close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Тариф

Безлимит+

Акысыз көрүңүз

Чексиз Интернет

Иви Онлайн кинотеатрына акысыз жазылуу

100 мүнөт Башка тармактарга

Чексиз Тармак ичинде чалуулар жана SMS

20 ГБ тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга

980 c / 4 жума

Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Пакеттерди текшерүү командалары *505#, *604#.
Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тарифти мөөнөтүнөн мурда “Мой Beeline” тиркемесинде же *2200# буйругу менен жаңыртсаңыз болот. Абоненттик төлөм алынат жана топтомдор калыбына келтирилет.
Балансыңызды толуктоодон мурун, абоненттик төлөм туура алынып, стандарттуу баа колдонулбашы үчүн мобилдик маалыматыңызды өчүрүүнү сунуштайбыз.

Эгер тариф боюнча тармактан тышкары мүнөттөр бүтсө, анда башка тармактарга чалуу учурунда сиз "Тармактан тышкары 5 мүнөт" пакетин 10 сомго аласыз. Эгерде баланста 10 сомдон аз болсо, анда башка тармактарга чалуулардын баасы 3 сом/мин түзөт.
• Топтомдордун иштөө мөөнөтү-24 саат. 24 саат өткөндөн кийин топтомдун калдыгы күйүп кетет;
• Эгерде топтомдор чегерилген учурдан тартып 24 саат бүткөнгө чейин бүтсө же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаса, сиз жогоруда көрсөтүлгөн топтомдорду кайрадан ала аласыз (Тармактан тышкары 5 мүнөт").

«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса

Закрыть Открыть

•   Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
•   Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана  Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.
Топтомдон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS - 1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар - 4,5 сом/мүн.; 
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.
Чалууларды тарифтөө кадамы - 10 сек.
Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.

Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).
«Безлимит Platinum» тарифтеринен «Безлимит+» тарифине өтүү – 60 сом.
Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.

Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.
Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү күйүп кетет.
Чексиз интернеттин колдонуу ыкмасы тармактын ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо болуп саналат.

Beeline Бонус лоялдуулук программасы «Безлимит+» тарифинде да жеткиликтүү, башка тарифтик пландан «Безлимит+» тарифине өткөндө буга чейин топтолгон упайлар сакталат.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт. Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.
P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

Бул тариф менен SIM-картаны смартфондордо гана колдонуу зарыл. Аны роутерлерде же модемдерде колдонууга тыюу салынат.

https://beeline.kg/ru/aidana