Архивдүү тариф

Бирге интернет үчүн

40 Гб интернет

20 мүн КР башка мобилдик операторлоруна

Чектөөсүз чалуулар жана SMS тармак ичинде

Акысыз трафик Instagram, WhatsApp, Telegram

6 ГБ Wi-Fi таратууга

440 c / 4 жумага

Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Тарифке өтүү жеткиликтүү эмес.

Эми интернет пакет түгөнүп калса жана кийинки төлөмдү күтүүнү каалабасаңыз, тарифти каалаган убакытта кайрадан кошууга мүмкүнчүлүк бар. Баланстан абоненттик төлөм алынып, тариф боюнча баардык пакеттер жаңыдан берилет. Тарифти кайрадан кошуу: *2200#.

Сайтта каттоодон бир жолу өтүп, тарифтерди бир басым менен кошсо болот.

Абоненттик төлөм алынбаса

Закрыть Открыть

Абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда:
- мобилдик интернетти колдонуу, чалууларды аткаруу жана SMS жөнөтүү мүмкүн болбойт;
- кирүүчү чалуулар, SMS жана USSD буйруктары, ошондой эле тез жардам номерлерине жана Beeline'дын байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот;
- эки күн бою 30 сомдук бир күндүк топтомду кошуп алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Тарифиңиздин абоненттик төлөмүн өз убагында төлөп, байланышта кала бериңиз. Ошондой эле, тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда «Мой Beeline» тиркемеси же *2200# буйругу аркылуу жаңыртуу мүмкүн.

Пакеттер түгөнүп калса

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Негизги топтом аяктагандан кийин интернетке үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» тарифтик пакети 20,30 же 40 сомго берилет.
Пакеттин мөөнөтү - 24 саат.
Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, Интернетке кирүү аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тарифке кийинки абоненттик төлөмдү алуу датасы келе элек болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.
Негизги интернет-топтом аяктаган соң, төмөнкү топтомдор жеткиликтүү болот:
∙ 1 Гб – 20 сом;
∙ 1,5 Гб – 30 сом;
∙ 2 Гб – 40 сом.
Бериле турган топтомдун көлөмү баланстагы жеткиликтүү суммага жараша болот. Тарифтин калган шарттары өзгөрүүсүз калмакчы.
Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго түйүндөн 5 мүнөттөн тышкаркы пакет жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 3 күн. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтомду кайра чыгарууга болот.
Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
"тармактан тышкары 5 мүнөт" жана «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун чыгарууну өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.
Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү буйрутмасы *504*1#;
Күнүмдүк пакеттерди кошуу буйрутмасы *504*0#.

Пакеттер түгөнүп калса:
Beeline KG тармак ичинде чалуулар - 1.14 сом/мүн;
КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 4.50  сом/мүн;
КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн;
КР ичинде SMS - 1 сом;
КРнын орнотулган номерлеринен 07755 жана 07759 префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Жаңы SIM-карталар үчүн "Бирге" линейкасынын ичинде тарифти биринчи жолу өзгөртүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).

"жаңы Включай больше", "жаңы Включай больше на месяц", "Gold", "Platinum", "Бирге безлимит жума", "Бирге безлимит" тарифтеринен " Бирге интернет үчүн" тарифине өтүү – 40 сом.

Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.

20 мүнөт КРнын башка мобилдик операторлоруна.

Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап – 28 күн.

Бул тарифте пакеттерден тышкары (тариф боюнча же башка кошумча интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Instagram, Telegram, WhatsApp тиркемелерине 1 ГБ көлөмүндөгү интернет пакет берилет.

Телеграм аркылуу болгон чалуулар тиркеме боюнча берилген трафиктен тышкары болот.

28 күнгө чексиз чалуулар жана SMS - бул 40320 мүнөт жана 6000 смс.

Башка тарифтерге өткөндө пакеттер күйүп кетет.

Beeline Бонус лоялдуулук программасы «Бирге интернет үчүн» тарифинде да жеткиликтүү, башка тарифтик пландан «Бирге интернет үчүн» тарифине өткөндө буга чейин топтолгон упайлар сакталат.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет. Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет. Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт. Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт. Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.

Интернеттин тегеректөө кадамы - 100 КБ.

Баалар бардык салыктар менен эсептелген.

Пакеттерди текшерүү командалары *505#*604#.

P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

https://beeline.kg/ru/aidana