2026-жылдын 9-мартынан баштап, Beeline'дын расмий сайты аркылуу SIM-карта жеткирүүгө буйрутма берүү мүмкүн болбой калат.
SIM-картаны үйгө жеткирүүнүн ордуна, биз алыстан оңой кошулуу ыкмасын сунуштайбыз. Мой Beeline тиркемеси аркылуу eSIM'ди онлайн кошуп алыңыз – кеңсеге баруунун же курьерди күтүүнүн кажети жок. Бул бир нече мүнөт гана талап кылат, жана Сиз байланыш кызматтарын дароо колдоно баштайсыз.
Биз кызматтарыбызды абоненттер үчүн ыңгайлуу, заманбап жана пайдалуу кылуу максатында эмгектенүүнү уланта бермекчибиз. Биз менен болгонуңуз үчүн рахмат!