close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Бишкектеги Beeline Кинокечесине келиңиз!

Бишкектеги Beeline Кинокечесине келиңиз!

Бул иш-чараны өткөрүп жибербөө керек! Ушул ишембиде, 5-октябрда Бишкекте Beeline Кинокечеси. Уюлдук оператор борбор калаанын тургундарын жана конокторун кино, музыка жана сюрприздердин атмосферасында сонун убакыт өткөрүүгө чакырат.

Beeline Кинокечеси «Ынтымак-2» сейилбагынын амфитеатрында саат 18:00 башталат. Бардык каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Сизди төмөндөгүдөй программа күтөт:

•    Режиссер Максат Жумаевдин, «Чебер Production» студиясынын жана «Этномедиа» онлайн кинотеатрынын колдоосу менен уюштурулган «Жаным» тасмасынын көрсөтүлүшү; 
•    Сиздер үчүн тасманын саундтректерин жана башка хиттерди аткара турган атайын конок AIHAN; 
•    Кызыктуу интерактивдер жана байгелер менен сынактар; 
•    Ыңгайлуу атмосфера жана ысык чай.

Досторуңуз жана жакындарыңыз менен чогуу келип, шаңдуу эс алып кетиңиз! Beeline Кинокечеси кызыктуу жана унутулгус болот.
 

https://beeline.kg/ru/aidana