Буга чейин Россияда айрым роуминг кызматтарын колдонууга 24 сааттык убактылуу чектөөлөр киргизилген. Ыңгайсыздыкты азайтуу үчүн, 2025-жылдын декабрынан баштап, Россиянын эң ири мобилдик операторлору CAPTCHA тести аркылуу мөөнөтүнөн мурда бөгөттөн чыгаруу ыкмасын киргизишкен.
Бул оңой: абонент роуминг үчүн жеткиликтүү болгон россиялык оператордун тармагына катталган соң, ага SMS аркылуу тесттин шилтемеси келет. Андан кийин, төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1. телефонуңузда «Мобилдик интернет» функциясын иштетиңиз;
2. SMS'теги шилтемени басып, татаал эмес CAPTCHA тестинен өтүңүз;
3. тесттен ийгиликтүү өткөн соң, телефонуңузду өчүрүп-күйгүзүңүз.
Бир-эки мүнөттөн кийин блок алынып, абонент роумингде мобилдик интернет жана SMS кызматтарын чектөөсүз колдоно алат.