close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Архивдүү тариф

Супер 520

СуперКүчүңүздү тандап алыңыз!

Чексиз интернет

100 мүнөт КР башка моб. операторлоруна

Чексиз тармак ичинде чалуу жана SMS

8 ГБ тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга

+ 1 Суперкүчтү тандоо

Яндекс Плюс

жазылуусу
параметры

5 ГБ

параметры

20 мүнөт

КР башка моб. операторлоруна

10 мүнөт жана 1 ГБ

Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда

520 c / 4 жумага

Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Тарифке өтүү жеткиликтүү эмес.
Пакеттерди текшерүү командалары: *505#, *604#.

50 канал менен Укмуш ТV'ни Мой Beeline аркылуу активдештириңиз.

Тарифтеги СуперКүч

Закрыть Открыть

СуперКүч - бул жаңы "Супер" тарифтериндеги кызмат, ал үчүн кошумча төлөөнүн кереги жок!

Сиздин тарифиңизде төмөндөгүлөрдүн ичинен 1 СуперКүчтү тандай аласыз:
- «Яндекс.Плюс» жазылуусу (автоматтык түрдө кошулган)
- WhatsApp, Instagram, Telegram үчүн 5 ГБ
- Тармактан тышкары чалуулар үчүн кошумча 20 мүнөт;
- Үйдөгүдөй роуминг (Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда 10 мүнөт жана 1 ГБ)

СуперКүчтү Мой Beeline тиркемесинде гана өзгөртүүгө болот.

Тарифтик планды "Супер" линиясынан туташтырган учурдан тартып алгачкы 24 сааттын ичинде автоматтык түрдө кошулган СуперКүчтөрдү өзгөртө аласыз.

Эгерде СуперКүчтөрдүн алмашуусу бул мөөнөттөн кечиктирилсе, анда өзгөртүүлөр тарифке абоненттик төлөмдү кезектеги чегерүүдөн кийин же тарифтик топтомдор мөөнөтүнөн мурда жаңылангандан кийин киргизилет.

Яндекс плюс:
Яндекс плюс платформасындагы трафик сиздин тарифиңиздин негизги интернет топтому боюнча сарпталат.
Жазылуу мөөнөтү тарифтик топтомдор менен бирдей.

Үйдөгүдөй роуминг:
Үйдөгүдөй роуминг СуперКүчү иштетилгенде, абоненттер үчүн Роуминг кызматы (негизги тарификация) автоматтык түрдө кошулат.
Роуминг боюнча суперкүч менен Россия, Казакстан жана Өзбекстанда акысыз чалуулар жана интернет.
Сизге 1 Гб интернет, кабыл алуучу өлкө ичинде жана КРга Beeline номерлерине багытталган чыгуучу чалуулар жана бардык кирүүчү чалуулар үчүн 10 мүнөт жеткиликтүү.
Топтомдун калдыгын Mой Beeline тиркемесинде көрүү мүмкүн. 
Акысыз топтом аяктагандан кийин, суткасына 199 сомдук «Үйдөгүдөй роуминг» кызматынын шарттарына ылайык тарифтештирилет – 10 мүнөт жана чексиз интернет (1 Гб жогорку ылдамдыкта камсыздалат, андан кийин ылдамдык 128 Кб/с чейин болот).
Сиз сүйлөшкөндө же интернетти колдонгондо гана төлөйсүз. Топтомдун калдыгын текшерүү: *780*1#, Mой Beeline. 
Роумингдеги башка аракеттер «Роуминг» кызматынын же башка активдүү роуминг кызматтарынын (приоритеттүүлүгүнө жараша) шарттарына ылайык тарифтештирилет.
Кененирээк https://beeline.kg/ky/roaming.

СуперКүч Россия Beeline, Казакстан - Beeline; Өзбекстан - Unitel тармагын тандоодо жарактуу. 
Интернетте тегеректөө кадамы 100 Кб. 
Чалууларды тегеректөө кадамы 1 мүнөт.

Оператор "Супер" тарифтик линиясынын учурдагы жана жаңы абоненттери үчүн СуперКүчтөр санын жана түрлөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

"Супер" тарифтик пландарында СуперКүчтөрдү акысыз берүү деген:
• «Супер» тарифтик планынын абоненти СуперКүчтөрдү оператор тарабынан белгиленген мөөнөтүнүн ичинде тандай алат.
• Тарифке ылайык абоненттик төлөм өз убагында төлөнгөндө СуперКүчтөр эч кандай кошумча төлөмсүз жеткиликтүү.

Тарифте суперкүчтөрдү кошуу боюнча толук нускама: bit.ly/m4nu3l.

Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?

Закрыть Открыть

Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.

Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу аракети болгондо 10 сомго түйүндөн тышкаркы 5 мүнөт пакети жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 24 саат. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети болгон учурда, тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтом кайрадан берилиши мүмкүн. Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

"Тармактан тышкары 5 мүнөт" топтомун өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.

Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.

«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

Пакеттер түгөнүп калса

Закрыть Открыть

•   Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
•   Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана  Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.
Топтомдон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS - 1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар - 4,5 сом/мүн.; 
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.
Чалууларды тарифтөө кадамы - 10 сек.
Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.

Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).

«Включай Больше», «жаңы Включай больше», «Gold», «Безлимит Platinum», «Бирге безлимит», «Бирге безлимит Premium», «Безлимит», «Роутер на 30 дней», «Бонус к роутеру» тарифтеринен «Супер 520» тарифине өтүү – 60 сом.

Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.

Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.

Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү жана бардык СуперКүчтөр күйүп кетет.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.

Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.

Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.

Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.

Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт. Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

https://beeline.kg/ru/aidana