Архивдүү тариф

жаңы Включай интернет

45 Гб интернет

20 мүн КР башка мобилдик операторлоруна чалууларга

Чектөөсүз Beeline KG тармак ичинде чалуулар жана SMS

4 ГБ Wi-Fi таратууга

390 c / 4 жумага

Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Тарифке өтүү жеткиликтүү эмес.

Сайтта каттоодон бир жолу өтүп, тарифтерди бир басым менен кошсо болот.

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Же болбосо интернетке үзгүлтүксүз кирүүнү камсыз кылуу үчүн, негизги пакеттин трафиги түгөнгөндө 20 сомго “Интернет 1 Гб” пакети берилет. Эгерде тарифте тармактан тышкары мүнөттөр бүтүп калса, анда башка мобилдик тармакка чалуу учурунда сизге 10 сомго "башка моб.тармактарга 5 мин" топтому жеткиликтүү.
• Топтомдодун мөөнөтү 24 саат. Берилген учурдан тартып 24 сааттан кийин топтомдун колдонулбаган көлөмү күйүп кетет;
• Тарифтин абоненттик төлөмүнүн алынуучу күнү келе электе, топтомдор берилген учурдан тартып 24 саатка чейин бүткөндө же колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу топтомдор өчүрүлгөндө кийинки топтопдор берилиши мүмкүн.
1. «Интернет 1 Гб» интернетке кирүү аракети ийгиликсиз болгондо;
2. «башка моб.тармакка 5 мин» тармактан тышкары чалуу аракети болгондо.

Эгерде трафик түгөнүп калган учурда (тарифке же башка интернет пакеттерге ылайык) баланс 20 сомдон аз болсо, анда интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.
Эгерде мүнөттөр түгөнүп калган учурда (тариф боюнча же башка мүнөттөр топтому боюнча) баланс 10 сомдон аз болсо, анда тармактан тышкаркы чалуу үчүн тарифтик пландын шарттарына ылайык тарификацияланат.
«Интернет 1 ГБ» жана «башка моб.тармакка 5 мин» топтомдорунун берилүүсүн өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кеңсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл.
Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

Пакеттер түгөнүп калса

Закрыть Открыть

Эгерде баланста абоненттик төлөм алынуу үчүн акча каражат жетиштүү эмес болсо, анда баланстан күнүнө 40 сомго чейин алынып, Сизге күнүмдүк интернет, тармактын ичинде жана сырткары мүнөт/SMS пакеттери күнүнө берилип турат, эгерде баланста:
1. 40 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 40 сом алынып, күнүмдүк 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, ошондой эле тармактан сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS; 
2. 40 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакеттер берилет. 
Пропорционалдык пакеттердин чыгарылышын аныктоонун механикасы:
250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, тармактан сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS күнүнө 40 сомго берилет - бул 100%.
Мисалы, Сиздин балансыңызда 10 сом болсо, пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттерин кантип эсептесе болот:
2. 40 сом – 100%
10 сом – ?
10 сом * 100% / 40 сом = 25%
3. 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS – 100%
? мүн, ? SMS, ? МБ – 25%
250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS * 25% / 100% = 63 МБ, тармак ичинде 125 мүнөт жана 125 SMS, сырткары 1 мүнөт жана 3 SMS
Ошондо, 10 сом эсептен чыгарылып, Сизге пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттери берилет: 63 МБ, тармак ичинде 125 мүнөт жана 125 SMS, тармактан сырткары 1 мүнөт жана 3 SMS.

Кайрадан 4 жумалык төлөмгө кайрылуу үчүн балансты 440 сомдон жогору толуктоо зарыл.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кенсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл. Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү буйрутмасы *504*1#;
Күнүмдүк пакеттерди кошуу буйрутмасы *504*0#.

Пакеттер түгөнүп калса:
Beeline KG тармак ичинде чалуулар - 1.14 сом/мүн;
КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 4.50 сом/мүн;
КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн;
КР ичинде SMS - 1 сом;
КРнын орнотулган номерлеринен 07755 жана 07759 префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Кошумча интернет пакетти берүү боюнча жаңыланган шарт 31.01.2024-ж. чейин жеткиликтүү.
Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.

«жаңы Включай интернет» тарифинде Beeline bonus программасы кошулбайт жана «жаңы Включай интернет» тарифине алмаштырууда топтолгон упайлар күйүп кетет.

28 күнгө чексиз чалуулар жана SMS - бул 40320 мүнөт жана 6000 смс.

Башка тарифтерге өткөндө пакеттер күйүп кетет.

Beeline Бонус лоялдуулук программасы «жаңы Включай интернет» тарифинде да жеткиликтүү, башка тарифтик пландан «жаңы Включай интернет» тарифине өткөндө буга чейин топтолгон упайлар сакталат.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет. Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет. Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт. Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт. Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.

Баалар бардык салыктар менен эсептелген.

Пакеттерди текшерүү командалары *505#*604#.


P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

КРнын башка мобилдик операторлоруна чалуулар үчүн пакетти берүүнүн жаңыртылган шарты 2022-жылдын 10-ноябрына чейин жеткиликтүү.    

https://beeline.kg/ru/aidana