close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Архивдүү тариф

Бирге 2.0

Чексиз интернет

100 мүн башка тармактарга

Чектөөсүз тармак ичинде чалуулар жана SMS

8 ГБ Wi-Fi таратууга

+ 1 СуперКүч тандоо

Укмуш TV 130-канал

Яндекс Плюс жазылуусу

540 c / 4 жумага

Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Тарифке өтүү жеткиликтүү эмес.

Пакеттерди текшерүү командалары *505#*604#.

130 канал менен Укмуш ТV'ни Мой Beeline аркылуу активдештириңиз.

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.

Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу аракети болгондо 10 сомго түйүндөн тышкаркы 5 мүнөт пакети жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 24 саат. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети болгон учурда, тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтом кайрадан берилиши мүмкүн. Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

"Тармактан тышкары 5 мүнөт" топтомун өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.

Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.

«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

Пакеттер түгөнүп калса

Закрыть Открыть

•   Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
•   Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана  Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.
Топтомдон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS - 1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар - 4,5 сом/мүн.; 
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.
Чалууларды тарифтөө кадамы - 10 сек.
Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?

Закрыть Открыть

Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.

Бул тарифте пакеттерден тышкары (тариф боюнча же башка кошумча интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Иви тиркемесине 10 ГБ көлөмүндөгү интернет пакет берилет. Мой Beeline тиркемеси аркылуу Иви'ге жазылуу мумкун.
Тариф боюнча абоненттик төлөм төлөнсө бир эле учурда бүт үй-бүлө Иви онлайн кинотеаторун көрө алат - өзүңүздүн аккаунтуңузга 5ке чейин түзмөктөрдү АКЫСЫЗ туташтыра аласыз.

Башка интернет-провайдерлердин жардамы менен Иви видеолорун көрүп жатканда, тарификация ушул провайдерлердин шарттарына ылайык жүргүзүлөт;
Иви жана Иви Kids тиркемелерди маркеттерден жүктөө үчүн, тарификация Абоненттин тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

Эгер Сиз тарифиңиздеги Иви жазылуусун камтыган топтомду 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, анда кызмат өчүрүлөт.
Бирок аны «Мой Beeline» тиркемесинин башкы бетиндеги «Тарифим» бөлүмү аркылуу кайра активдештирүү мүмкүн.

28 күнгө чексиз чалуулар жана SMS - бул 40320 мүнөт жана 6000 смс. 
Башка тарифтерге өткөндө пакеттер күйүп кетет.

Beeline Бонус лоялдуулук программасы «Бирге для интернета + Иви» тарифинде да жеткиликтүү, башка тарифтик пландан «Бирге для интернета + Иви» тарифине өткөндө буга чейин топтолгон упайлар сакталат.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.
Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.
Баалар бардык салыктар менен эсептелген.
P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

https://beeline.kg/ru/aidana