beeline Россия жана Казакстан номерлерине 20 мүнөт.
СуперКүчтөрдү Мой Beeline тиркемесинде гана өзгөртүүгө болот.
Тарифтик планды "Супер" линиясынан туташтырган учурдан тартып алгачкы 24 сааттын ичинде автоматтык түрдө кошулган СуперКүчтөрдү өзгөртө аласыз.
Эгерде СуперКүчтөрдүн алмашуусу бул мөөнөттөн кечиктирилсе, анда өзгөртүүлөр тарифке абоненттик төлөмдү кезектеги чегерүүдөн кийин же тарифтик топтомдор мөөнөтүнөн мурда жаңылангандан кийин киргизилет.
Яндекс плюс:
Яндекс плюс платформасындагы трафик сиздин тарифиңиздин негизги интернет топтому боюнча сарпталат.
Жазылуу мөөнөтү тарифтик топтомдор менен бирдей.
Үйдөгүдөй роуминг:
Үйдөгүдөй роуминг СуперКүчү иштетилгенде, абоненттер үчүн Роуминг кызматы (негизги тарификация) автоматтык түрдө кошулат.
СуперКүч 10 мүнөт жана 1 ГБ ылдамдыкты чектөөсүз камсыз кылат.
Акысыз топтом аяктагандан кийин, эгер кызматтар роумингде андан ары пайдаланылса, анда суткасына 199 сомго чексиз интернет (1 Гб жогорку ылдамдыкта, андан кийин күндүн аягына чейин 128 Кб/с) жана 10 мүнөт берилет.
Роумингде 10 мүнөттүк жана 30 мүнөттүк чалуу топтомдору кабыл алуучу өлкөдө жана КРга Beeline KG тармагына чыгуучу чалуулар, ошондой эле, бардык кирүүчү чалуулар үчүн берилет.
Роуминг топтомдоруна кирбеген башка аракеттердин баары «Роуминг» кызматынын же башка активдүү роуминг кызматтарынын шарттарына ылайык жеткиликтүү болот.
СуперКүч Россия Beeline, Казакстан - Beeline; Өзбекстан - Unitel тармагын жана Түркия- бардык тармактарын тандоодо жарактуу.
Интернетте тегеректөө кадамы 100 Кб.
Чалууларды тегеректөө кадамы 1 мүнөт.
Иви онлайн кинотеатры:
Иви боюнча трафик тарифтин негизги топтомдоруна ылайык сарпталат.
Ивиге жазылууңузду Мой Beeline тиркемеси аркылуу активдештире аласыз.
Тариф боюнча абоненттик төлөм төлөнсө бир эле учурда бүт үй-бүлө Иви онлайн кинотеаторун көрө алат - өзүңүздүн аккаунтуңузга 5ке чейин түзмөктөрдү АКЫСЫЗ туташтыра аласыз.
Башка интернет-провайдерлердин жардамы менен Иви видеолорун көрүп жатканда, тарификация ушул провайдерлердин шарттарына ылайык жүргүзүлөт;
Иви жана Иви Kids тиркемелерди маркеттерден жүктөө үчүн, тарификация Абоненттин тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
СуперКүчтөр акциялык болуп саналат жана 16.10.2023-жылга чейин жарактуу, Оператор "Супер" тарифтик линиясынын учурдагы жана жаңы абоненттери үчүн СуперКүчтөр санын жана түрлөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
"Супер" тарифтик пландарында СуперКүчтөрдү акысыз берүү деген:
• «Супер» тарифтик планынын абоненти СуперКүчтөрдү оператор тарабынан белгиленген мөөнөтүнүн ичинде тандай алат.
• Тарифке ылайык абоненттик төлөм өз убагында төлөнгөндө СуперКүчтөр эч кандай кошумча төлөмсүз жеткиликтүү.
Тарифте суперкүчтөрдү кошуу боюнча толук нускама: bit.ly/m4nu3l.
Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?
Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg
Негизги пакет бүткөн учурда
Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Негизги топтом аяктагандан кийин интернетке үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» тарифтик пакети 20,30 же 40 сомго берилет.
Пакеттин мөөнөтү - 24 саат.
Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, Интернетке кирүү аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тарифке кийинки абоненттик төлөмдү алуу датасы келе элек болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.
Негизги интернет-топтом аяктаган соң, төмөнкү топтомдор жеткиликтүү болот:
∙ 1 Гб – 20 сом;
∙ 1,5 Гб – 30 сом;
∙ 2 Гб – 40 сом.
Бериле турган топтомдун көлөмү баланстагы жеткиликтүү суммага жараша болот. Тарифтин калган шарттары өзгөрүүсүз калмакчы.
Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго түйүндөн 5 мүнөттөн тышкаркы пакет жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 3 күн. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтомду кайра чыгарууга болот.
Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
"тармактан тышкары 5 мүнөт" жана "Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун чыгарууну өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.
Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.
«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.
Пакеттер түгөнүп калса
• Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
• Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.
Топтомдон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS - 1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар - 4,5 сом/мүн.;
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.
Чалууларды тарифтөө кадамы - 10 сек.
Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
Кошумча маалымат
Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.
Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.
Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).
«Включай Больше», «жаңы Включай больше», «Gold», «Безлимит Platinum», «Бирге безлимит», «Бирге безлимит Premium», «Безлимит», «Роутер на 30 дней», «Бонус к роутеру» тарифтеринен «Супер 640» тарифине өтүү – 60 сом.
Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.
Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.
Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү жана бардык СуперКүчтөр күйүп кетет.
Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.
Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.
P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.
"Супер" тарифтерине кошулуу акциялык болуп саналат жана 10.10.2023-жылга чейин созулат.