close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

«Дарыгер Online» кызматы менен каалаган убакта медициналык консультация алыңыз

«Дарыгер Online» кызматы менен каалаган убакта медициналык консультация алыңыз

Үйдөн чыкпастан, ден соолугуңузга кам көрүү? Beeline менен бул мүмкүн! Жаңы «Дарыгер Online» кызматын кошуп алып, Москва менен Бишкектин алдыңкы медициналык адистери менен дайыма байланышта болуңуз.

Эми, тез арада дарыгердин консультациясы керек болгон учурда, клиникага барып, кезекте күтүүнүн кереги жок. «Дарыгер Online» менен Сиз каалаган убакта жана каалаган жерде Бишкектин жана Москванын дарыгерлерине кайрыла аласыз. Ошол эле учурда, чексиз консультацияларды сунуштаган кызматка кошулуу 1 жолу дарыгерге баруудан арзаныраак болот.

Кызматты кантип колдонуу керек?

1. «Мой Beeline KG» мобилдик тиркемесинде «Дарыгер Online» кызматын кошуңуз.
2. App Store же Google Play'ден Dariger Online тиркемесин жүктөп алып, ага кириңиз.
3. Керектүү дарыгерди тандап, өзүңүзгө ыңгайлуу убакытка жазылыңыз.

Алгачкы 7 күн бою Сиз кызматты акысыз колдоно аласыз. Бир апталык жазылуу — 60 сом. Айлык жазылууга августтун аягына чейин арзандатуу бар — 210 сом/30 күн. Ал эми 1-сентябрдан тарта — 300 сом/30 күн.

Кызматка эмнелер кирет?

•    Бишкек жана Москвадагы клиникалардын тажрыйбалуу дарыгерлеринин күнү-түнү колдоосу.
•    Тар адистердин консультацияларына жазылуу.
•    Терапевттин 24/7 ыкчам жардамы (нөөмөттөгү дарыгер бейтап менен беш мүнөттүн ичинде байланышат).
•    Ыңгайлуу консультациялоо форматы (чат, аудио же видео).

Өз кесибин иштеген дарыгерлер ден соолуктун абалы, оорулардын алдын алуу, анализдерди чечмелөө жана диагноз боюнча «экинчи пикирди» берүү сыяктуу маселелер боюнча алгачкы консультация беришет. Тар адистерден да консультация алуу мүмкүн.

Beeline жана «Дарыгер Online» менен сапаттуу медициналык жардам ар дайым жеткиликтүү!

https://beeline.kg/ru/aidana