close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

«Бул үй-бүлө»! Чексиз интернетти сунуштаган үй-бүлөлүк тарифти тартуулайбыз

«Бул үй-бүлө»! Чексиз интернетти сунуштаган үй-бүлөлүк тарифти тартуулайбыз

Жалпы үй-бүлө үчүн эң ылайыктуу тарифти тандоо? Бир эле учурда баарынын байланышы үчүн төлөп, убакытты жана үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө? Чексиз мобилдик интернет аркылуу бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу? Beeline менен мунун баары мүмкүн! Жаңы «Бул үй-бүлө» тарифи баарлашуу, кам көрүү жана чогуу эс алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Үй-бүлө – бирөө төлөйт, баары ыраазы!

Жакындар менен байланышта болуу канчалык маанилүү экенин түшүнүү менен, Beeline Сиз үчүн уникалдуу жана пайдалуу сунуш даярдады. «Бул үй-бүлө» тарифине супербаада кошулууга шашылыңыз – үч SIM-карта үчүн болгону 790 сом/30 күн. Көбүрөөк үй-бүлө мүчөлөрүн кошуу керекпи? Опоңой! Ар бири үчүн кошумча 250 сомдон төлөп, төртүнчү, бешинчи, атүгүл алтынчы SIM-картаны да кошо аласыз. Ошентип, алты адам бир жалпы тарифти колдоно алышат, ал эми абоненттик төлөмдү негизги SIM-карта гана төлөйт.

Тарифти кошуу
1. *222*1# териңиз. Сиздин номериңиз негизги SIM-картага айланып, Сиз жакын-туугандарыңыздын номерлерин тарифтик топко кошо аласыз (6 SIM-картага чейин, Сиздики менен кошо).
2. *222*01*абоненттин номери# буйругун териңиз (номерди 0сүз жана 996сыз форматта териңиз).
3. Абонент алган билдирүүгө жооп катары «1» номерин жөнөтүп, өз мүчөлүгүн ырастоого тийиш.
4. Тарифтик топко кошкуңуз келген калган SIM-карталар үчүн 2- жана 3-кадамдарды кайталаңыз.
5. Баары чогулду! Негизги SIM-карта каалаган убакта тарифти оңой башкара алат.

Үй-бүлө – кайра-кайра бөлүшкүңүз келген көз ирмемдер.

Эми трафик жөнүндө кабатыр болуунун кереги жок – «Бул үй-бүлө» тарифи менен ар бир SIM-карта чексиз интернетке ээ болот! Сүрөттөр менен бөлүшүңүз, видеочалууларды аткарыңыз, файлдарды жүктөп алыңыз, сүйүктүү кызматтарыңыздан пайдаланыңыз жана ар дайым онлайн болуңуз. Ал эми байланышты чындап эле чексиз кылуу үчүн, ар бир SIM-картага тармак ичинде акысыз чалуулар жана Кыргызстандагы башка операторлордун номерлерине чалуу үчүн 20 мүнөт берилет.

Үй-бүлө – бул жакындарга кам көрүү.

Бир сырды ачалы: жакында «Бул үй-бүлө» тарифинин колдонуучулары Beeline’дан жаңы жылдык белек алышат. Негизги SIM-карта акысыз бонус кошо алат. Аны үй-бүлөнүн муктаждыктарына жараша тандоо жана өзгөртүү мүмкүн болот. Бул бонустар эс алуу, көңүл ачуу жана ден соолук үчүн пайдалуу үй-бүлөлүк кызматтар болот.

Үй-бүлө – баарыбызды бириктирген нерсе.

Жакын-туугандарыбыздын кызыкчылыктары канчалык айырмаланбаса да, бизди көп нерсе бириктип турат. Ар-кандай муктаждыктарга жооп берген «Бул үй-бүлө» тарифи жүрөктөрдү бириктирип, ар бир күндү жаркыныраак кылуу максатында иштелип чыккан. Жакын-туугандарыңызга кубаныч тартуулап, бири-бириңиздерди колдоп, ар дайыма байланышта кала бериңиздер.

Бул мүмкүн! Бул Beeline!

https://beeline.kg/ru/aidana