close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Бир орунда турбагандар үчүн байланыш: Beeline популярдуу жерлерде тармакты күчөтүүдө

Бир орунда турбагандар үчүн байланыш: Beeline популярдуу жерлерде тармакты күчөтүүдө

Бишкектин жандуу борбору, шаар четиндеги трасса жана Семенов капчыгайынын ортосунда эмне окшоштук бар? Бул тез интернетти жана туруктуу байланышты камсыздап турган Beeline'дын жаңы базалык станциялары. Улуттук мобилдик оператор — мегаполистен жайлоого чейин тармакты өнүктүрүүнү улантууда. 

Борбор шаарыбыз абдан тез ыргакта жашайт. Кофе үчүн төлөмдү которуу, тиркеме аркылуу такси чакыруу, жумушчу чатта жооп берүү. Кулакчында музыка, лентада күлкүлүү видео — аны досуңа жөнөтүү керек. Жана сөзсүз түрдө жакындарыңарга телефон чалып, иштери кандай экенин билүү зарыл. Ал эми дем алыш күндөрү — шаардан сырткары саякат: керектүү жерге чейин навигатор, жолдогу стористер, тоолордун фонунда сүрөт жана билдирүү: «Биз жеттик». 

Ар кандай маршруттар, ар кандай ыргак жана бир муктаждык: байланыш биз кыймылда жүргөндө жайлабашы керек. Ошондуктан Beeline тармактын сапатын тынымсыз жакшыртып турат, айрыкча активдүү трафик жана тез мобилдик интернетке болгон суроо-талап өскөн жерлерде тынымсыз ищ жүргүзүүдө. 

Май айында Beeline'дын жаңы базалык станциялары Бишкектин борборунда, анын ичинде Old Bishkek жер астындагы комплексинде жана Жибек Жолу проспектисиндеги кыймылдуу тилкеде пайда болду. Beeline борбордон тышкары: Садовое жана Новопокровка айылдарында дагы камтууну күчөттү. 

Ошондой эле компания Ысык-Көлдө тармакты активдүү өнүктүрүүдө. Көлгө баруучу жолдо жана жээкте 40ка жакын жаңы объект ишке киргизилди жана алардын саны өсүүдө. Бул айда Beeline'дын базалык станциялары Семенов капчыгайы (Кырчын), Өрнөк, Чок-Тал, Кожояр жана Фрунзе айылдары сыяктуу популярдуу туристтик жайларда орнотулду. 

Beeline тармакты ал маанилүү болгон жерде өнүктүрүүнү улантууда. Чоң шаарларда — байланыш заманбап талаптарга жооп бериши үчүн. Туристтик жана курорттук зоналарда — ыңгайлуу эс алуу үчүн. Айылдарда жана өлкөнүн алыскы жерлеринде — санариптик мүмкүнчүлүктөр ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу үчүн. Beeline менен сиз ар дайым байланыштасыз.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

https://beeline.kg/ru/aidana