close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

15-августка чейин телефонуңуздун IMEI коддорун каттатууга үлгүрүңүз

15-августка чейин телефонуңуздун IMEI коддорун каттатууга үлгүрүңүз

Урматтуу абоненттер, 2024-жылдын 15-августуна чейин уюлдук телефондордун IMEI коддорун Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (ИМТ) каттоонун мөөнөтүн узартуу жарыяланганын билдиребиз. Телефонуңуз ИМТда өз убагында катталбаса, телефонуңуздун мобилдик тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелет.

Эгерде сиз Кыргызстанда катталбаган телефонду сатып алган болсоңуз, тез арада сатып алган жериңиге кайрылып, 2024-жылдын 15-августуна чейин сатуучудан www.imei.kg/stockreg шилтемеси аркылуу аны каттоону сураныңыз.

Эгерде сиз IMEI кодун бир гана (негизги) слотко каттаган болсоңуз, экинчи слот жана eSIM үчүн кошумча IMEI коддорун катташыңыз керек. Ал үчүн support@imei.kg электрондук дарегине төмөнкү маалыматтар менен кат жөнөтүңүз:

1. Телефонуңуздун бардык IMEI коддору (ар бир IMEI 15 сандан турат).
2. IMEI коддору менен телефондун экранынын скриншоту (*#06# териңиз жана экранды сүрөткө тартыңыз).

ИМТда түзмөктөрдү каттоо – импорттоочулардын милдеттүү шарты жана буга чейин катталган телефондор сатыкка чыгышы керек. Жаңы телефондорду сатып алууда этият болуңуз жана алардын катталуу статусун төмөнкү жолдордун бири менен текшериңиз:   

- «Мой Beeline» тиркемесинде («Дагы» өтмөгүнө өтүп, «IMEI-кодду текшерүү» дегенди тандаңыз,     
- Beeline’дын сайтында,
- www.imei.kg сайтында,   
- *5656# буйругу боюнча.

IMEI коддорун телефондун кутучасынан, анын корпусунан же алынуучу батареянын чаптамасынан тапса болот, же *#06# буйругу менен текшерүүгө болот.

https://beeline.kg/ru/aidana